Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Астанада Сирия боюнча тынчтык конференциясы башталууда


Сирия. Алеппо шаары. 19.01.2017
Сирия. Алеппо шаары. 19.01.2017

Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Сирия боюнча сүйлөшүү өтөт. Орусия, Түркия жана Ирандын делегациялары тынчтык конференциясынын алдында ыктымал кол коюлчу документтерди иштеп чыгуу үчүн жолугушуу өткөрдү.

Сирия президенти Башар Асад жана бул өлкөдөгү оппозициялык топтор ортосундагы ок атышууну токтотууга салым кошууну көздөгөн сүйлөшүүгө АКШдан Казакстандагы элчи Жорж Крол катышат.

Сирия оппозициясы 50 чакты адамдан турган делегациясын жиберерин билдирген. "Интерфакс" кабар агенттиги оппозициядагы булактарга таянып маалымдагандай, алар Сирия өкмөттүк делегациясында мурда макулдашылгандай аскерий адамдар эмес, саясатчылар үстөмдүк кылганына нааразы болууда.

XS
SM
MD
LG