Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүндө сөз эркиндигинин абалы талкууланды.


Султан Жумагулов,
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Катчылыгынын
эксперттик аналитикалык
камсыздоо кызматынын
жетекчиси





Марат Токоев,
“Журналисттер”
коомдук
бирикмесинин
жетекчиси





«Азаттык»:
- "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан быйыл сөз эркиндигинин абалы боюнча, дегеле ММКнын абалы боюнча, 125-орунда экен. Башкача айтканда, былтыркыга салыштырмалуу он тепкичке төмөн түшүп, абал начарлады дейт. Эмне себептен ушундай акыбал болуп атат? Марат мырза, мисалы ушул маалыматка ишенүүгө болобу?

М.Токоев: - Жөнөкөй эле салыштыруу иретинде алып келсек азыркы учурдагы абал менен мурдагы жылдагыдай эмес. Чынын айтканда, азыркы абал журналисттер үчүн оорураак экенин байкасак болот. Эмне үчүн дегенде журналисттерди сабап кетүү өсүп атат, болгондо дагы катуу сабап атышат, журналисттерге ооруканага жатууга туура келип атат. Ошол эле учурда биздин бир топ журналисттер чет мамлекетке баш калкалап кетип калышты. Мурдагы эле фактор уланып атат, мисалы, соттук иштер аркылуу гезиттер чоң миллиондогон сомдук айып тартып, жабылып атат. Менимче, ушунун баары эле абалды көрсөтүп турат.

«Азаттык»: - Султан мырза, сиздин пикириңизде кыргыз басма сөзүндө акыбал кандай? Мына өзүңүз Би-Би-Си кызматында иштедиңиз, чоң журналистсиз дегендей?

С. Жумагулов: - Биз байкагандан бүт эле постсоветтик өлкөлөрдө маалымат каражаттарынын акыбалы начарлап кетти. Аларга мамлекет, коомчулук тарабынан жасалган мамилени мындан беш-он жыл мурдагыга салыштыруу мүмкүн эмес. Ошол эле баалоо деңгээлин, же рейтингди алып карап көрсөк, жыл сайын ар бир өлкөдө акыбал начарлап баратат.

Мен мунун тегерегинде көп эле ойлонуп көрдүм. Мунун эки себеби бар. Менин жеке көз карашым, чын эле мамлекет тарабынан журналисттерге мамиле бир аз татаалдашып кеткендей туюлат. Муну мойнубузга алышыбыз керек. Бирок экинчи жагынан журналисттер өзү да кесиптик этика деп коебуз, же мыйзамды сактоо жагынан көп алешемдиктерди кетирип атканы да байкалып атат.

Чындыкты моюнга алышыбыз керек. Марат мырза деле танбаса керек. Медиа өкүлчүлүктүн иликтөөлөрү боюнча 80 пайыздын тегерегинде журналисттер утулуп калып атканы - журналисттер өздөрү чалынып калып атканы да. Анан кийин азыр адамдар, чиновниктер акылдуу болуп калышпадыбы, кайсы жерден кармашты билет.

Демек, коом жана журналисттер үчүн дагы кичине жаңыча мыйзамдын тили менен иштей турган заман келип калды окшойт, сапаттык өзгөрүүлөр талап кылынып турган кез окшойт. Анан ушуну мамлекет сөз жок, биринчи кезекте журналисттик жамаат өзүбүз дагы жалпылап ой жүгүртүшүбүз керек, биз кайсы босогого келип калдык, кайсы тарапты көздөй кетишибиз керек мындан ары деп. Менин жеке оюм ушундай.

«Азаттык»: - Марат мырза, азыр бир маселе айтылды - журналисттердин өзүнүн ички маданияты, билими, тажрыйбасы, маалыматтарды берүү чеберчилиги жагынан кемчиликтери бар деп. Бул бир маселе. Экинчи жагынан алганда бизде мыйзам өзү журналисттерге катаалбы же андай деле эмеспи?

М.Токоев: - Журналисттер үчүн эң жакшы мыйзамдар бар бизде. КМШ чөлкөмүндөгү эң жакшы мыйзамдар бизде болуш керек. Ошол эле ЖМК тууралуу мыйзамыбыз, ошондой эле журналисттердин ишмердүүлүгүнүн гарантиясы боюнча. Бир гана маселе ошол мыйзамдардын аткарылбагандыгында болуп атат.

Султан байке менен мен макулмун, чынын айткандай журналисттер өзүлөрү көп учурда туура эмес кылып койгон жерлер болуп атат. Өзүлөрү укуктарын начар билишет, биринчиден. Экинчиден, милдеттерин да өтө начар билишет. Бирок жалаң эле журналисттерди күнөөлөй берүүнүн кереги жок. Себеби журналисттер азыр ошол гезиттин ээсинин куралы, эмне десе ошону жазат.

Андай мыйзам чегиндеби, мыйзам чегинде эмеспи, ал тууралуу ойлонгон журналистте мүмкүнчүлүк жок. Муну жаманда десе, ошону жамандайт, тигини жаз десе ошону жазат. Эгерде ошол ЖМКнын өнүгүүсү боюнча жаңылануу жолу болсо, Батыш өлкөлөрүндөгүдөй контракттык негизде, редакция менен журналисттин ортосундагы кандайдыр бир келишимдердин негизинде жүргүзүлө турган болсо, ошондой эле гезиттин ээлери гезиттердин, ЖМКлардын саясатына көп кийлигише албагандай чектөөлөр коюла турган болсо, анда мен ойлойм, бизде объективдүү ЖМКлар пайда боло баштайт эле деп. Тилекке каршы, бизде андай жок. Буга дагы бир себеп, бизде ЖМКлар каржы, экономикалык жагынан өтө начар абалда. Экономикалык, финансылык көз карандысыздык болбосо, анда маалыматтык көз карандысыздык тууралуу сөз кылууга мүмкүн эмес.

«Азаттык»: - Султан мырза, акыркы 15-20 жылдык тарыхыбызды алсак, ММКлар азыр өкмөт менен, бийлик менен иштешкен массалык маалымат каражаттары, андан тышкары эркин деп айтылган ММКлар калыптанып калды. Соңку убакта президенттин алдына мурда өкмөткө баш ийип келген үч гезит: “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана”, “Эркин тоо”, андан тышкары биздин Улуттук биринчи каналыбыз президентке түздөн түз баш ийип атат. Балким ушундай мамиле Марат мырза айткан нерсени тереңдетип аткан жокпу?

С. Жумагулов: - Биринчиден, сиз атаган үч маалымат каражаттары негизинен Президенттин катчылыгынын көзөмөлүнө өттү. Аны кандай деп айтсам болот, азыр жаңылануу реформасы жарыяланбадыбы, жаңыланалы деп, бул процесс маалымат каражаттарында да жүрүш керек. Ал маалымат каражаттарын өкмөт, президент, катчылык да жакшы түшүнөт, бул гезиттерди эч ким окубай калды, бул гезиттерди мындай чыгарууга мүмкүн эмес. Кийими дагы, мазмуну дагы эскиче, 70-80-90-жылдарда калып калды, деген түшүнүк бар. Бул өтө маанилүү жагдай.

Катчылыкта да талкуулар болот. Эмне себептен биз коррупциялык көрүнүштөрдү бере албайбыз, эмне себептен жакшы жандуу дискуссияларды, талаш-тартыштарды уюштура албайбыз, эмнеге оппозициялык гезиттерде берип аткан окуяларды бергенден булар качышат, коркушат деген талкуулар болот. Демек, ал биздин саясатыбыз чөнтөк гезит кылып алалы деген максаттан улам эмес, жаңылануу, башкача деңгээлге алып чыгалы, ушул аркылуу бүт кыргыз журналистикасына дем, жигер берели деген тилек.

«Азаттык»: - Сиз үч гезит боюнча айттыңыз, мен дагы бир суроо берейин, Улуттук биринчи каналдын макамы ушул абалда эле кала береби. Бул сиздин оюңузча коомду дагы, кыргыз бийлигин дагы канааттандырган абал деп ойлойсузбу?

С. Жумагулов: - Улуттук биринчи каналдын макамы мамлекеттик. Анан азыр ушул күнгө чейин, жана айтпадымбы, жаңылануу багытына ошонун нугу менен кете турган болсо жаңыланыш керек. Анан кийин мен ал жакта бир жылдан ашып калды, көркөм кеңешинде мүчөмүн.

Мен ошол нерсеге таң калдым, баары эле президенттин администрациясы эмне дейт, катчылыгы, пресс-кызматы эмне дейт деп эле отура беришет экен. Бул маселелерди өзүңөр деле алып чыксаңар болот да десек, муну мен кабарчыга айтсам, кабарчы өзүнүн бөлүм башчысына айтат экен. Ушинтип биринен бири коркуп эле эч ким жоопкерчиликти албайт экен. Мен журналисттердин абдан жигерсиздигине, өтө коркоктугуна таң калдым. Көп нерсени жасаса болот да, журналисттик ыкма деген өтө чексиз да, баарыбыз эле билебиз. Сөздү жолун таап айтса болот.



«Азаттык»: - Марат мырза, мына Улуттук биринчи канал боюнча сөз болуп калды. Башында 2005-жылдын март окуяларынан кийин реформа жасайбыз деген аракеттер болду эле, топтор түзүлдү эле, жарлыктар чыкты эле дегендей, акыбал азыр кандай? Журналисттер коомчулугу, жалпы эле маалымат алуучулар, эл-журт Улуттук каналдын азыркы жүргүзүп аткан саясатына, берип аткан маалыматтарына кандай мамиледе?

М.Токоев: - Азыркы учурда чынын айтканда, Улуттук телерадио корпорациянын таасири чоң, күчтүү. Эмне үчүн дегенде, бул бирден-бир бүт Кыргызстанга толкунун тараткан телекомпания болуп эсептелет. Бул жердеги абалды оңдосо болмок. Султан мырза айтып кетпедиби, бардыгы эле коркушуп-үркүшүп, эмне дейт экен деп иштешет деп. Бул жакта чынжырлашкан жоопкерчилик болуп атат. Себеби эгер журналист туура эмес иш кылып койсо, же башка маанайдагы, ошол эле оппозициялык саясатчыларды эфирге чыгарып койсо, анда сөзсүз түрдө редакциянын чоңу ага айтат, ал барып телерадиокорпорациянын жетекчисин такалайт. Ал болсо түздөн-түз бийлик тараптан шайлана турган киши.

Эгерде бир туура эмес иштер болуп калса, биринчиден ошого барат, ал ылдый түшүп барып ал журналистке чейин жетет. Ошондуктан алар коркот, бир нерсе болуп кетсе мен баштан ары жебейин дегендей. 2005-жылдан кийин бизде жакшы мыйзам кабыл алынган болчу - Улуттук телерадио корпорациясы тууралуу мыйзам. Ал коомдук телекомпанияны түзүү ишинин башаты эле, анда коомдук көзөмөл болмок, жетекчини Байкоочу Кеңеши бекитмек, президент тараптан 5 киши, парламенттен 5 киши, коомчулук тараптан 5 киши, ошолор өздөрү шайлап алышмак. Алар түздөн-түз ошол Байкоочу Кеңешке баш иймек, эч кимдин башка бирөөнүн таасири жок болчу. Бирок, тилекке каршы, ал мыйзам долбоору ошол бойдон кабыл алынбай калды, аны жокко чыгарып коюшту, азыр жаңы мыйзам кабыл алынган, кайра мамлекеттик болуп калды.

«Азаттык»: - Мына, азыр сиздер айтып өттүңүздөр, мисалы, бийлик менен иштешип аткан ММКларда, телеканаларда бир нерседен чочуркап мамиле жасоо бар деп айттыңыз. Ал эми эркин гезиттерде болсо өзүн-өзү чектөө соңку кезде арбып кетти го?

М.Токоев: - Мамлекеттик гезиттер, эркин гезиттер деп мурда бөлчүбүз. Азыр болсо оппозициялык маанайдагы гезиттер, анан бийликчил деп койсок болот. Себеби эркин гезиттердин арасында дагы бөлүнүүлөр бар. Өзүн-өзү чектөө азыр чынын айтканда күч алып баратат. Мага “Ош шамы” гезитинин башкы редактору чалып айткан, биз коррупция жөнүндө материалдарды чыгарып атсак, бизге коркутуп-үркүтүүлөр көп боло баштады деп. Анан анын орун басары болгон Кубаныч Жолдошевди сабап кетишиптир. Азыр маалыматтарды тактап атабыз.

Ушундан кийин саясатка аралашпай эле коррупция боюнча биздин жашоону жакшылатканга тоскоолдук кылып аткан курч маселелерди көтөрүп чыгып аткан журналисттер ушундай ур-токмокко алынып атса, анда самоцензура эмес эмне болот? Буга дагы бир себеп бул болуп атат, журналисттерди сабап кетүү көп болгон. Эгерде жок дегенде сабап кетүү окуялары боюнча иликтөө иштери аягына чейин чыгып, күнөөкөрлөр табылып, жазасын тартса, анда мен ойлойм, мындай кырдаал көп деле болбойт эле деп. Бирок, тилекке каршы, андай эмес болуп атат азыр.

«Азаттык»: - Кыргыз бийлиги айтып жүрөт коррупцияга каршы күрөштү күчөтөбүз деп, президент да бир нече жолу өзүнүн сөздөрүндө муну айтты. Балким журналисттерди колдоо керектир ушундай маселелерде?

С. Жумагулов: - Журналисттердин эң эле биринчи озуйпасы - бул коомдук көзөмөл, мамлекеттик институттарга, бийликке. Бул түпкү озуйпасын журналисттер сөзсүз түрдө аткарышы керек. Тилекке каршы, биздин азыркы коомдун деңгээли ушул акыбалда турат окшойт. Биздин кызмат жаңы түзүлүп атат, бул боюнча биз сөзсүз түрдө өзүбүзчө анализ кылабыз, жетекчиликке айтабыз журналисттер өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарганга мүмкүнчүлүк албай, дайыма коркутууларга туш келип атат деп.

Бийлик-жетекчилик буга сөзсүз реакция кылат болуш керек, чараларды көрөт болуш керек. Бул жөнүндө сөз жок анализди жазып киргизебиз. Экинчи, эркин ММКлар боюнча акыбал жөнүндө сурап атпайсызбы, 90-жылдары чогуу иштегенбиз, азыр 10-15 жыл өткөндөн кийин карап көрсөк, биз жөн эле оюбузга келгенди жазып, көрүнгөндү кааласак шылдыңдап, калемибизден аябай эле кыянатчылык менен пайдаланыптырбыз да. Баланча кишини сүрөттөгөндө да жөн эле кабыргага, же бөйрөккө муштап кетчүбүз.

«Азаттык»: - Азыр ошол балалык оорудан чыктыкпы?

С. Жумагулов: - Ошол балалык оорудан чыгалбай, биз туруп калдык. Башкача тажрыйба жок болуп атат көрсөткөнгө, калыс журналисттер. Журналистика негизи өзү бийликке дагы, эч кимге көз каранды болбош керек.

«Азаттык»: - Султан мырза, жакшы маселени козгодуңуз. Айтсаңыз чыр чатактуу, конфликттүү окуяларды кыргыз журналисттери кандай чагылдырып атат?

С. Жумагулов: - Көбүнчөсү бир тараптуу болуп калып атат. Бул эмне отуруп алып акыл айтат дебесин кесиптештерим. Билбегендиктен улам келип атат. Экинчиден, Марат мырза айткандай эмне укугуң бар, эмне милдетиң бар, муну бузуп койсоң мен мыйзамдын астында жооп берип калышым керек деп мыйзамдарды эле окуп койгондорунан шегим бар.

