Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

“Азаттыкты” коргоо кыймылы акция өткөрдү


Темир жол башкармалыгынын сейил багында уюштурулган иш-чарада “Азаттык” үналгысын УТРК аркылуу уктуруу жана өлкөдөгү саясий куугунтукту токтотуу талабы коюлду.

Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун билдиришинче, митингдерди өткөрүү үчүн мэрия берген жер өтө ыңгайсыз болгондуктан, көпчүлүк каалоочулар акцияга катыша албай калышты.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтоназаровдун билдиришинче, 9-ноябрдагы акция толук максатына жете албай калды. Ага акцияны өткөрүүгө мэрия тарабынан бөлүнгөн жердин ыңгайсыздыгы тоскоолдук кылды. Мэриянын 24-июлда кабыл алынган токтомуна ылайык, тынч акцияларды өткөрүү үчүн темир жолчулар сейил багынан атайы орун бөлүнгөн.

"Арыз-муңду ким угат? Аттарбы?!"

Өндүрүш Токтоназаровдун айтымында, 9-ноябрда бул жерде милиция кызматкерлеринен башка алардын талабын уккан киши болгон жок:

- Мэриянын мындай чечими Конституцияга туура келбейт. Конституция боюнча мен өзүмдүн укугумдан пайдаланып, каалаган жерге чыгып, тынч жыйын, акцияларды өткөрө алмакмын. Конституцияда бул жөнүндө бадырайта жазылып турат. Бул жерде маңдайыбызда ипподром бар экен. Мен ипподромго, эмне, аттарга келдимби? Аттарга арыз-муңумду айтайынбы? Же акцияны бул жерге өткөргүдөй темир жолчулардын мага эмне тиешеси бар? Мен алардын укугун коргоп чыктымбы? Менин маселем “Азаттыкты” эфир толкунунда эркин чыгаруу жана саясий куугунтуктарды токтотуу. Балыкчы окуясындагы күнөөсү жок 19 адамды бошотуу керек. Алар өздөрүнүн добуштарын коргогон ак адамдар.

Акцияга дүйшөмбү күнү өз каалоолору менен Сокулук районунан келген 6 киши катышты. Укук коргоочунун айтымында, көпчүлүк каалоочулар акция өтчү жайды таба албай убара тартышкан. Сокулук районунан келе жаткан 20дай киши темир жол сейил багын таап келгиче 3 саатка белгиленген акциянын убактысы бүтүп калган:

- Мага телефон чалып, колдоо көрсөтөбүз дегендер көп болчу. Келебиз дегендер да көп болчу. Аларга акция өтчү жайдын ыңгайсыз жерге бөлүнүп калышы жана аба ырайы жолтоо болду. Азыркыга чейин “кайсы жерге келели” деп чалып жатышат. Бирок белгиленген убакыт бүтуп калгандан кийин тараганга аргасыз болдук.

Ыңгайсыз жер. Тынчтыкты каалаган шаардыктар

Мэриянын маалымат катчысы Ирина Козлинская тынчтык митиндерин өткөрүү жайын М.Горький атындагы сейил багынан темир жолчулар сейил багына которулушунун жүйөлүү себептери бар экендигин белгилейт. Бул токтом шаар тургундарынын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарт түзүүгө жана эс алуучу жайларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу кабыл алынган. Ошондой эле ал акыркы мезгилдеги шаар тургундарынан түшкөн арыз-даттануулар да эске алынгандыгын белгиледи:

- Бул шаардын борбору болуп саналат. Ошондуктан тынч митингдер болсо деле элге ыңгайсыз абал жаратат. Мисалы, музыканын үнү катуу чыгат, эл көп санда чогулат. Тургундар өз коопсуздугун да ойлоп кайрылган учурлар болгон. Элдин эс алуусуна терс таасирин тийгизген жагдайлар боюнча да кайрылышат. Эгер укук коргоочулар токтомду Конституцияга каршы келет деп эсептешсе, анда алар сотко кайрылып, бул маселени сот процессинде чечип алса болот.

Токтомдо атайын бөлүнгөн жерде эл чогулган иш-чараларды Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүсүз эле өткөрө берсе боло тургандыгы белгиленген.

9-ноябрда акция башталган учурда Ленин РИИБнүн башкы инспектору Турар Базаралиев акция өтүп жаткан жерге келип, иш-чара өткөрүүгө уруксаты бар жогун жана андагы чакырыктар жазылган кагаздарды текшерип кетти:

- Мэриядан уруксаты бар экен. Тынч митинг экен. Өкмөткө байланыштуу, саясий эч нерсеси жок экен. “Азаттык” радиосу жөнүндө турбайбы.

"Жөн эле... Жолдо өтүп баратып эле..."

Өндүрүш Токтоназаровго акцияга чейин эле телефон чалуулар болуп, өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар “акция туурасында тууганча сүйлөшөбүз” деп жолугууга чакырган. Бүгүн ал акция кызыгып, сүрөткө тартып, милиция кызматкерлери менен бирге жүргөн жарандарды УКМКнын кызматкерлери болушу мүмкүн деп шектенип жаткандыгын белгиледи. Биз аларга кайрылганда алар өздөрүн жөн гана көчөдө өтүп бараткан жарандар катары тааныштырышты:

- Атым Нурбек. Биз жөн эле жолдо өтүп баратып, кайрылып калдык. Көрдүк, оюбуз жакшы эле. Башка эмне ой болмок эле? “Азаттык” радиосу чыга берсин да. Башка ой жок.

Укук коргоочу буга чейин ушундай эле талаптар менен 6 жолу акция уюштурган. Бирок бир да жолу ага бийлик тараптан жооп болгон эмес. Эмки мындай иш-чараны укук коргоочу УТРКнын алдында өткөрүү максатын көздөп жатат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG