Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

“Азаттыкты” эңсегендер


Бүгүн Бишкекте “Азаттыктын” угармандары наарызылык акция өткөрүштү. Элүүгө чукул адам Максим Горькийдин эстелигинин жанындагы аянтка чогулуп, үналгынын Улуттук канал аркылуу элге жеткирилишин бийликтен талап кылышты.

Аянтка чогулгандар “Азаттык” үналгысын кайра мурункудай уктурулушун талап кылган, сөз эркиндигин кыспоого үндөгөн жазууларды кармап турушту.

Сокулуктан келген Жамалбек Келдибеков ушул жерден жазган ырын окуп берди.

Чогулгандарга “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, саясатчылар Болот Шерниязов, Дүйшөнкул Чотонов жана укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Динара Ошурахунова келишти.

Болот Шерниязов бийлик чындыктан коркуп “Азаттыкты” уктурбай жатат, деген оюн айтты:

- Кыргызда “итке темирдин кереги не”, деп коюшат. Ошондуктан бүгүнкү бийликке “Азаттыктын” да кереги жок. Таракандар жарыктан кандай корксо, бүгүнкү бийлик чындыктан ошондой коркот. Ал эми чындыктын тирөөчү – “Азаттык”.

Мындан бир айча мурда “Азаттыктын” угармандар кыймылы түзүлгөн. Өндүрүш Токтоназаров ушул кыймылдын лидери. Токтоназаров үналгынын уктурулушун талап кылууну улантаарын айтып, талаптары аткарылбаса Улуттар уюмунун үйүнүн алдына ачкачылык жарыялоого даярдыгын билдирди:

- Элдин сүймөнчүгүнө айланган “Азаттык” радиосун УТРКнын, биринчи каналдын жыштыгы аркылуу мурдагыдай эле берсин. 2008-жылдын 9-октябрына чейин эч кандай проблема жок эле “Азаттыкты” эртең менен тосуп, кечинде “Азаттык” мен жатчубуз. “Азаттык” биз үчүн гимн болуп калган.

Бул пикетке Турдукан аттуу пенсионер Чүйдүн Беш-Күңгөй айлынан келген:

- Акыйкат, калыс, сылык, эч кимге тартпай кабар тараткан жалгыз берүү - “Азаттык”, деп эсептейм. Мына борбордогулар, шаардын четиндегилер кичине болсо да кабардар болушат экен, ал эми айылдагылар “Азаттык” эле эмес, дегеле Кыргызстанды, Улуттук каналды угушпайт. Себеби эки мин сомдук антенаны алып алышкан. Биякта Кыргызстан көчүп кетип атса да билбейт. Тээ Миң-Куштун Кызыл-Сөөк деген айлында балдарым бар, ошол жакта бир үйдө да кыргыз канал тартпайт.

Пикетке чыккандар арасында жаш активист Тимур бул жерге маалымат алуу укугун коргоп келгенин айтты:

- Кыргызстанда адам укугу сакталып, демократия толугу менен орношу үчүн албетте маалымат керек. Маалымат ар тараптуу, альтернативдүү бейтарап болушу керек. Кыргызстанда плюрализм орношу керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Кыргызстан элине ар тараптуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Ар бир жаран маалымат алуу укугун коргошу керек.

Улуттук телеканал былтыр октябрдан тарта “Азаттыктын” үналгы жана теле берүүлөрүн обого чыгарууну бир тараптуу токтоткон. Декабрь айынан гана баштап УТРК жетекчилиги бул кадамынын себеби тууралуу расмий түшүндүрмөсүн айткан жана "Азаттыкты" оппозицияга көбүрөөк ыктады деп сынга алган. Берүүлөрдүн ички мазмунуна кийлигишүү ниетин билдиришкен.

Ошондон тарта “Азаттык” үналгысы кыска толкун аркылуу, "Алмаз", "Мост", "LW" жана учурда техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу кызматташуу токтоп турган "Салам" радиолору, сателлит (HotBird-8, AsiaSat), интернет аркылуу уктуруп келген. 1-майдан тарта Бишкекте “Окей”К, Таласта “Next FM”, Кызыл-Кыяда “Рояль”, Ошто “Алмаз-Ош” аркылуу да обого чыга баштады.

"Азаттыктын" угармандары пикетке чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

XS
SM
MD
LG