«Азаттык»: - Марат мырза, мына жакында президенттик шайлоо өттү, жайында, 23-июлда. Сиздер өзүнчө Медиа өкүлчүлүк менен чогуу мониторинг жүргүздүңүздөр. Ошол эмнени көргөздү? ММКлар президенттик шайлоону кандай чагылдырышты?

М.Токоев: - Султан байке айтып кетпедиби, көп телеканалдар бир тараптуу чагылдырышты. УТРК аракет кылгандай болду башка талапкерлерди чыгаралы деп. Бирок алардын сапаты боюнча ала келсек оппозициянын талапкерин бир башкача, сөзсүз эле терс маанайда берип атканы байкалып калып атты. Ал эми Оштогу ЖМКларды алып келсек, өзгөчө электрондук ЖМКлар ал жактан өтө этият мамиле кылышты. Көбүнчөсү шайлоого байланыштуу нерселерди чагылдырышкан жок. Себеби алар бир жеринен эле туура эмес кылып алсам, кийин мыйзам чегинде, же талапкерлердин даттануусу боюнча жабыркап калбайын деп эле чочулап, бир тараптуу чагылдыруулар болду. Бул гезиттин, ЖМКлардын ээлеринин саясий көз караштарына байланыштуу болуп калды, алардын түздөн-түз тиешеси бар.

«Азаттык»: - ММКлар жөнүндөгү мыйзам жөнүндө көп сөздөр, талаш-тартыштар болуп атат. Негизи анын кабыл алынганына мына 17 жыл өтүптүр, 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Мурдагы Маданият жана маалымат министрлигинен бир демилге көтөрүлүп, мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизебиз деген аракет болду. Сиздер анализдеп көрдүңүздөрбү, ошондо эмне жетишпейт? Мен билгенден, ал жерге маалымат агенттиктери деген түшүнүк киргизилиптир. Анан көзөмөлдөөчү орган деген түшүнүктөр бар экен, анан чет өлкөлүк ММКлар Кыргызстандын аймагында кантип иштеш керек, аларга Тышкы иштер министрлигинен аккредитация алыш керек дейт. Аккредитация кандай учурда берилбей калат? Мисалы, ушундай так эместиктер бар экен ал мыйзам долбоорунда?

М.Токоев: - Бирдиктүү мыйзам долбоорун мен көрө элекмин. Анткени бир мыйзам түшкөн болчу, андан кийин башка мыйзам долбоору. Чынын айтканда мурдагы мыйзам долбоорубуз жакшы мыйзам болчу. Бир гана учурга, талапка жооп бергендей кылып эле кээ бир гана өзгөртүү, толуктоолорду киргизиш керек болчу.

Мен жумушчу топко кирген жокмун, бири айтат 5-6 эле өзгөртүү киргизип атабыз, кээ бири айтат жаңы мыйзам долбоорун чыгарып атабыз деп. Бул жерде чочута турган нерсе мында болуп атат, мыйзам долбооруна эң жакшы толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилсин, макулбуз. Бирок парламенттен өткөндөн кийин кандай мыйзамга ээ болобуз, кеп мына ушунда болуп атат.



«Азаттык»: - Султан мырза, бул мыйзам боюнча сиздин эч кандай пикириңиз жокпу?

С. Жумагулов: - 90-жылдардын башында Кыргызстан жаңы эле көз карандысыздыкка жетишип, бул жылдар өзү эле романтикалык мезгил болчу да. Анан даяр, башка жактан алынып келинген мыйзамдарды чогула калып жазып, ошол шартка ылайыктап жазылып калган, жеке эле ЖМКларга, журналисттерге байланыштуу эмес, көптөгөн мыйзамдар.

Ошондуктан мыйзамдардын баары кайра иштелип, кайрадан каралып, азыркы заманга ылайыкташып жатат. Анын үстүнө бул заман ушунчалык тездик менен өзгөрүлүп атпайбы. Анан глобалдык өзгөрүүлөр, чоң рыноктордун, кризистердин эпкини тийип атат. Ошондо Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекетти сактап калуу биринчи планга чыгып калды. Мен мамлекеттик адам катары айтканда, мамлекетти сактап калуу биринчи планга чыгып калды. Анча-мынча алешемдиктер кетип атпайбы, бул мамлекеттик кызыкчылыктан, улуттун келечегин, аймактык бүтүмдүктү сактап калуу кызыкчылыгынан чыгып атышы да мүмкүн.

Мен силерге ушундай жарым табышмактуу, жарым чын кылып айтайын. Анан мамлекеттин көп нерселерге кийлигишип, өзүнө жоопкерчиликти алып, бийлик ыйгарым укуктарын өзүнүн колуна топтогусу келген нерсени мен ушундай кабыл алам. Мамлекет тороло электе, ирденелек кезде мүмкүн ушундай жагдай келип чыккандыр деп түшүнөм.

«Азаттык»: - Султан мырза, сиз глобалдык, жалпы аймактык маселени айттыңыз. Кыргызстандын өзүнүн каналы жок спутникке чыккан. Мисалы, ушул жагынан алганда, силер кандай иштерди жасап атасыңар?

С. Жумагулов: - Өкмөткө тапшырма берилди, анан президенттин өзүнүн демилгеси менен Баткен облусуна эң четки облус катары бул проект башталып, миңдеген адамдар азыр санариптик теле аркылуу дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн алып атат. Жайында президент барган кезде бул долбоор Баткен менен чектелбей, бүт өлкөгө чейин жайылышы керек деп Өкмөттүн алдына тапшырма коюлган, мен азыр так айта албайм, кайсы жылга чейин аткарылыш керектигин. Кээде ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетип атпайбы.

«Азаттык»: - Султан мырза, Казакстанда Интернетти массалык маалымат каражаттарына теңешти. Кыргыз бийлигинде андай план, ой жокпу?

С. Жумагулов: - Мен ал жөнүндө укпаптырмын, бул жакта ошондой кыймыл болуп атабы, болбой атабы деп. Казакстандын, Орусиянын кадамдары өздөрүнүн улуттук коопсуздугун сактап калуу менен түшүндүрүп жатышпайбы. Анын канчалык келечектүү экенин эч ким айта албайт азыр.

«Азаттык»: - Мамлекеттин, улуттун коопсуздугу менен бийликке убактылуу 5-10 жылга келген адамдардын ортосундагы коопсуздуктун айырмасын кантип чектеш керек деп ойлойсуз?

М.Токоев: - ЖМКларды өнүктүрүш керек, Султан байке айткандай бул коомдук көзөмөл алардын негизги функциясы. Санариптик технологиянын бизге келатканы жакшы. Бирок кеп мында болуп атат, кайсы каналдар ошол санариптик технологияга өтүп иштей башташат. Учурдагы Кыргызстанда иштеп аткан бир дагы телеканал менимче азыр даяр эмес санариптик телеканалды толугу менен жапканга.

Ошол эле биздин УТРКны ала турган болсок, көп болсо 17 саат даярдашат, толук жаба албайт. Башка алдыдагы "5-канал" аракет кылып атат. «Пирамида», «НБТ» деген телеканалдар көп болсо 6 саатты эле жабышат өз программалары менен, калганы башка каналдан толтуруп атышат. Эгерде биз учурда ЖМКлардын өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүп бербесек, анда биз келечекте башка ошол эле Казакстан, Өзбекстан, Орусиянын маалымат майданына кирип калабыз, Кыргызстанда болуп аткан окуяларды ошолор аркылуу билип калабыз, эгерде биздин ЖМКнын өнүгүүсүнө шарт түзүп бербесек. Биз бир гана оюн-зоок программаларды эмес, маалымат, жанылыктарды мүмкүн болушунча калыс, объективдүү, ар кайсы пикирлерди угала турган мүмкүнчүлүктү алышыбыз керек. Мунун жолдору бар.

«Азаттык»: - Журналисттердин, ММКлардын майрамы болуп аткан сон көзү өтүп кеткен кесиптештерибизди эстеп коюшубуз керек. Мисалы, «Сиёсот» гезитинин редактору Алишер Саиповдун өлүмү боюнча сиздер эмне кылдыңыздар, анан укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмне иш кылып атат?

М.Токоев: - Бул тууралуу өзүңүздөр билесиздер бир топ эле иш кылганбыз. Акция өткөргөнбүз Ички иштер министрлигини алдына чыгып сүйлөп. ИИМдин басма сөз кызматына эки жолу кайрылганбыз. Алишер Саиповдун өлүмү боюнча, башка журналисттерди сабап, уруп кетүү боюнча да фактыларды тизмектеп бердик эле. Ушул иштер боюнча тергөө иштери кайсы абалда турат, кайсынысы боюнча жоопкерчиликти тарткандар бар, жок деп.

Себеби мындай болуп атпайбы, балким күнөөкөрдүн бирин тапкандыр, бирок бул тууралуу коомчулукка билдирген эмес. Билдирип коюшубуз керек, мына журналистти сабап кеткендер табылып жаза тартты деп. Алишер Саиповдун өлүмү боюнча министрдин жакында берген кыска маалыматы бар, тергөө иштери бүтүп, сотко бердик деген.

«Азаттык»: - Аткан киши табылды деп атат да алар?

М.Токоев: - Ошондой маалымат кеткен. Бирок биз кайра кийинчерээк толуктап, тактап көрсөк, бул иш кайра андан ары тергөөгө кеткен экен. Алмаз Ташиевдин өлүмү боюнча тергөө иштери боюнча бир версия айтылып атат. Алмаз Ташиев уруп-согуудан өлбөй эле, оорудан каза тапкан делип. Бул жактан ушундай кызыктар болуп атат. Чынын айтканда, медициналык көрсөтмөлөр, башында катталгандагы күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча журналист өтө катуу тепки жеген.

«Азаттык»: - Катчылык деп түзүлдүңүздөр, иштеп атасыздар, сиздин барганыңызга бир жылга жакындап калды деп айттыңыз. Эми ММКларга мамиле өзгөрөбү, жаңыча иштешүүнүн кандай пландары бар сиздерде?

С. Жумагулов: - Сөз жок өзгөрүлөт. Бул биздин максат. Бирок мындай түшүнбөш керек, эшикти эртең кеңири ачып эле барыңар жапырт киргиле деп. Мен жана айтпадымбы, журналистика бийликти сындаса болот, кайсы бир чиновникти сындаса болот, сөксө болот. Бирок эч качан биздин жаңыдан бутуна туруп келаткан, эптеп торолуп боорун жерден көтөрүп келаткан мамлекетибизге кыянатчылык кылбашыбыз керек. Биз ар бир жасап аткан сөзүбүз, ар бир жасап аткан кыймылыбыз бул менин мамлекетимди ого бетер мүнкүрөтүп салбайбы деген суроо койгонду мен өзүмдүн кесиптештеримден абдан суранам.

«Азаттык»: - Султан мырза, мисалы бийлик берип аткан маалыматтан тышкары экинчи бир маалымат болсо альтернативалуу, бирок ал чындык болсо, ошону берсе бул мамлекетке коркунуч эмеспи?

С. Жумагулов: - Бул коркунуч эмес, ошол аркылуу чындык жаралат да. Бирок мен башка жагдайды айтып атам. Кандай десем, мамлекеттин түпкүлүгүнө зыян келтирген, бири-бирибизди сыйлабоочулук, бири-бирибизди жек көрүүчүлүк, жер-жерлерге, кланга бөлүштүргөн көрүнүштөр, ушунун баары мамлекеттин түркүлүгүнө балта чапкандай сезилет жеке мага. Маалыматты эки тараптуу эмес, көп жактуу беришибиз керек. Мен ушундай тарбияда өскөн журналистмин. Мен башка жагын айтып атам.

«Азаттык»: - Сиздерге рахмат. Алдыдагы келаткан майрамыңыздар менен! Сиздердин ишиңиздерге чоң ийгиликтерди каалайм. Убакыт бөлүп, келгениңиздерге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG