Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров Исмаил Исаковдун соту, бөлүштүргүч компаниялардын сатылышы, Элдик курултайды чакыруу жана бийлик тараптагы абал тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Азимбек мырза, мына Үсөн Сыдыков баштаган аксакалдар президентке Исмаил Исаковдун иши боюнча кирип чыкты деген маалымат бар. Анын жыйынтыгы кандай болду? Сизге маалымат бериштиби?

А.Бекназаров: Менин угушума караганда, 8-февралда саат үчтөрдө кирип чыгышкан. Бирок Үсөн Сыдыкович өзү кирдиби же башка аксакалдар менен кошо кирдиби - кабарым жок. Мен 8-февраль күнү эртең менен Сыдыков менен жолугушкам. Бирок Исмаил Исаков президенттен кечирим сураган катка кол коюп бербегендиктен, Үсөн Сыдыков абдан ачууланып, "мен андай болсо президентке кирбейм, кирсем да кагаздарды президенттин алдында айрып салам" деп, экөөбүз кер-мур айтышып калдык. Ошондуктан президентке кирип чыккандан кийин жыйынтыгын мага айткан жок, Исмаил Исаковдун үй-бүлөсүнө да айткан эмес.

“Азаттык”: Үсөн Сыдыковду президентке жолугуштуруу, Исаковго байланыштуу маселени козготтуруу демилгеси ким тараптан чыккан?

А.Бекназаров: Демилге мен тараптан чыккан. Алгачкы учурда Үсөн Сыдыков макулдугун берип, бирок өзү кирбесин айтып, башка аксакалдарды киргизейин деген.

Билесиңер да жаңы жылдын алдында түштүктөн беш-алты аксакал келген, аларды Үсөн Сыдыков президентке киргизем деп, бирок
аракети ишке ашкан эмес. Ал эмес, Жаныш Салиевичке да киргизе албай койгон. Аксакалдар бир жума жүрүп, жарымы ооруп калып, жолугуша албагандан жарымы кеткен. Ошондон кийин бир топ убакыт өткөндөн кийин Үсөн Сыдыков мага кайрылып, “Азимбек кайда жүрөсүң, жолугуш керек болуп жатат, мен президентке кире турган болуп калдым деп калды”. Мен анда Петровкада сотто жүргөм. Соттон келип жолуктум. “Мен кире турган болдум. Ал үчүн Исмаил Исаков мына бу кагазга кол коюп берсе, мен ала кирет элем”деди. Кандай кагаз десем, Исмаил Исаковдун атынан президентке бир кат даярдалыптыр. Анда Исаков, “мен тараптан анча-мынча катачылыктар кетип калыптыр, кечирип коюңуз” деп президенттен кечирим сураган жерлери бар экен. Мен Үсөн Сыдыковичке бул катка Исмаил Исаков кол койбойт. Себеби анын күнөөсү жок болсо, эмне үчүн кечирим сурайт эле деп айттым.

Ал катты, андан кийин дагы бир катты Исмаил Исаковго алып кирдим. Бирок ал эки катка тең кол койбой койду. Ал каттарды менен Исаковдун күйөө баласы аркылуу Үсөн Сыдыковго кайтарып бердим. Анан эле 8-февралга жакын Үсөн Сыдыков мага кайрадан телефон чалып калды, “ай Азимбек, келип кал, мен кире турган болуп калдым. Мына бу катка кол койдуруп чык” деп, үчүнчү катты берди.

“Азаттык”: Бул эми экинчи жолку чакыруу да?

А.Бекназаров: Ооба экинчи жолку чакыруу болуп, үчүнчү катты берди. Ушуга Исаковго кол койдуруп чыксаң, мен кирип чыгайын деди. Мен макул болуп, ал катты Исмаил Исаковго бердим. Мен Исмаил Исаковго жолугушканда айттым, Үсөн Сыдыкович туура эмес түшүнүп калбасын, эмне үчүн кол койбой жатканыңызды артына жазып бериңиз дедим. Исмаил Исаков каттын артына салам-дубайын айтып, эмне үчүн кол койбой турганын жазып берди. Мен ал катты Үсөн Сыдыковго жеткирдим. Анан ошол жерде жогоруда айтылгандай сөз болду, “мен кирбеймин президентке, кирсем да бардыгын айрыйм. Силер өзүңөр кир деп алып, кайра өзүңөр биз даярдаган кагазга кол койбойсуңар” деп чыкты. Анан мен айттым, "Үсөн Сыдыкович, сүйлөшүүдө мен сизден аксакал катары сурангам, аксакал катары президентке калыс маалымат жеткирбейсизби деп. Прокурорлор жөн эле жоопко тартып жатат" дегенмин.

Бирок мына ошондон бери Үсөн Сыдыковдон кабарыбыз жок. Бирок мен бир нерсеге таң калып жатам. Аксакал кирип чыккан экен. Бүт кыргыз эли, Алай эли бир жакшылык болоор деп күтүп жаткан убакта мага айтпаса да, үй-бүлөсүнө жыйынтыгын айтып койсо болмок. Мен кирип чыктым, жыйынтыгы мындай болду деп. Үй-бүлөсүнө болбосо да, мына канчадан бери сот болуп жатат,
аксакалдык кылып, акырын сотко басып келип, "Исмаил Исакович, мен президентке кирип чыктым, болгонун-болгондой түшүндүрүп айттым. Эми кандай чечим кабыл алышты ал киши өзү билет" деген сөздү айтып койсо болмок. Андай болбоду.

“Азаттык”: Исмаил Исаковго карата биринчи инстанциядагы соттун өкүмү баарына белгилүү. Ал Исаковду сегиз жылга кескен. Азыр экинчи инстанцияда каралып жатат. Соттун жүрүшүнө карай адилеттик болот деген сизде кандайдыр бир ишенич барбы?

А.Бекназаров:
Соттук жараяндын жүрүшүнө карай менде үмүт күндөн-күнгө өчүп баратат. Эмне үчүн дегенде, мына, мен Петровкадагы сотко кетип жаткан жеримен аяктагы сотту токтотуп, шашып-бушуп бул жерде сотту улантуу үчүн чакыртып алышты. Экинчиден, биз биринчи инстанциядагы далилденбеген нерселерди иликтейли, ошол документтерди алдырайлы десем эле, биздин өтүнүчтөрдү четке кагып жатат. Ошого караганда, Ак үйдөн буйрук болгон окшойт, тезинен соттоп, мурдагы чечимди күчүндө калтырып, Исаковду зонага айдагыла деген. Мен ошондой ойдо турам.

“Азаттык”:
Азимбек мырза, өлкөдө жүрүп жаткан саясий окуяларга да кайрылсак. Кечээ күнү Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева бөлүштүргүч компаниялардын сатылышына, тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу премьер-министр Данияр Үсөновду кызматтан кетишин талап кылды. Бул маселеге сиз кандай карайсыз?

А.Бекназаров: Азыр парламентте карап отуруп, мага мындай ой келет. Азыр парламентти экиге бөлүп коюш керек. Анын бир
жагында жалгыз Отунбаева, калган депутаттар экинчи жагында. Роза Отунбаева бир тең, калганы бир тең болуп турат. Болгон чындыкты айтып, тикеден-тике турган ушул депутат айым болуп жатат.

Данияр Үсөновдун кечээ жакында “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомду” менчикке сатып жибергени боюнча айтаарым, ал буга чейин алты премьер-министр аткара албаган ишти аткарды. Анын кандай болгонун айкындаш үчүн бир аз тарыхын айтып берейин.

Бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүүнү 2002-жылы Бакиев алып келген. Анда Бакиев премьер-министр, биз депутат элек. Бакиев өткөрө албагандан кийин 2003-жылы Танаев алып келген. Бирок тагдыр экен ошондо Бакиев депутат болуп калган. Болгондо да оппозициялык маанайдагы депутаттарга кошулуп калган. Мына ошондой Дооронбек Садырбаев энергетикалык компанияларды саталы деген депутаттарды жана ага каршы чыккандарды гезитке жазып чыккан. Ошондо 19 депутат каршы болуп, 2003-жылы бир жарым ай бою кысымга туруштук берип, бөлүштүргүч компаниялар менен телекомду сатууга жол бербей койгонбуз. Ошондо Бакиев мен да каршымын деп кол коюп берген. Менде колу сакталып турат.

Ошол кезде каршы болсоңуз себебин айтып бериңиз дегенде, трибунага чыгып, 10 мүнөттүк жарыш сөздө төрт мүнөт сүйлөп, “мен мурда премьер-министр кезде менчикке сатылыш керек деп кол койгонмун. Бирок азыр депутат болуп эл аралап жүрүп, бул энергетика тармагы мамлекеттин, элдин колунда калыш керек экендигине көзүм жетти. Ошон үчүн каршымын” деп сүйлөгөн.

Андан кийин Танаев өткөрө алган жок. Ыңкылаптан кийин Кулов алып келип, өткөрө алган эмес. Андан кийин Атамбаев алып келди. Өткөрө алган жок. Чудинов алып келди. Өткөрө алган жок. Мына Данияр, тез аранын ичинде сатып алуучуларды таап, баасын да бычып, тез аранын ичинде өткөрүп жиберди. Мен ойлоймун, мындай “баатырлыгы” үчүн ал жөн эле кызматынан кетпей, башка нерселерге да кабылыш керек. Элдин каары, батасы деген бар.

Бул кыргыз элине чыккынчылык.

“Азаттык”: Бул ишти Данияр Үсөнов жалгыз эле жасабаса керек, мүмкүн жогору жактагы кожоюндары менен биргелешип жасаса керек?

А.Бекназаров: Эми мен айткан жанагы алты премьер-министр өздөрү жасады деп ойлойсуңарбы? Мурда Акаевдин жеке тар-
чөйрөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштешкен. Азыр Үсөнов деле азыркы Бакиевдин үй-бүлөсүнүн кызматын кылып, ушундай иштерди жасап жатат. Үсөнов мамлекет үчүн эмес, үй-бүлөнүн айтканын кылып жатат. “Мавр өзүн ишин кылды”... Ал ошондой шарт менен келиши да мүмкүн.

Курманбек Салиевич, мени премьер-министр кылып койсоңуз, мен ушуну силерге өткөрүп берем деп, мына эми аткарды. Өзүнүн үлүшүн алды. Эми иштен кете берет. Бул кишиге баары бир.

“Азаттык”: “Түндүкэлектронун” жаңы ээси “Чакан” ГЭСтин артында ким турат. Сизде кандайдыр маалымат барбы?

А.Бекназаров: Мунун артында Ширшов турат. Максим турат. Булардын негизги максаты “Түндүкэлеткрону” иштетүү эмес, муну кайрадан сатышат. Булар ошого көнүп калган. Данияр менен Максимдин үйрөнүп алган схемасы бар.

Мына ыңкылаптан кийин Адил Тойгонбаевге таандык “Шампанвинкомбинаттын” акцияларын камакка алганбыз. Ал акцияларды мамлекетке кайтарабыз деп жатканда, мени башкы прокурорлуктан түшүргөндөн кийин, алар Тойгонбаев менен келишимге барып, 1 млн. 200 миң долларга акцияларын толук сатып алышкан. Аны Сергей Ибраимовго жазып коюшкан. Үч ай өтпөй акцияларды 22 млн. долларга сатышкан. Мына көрдүңөрбү, 20 млн. доллар таза пайда көрүшкөн. Азыр деле “Түндүкэлектрону” 3 млн. долларга алышты, өлгөн жерде 300 млн. долларга сатышат. Муну иштетпейт булар. Тез эле сатышат.

“Азаттык”: Азимбек мырза, жоюлуп кеткен Коопсуздук кеңештин акыркы катчысы Адахан Мадумаров бийликке карата кескин сындаган пикирин жарыялады. Буга кандай пикирдесиз?

А.Бекназаров: Адахан иним менен биз он жылдан ашык убакыттан бери тааныш-билиш, ага-ини болуп жүрөбүз. Мен анын артыкчылыгын-кемчилигин, ал дагы менин ошондой жактарымды билет. Мен Адахан инимдин сиздерге берген интервьюсун окуп отуруп, Адахан инимдин “жүрөктө турган нерсеңди айта албасаң эмнең адам” деген сөзүн эстедим. Аны ал парламентте дайым айтчу. Менимче, жүрөгү чыдабай акыры жарылды го. Ооба Адахан Бакиев менен бир топ кемчиликтерди кетирди. Бакиев буга көп кызматтарды берди. Бирок Адахандын жүрөгү чыдабай, көкүрөгүндө турганды айтып салды окшойт.

“Азаттык”: Мадумаровду жакшы билем дедиңиз, эми ал ошол интервьюсундагы позицияны андан ары кармап кетеби?

А.Бекназаров: Эми, коомчулук Адахандын маегин кабыл алышы абдан оор. Анткени элге бир жаман көрүнүп калсаң оңой эмес.
“Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста” деген кыргызда сөз бар. Адахан эки-үч кадамы менен элге жаман көрүнүп калган. Мисалы, ал төрага учурунда Каркыраны, төрт пансионатты берип койгон деген нерсе анын мойнунда илинип турат. Бирок оң жолго түшүп, алар кандай жолдор менен, кандай себептен кеткенин тастыкташ үчүн көп убакыт, эмгек керек. Мына ошонун баарын көтөрүп, Адахан аларды жеңе билиш керек.

Ал али жаш. Адахандай кыргыздын жаш жигиттери бизде саналуу эле. Баарын эле тигил же бул жакка тебе берген менен болбойт. Кемчилик кетет. Аны моюнга ала билиш керек. Ошону оңдой билиш керек. Ошол сабак болуш керек. Мен ойлойм, Адахандын келечеги алдыда. Ал сөзүн андан ары улап кетиш керек. Унчукпай калбаш керек. Элдин башына мына мындай оор жүк, мына мындай туңгуюк, караңгылык түшүп, тезек терип калган убакта кыргыздын мен-мен деген жигиттери баш көтөрүп, азыркы бийликке тике карап чыгыш керек.

“Азаттык”: Бириккен Элдик кыймыл өзүнчө курултай уюштура турган болууда. Ушул курултай жана БЭКтин пландары тууралуу айта кетсеңиз?

А.Бекназаров: БЭКтин демилгеси менен Элдик курултай өткөрөлү деп жатабыз. Бул чыныгы элдик курултай болот. Чын эле курч маселелерди элдин сотуна коелу деп жатабыз. Ушул энергетиканын менчике кетишине, электр энергиясы, жылуулукка баанын көтөрүлүшүнө, кыймылсыз мүлк, мал-салга салыктын көтөрүлүшүнө кандай карайсыз деп сурайлы деп жатабыз. Ошондуктан биздин план боюнча, ар бир айыл өкмөтүндө жыйын кылып, ушул төрт маселе боюнча делегаттар пикирлерин ала келсин, ушул жерде талкуулайбыз дедик.

Ал эми бийликтин Ынтымак курултайында эмне маселе каралары жана эмне үчүн азыр уюшулуп жатканы белгилүү. Анын максаты - Бакиев баласы Максимге берип жаткан бийликти мыйзамдаштырууну, монархияга айлантуу үчүн колдоо алуу.

Биздин курултайдын максаты - элдин көйгөйүн көтөрүп чыгуу. Энергетиканын сатылышына кандай карайсың деп сурайбыз. Экинчиси, келечекти карашыбыз керек. Кыргыздар демократиялуу улут. Ар убакта кичинекей маселени да, маселен той өткөрсө да кеминде беш-алты акскал кеңешип чечим кабыл алынат. Булардын тарс эткирип эле бийликти балама өткөрүп коем, аны мен түзгөн Мамлекеттик кеңеш чечип коет дегени кыргыздын табиятына туура келбейт. Бул түпкүлүктүү маселени да элге салалы деп жатабыз. Биздин курултайга коюла турган маселелер ушундай. Ачык. Булардыкы болсо ушул кезге чейин бүдөмүк болуп жатпайбы?

17-мартта Элдик курултайда кабыл алынган чечимди бийликтин курултайына да жөнөтөбүз. Ошол төрт маселени аткарууга президентке мөөнөт беребиз. Эгерде тарифтер кайра төмөндөтүлбөсө, “Түндүкэлектро” кайтарылбаса, анда элдин чечимине жараша кийинки акциялар болот.

“Азаттык”: Азимбек мырза, бийлик системасында кандай абал түзүлдү, өлкөнү ким башкарууда?

А.Бекназаров:
Бүгүн Кыргызстанда кызыктай көрүнүш болуп жатат. Өлкөнү ким башкарып атат деп мен өзүмө-өзүм да суроо берип
калам. Бакиев башкарып атат десем, Бакиев Конституцияны тез арада өзгөртүп, Мамлекеттик кеңеш аркылуу Максимге бийликти өткөрүп берем деп жаткандай.

Экинчи жагынан мындай байкоо салсам, кыргызга аты чыккан, аттуу-баштуу эле саясатчылар, аксакалар, интеллигенттер, атүгүл өкмөттүн мүчөлөрү, министрлер президентке барбай эле Максимге барып калышты. Азыр Максим президенттей. Ал эмес мурунку өкмөт башчылар Кулов, Жумагуловдор Максимдин айланасында котолошуп калышкан. Мунун өзү бүгүн ким президент деген суроону туудурат.

Дагы жакында эле болгон бир нерсени айтайын. Мына Петровка окуясында кетирген кемчилиги үчүн Москва районун акими, прокурору, милиция башчысы кызматтан алынып, президент жазалаган эле. Өткөндө министр Конгантиев Петровка окуясы боюнча сот бүтө элек учурда Москва районунун ошол кезде бошогон милиция башчысын Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басарлыгына дайындаптыр. Аны президент билип калып команда бергенби же Данияр Үсөнов өзү элеби, айтор, коллегия өткөрүп, аны бүткүл Кыргызстанга көрсөтүп, Конгантиевге сөгүш берди. Президент минтип атса, сен минтесиң деп. Мына беш күн болду Конгантиев ошол Жоробековду Тогуз-Торо районуна алып барып, милициянын башчылыгына койду. Мына ушуларды көрүп туруп, ойлонуп жатам да, ким бизде президент? Конгантиевби же Максимби?

Эмне үчүн Жоробековду президент өзү бошотуп, сөгүш алганга карабай кайра эле жогору көтөрүп жатышат?

Президентти шылдыңдадың деген Эркин Бүлекбаевге каршы козголгон кылмыш иш бир жылдан бери Башкы прокуратура менен Жогорку Соттун ортосунда түртүндү болуп турат. Сен кара, мен кара деп. Ушинтип президенттин ар-намысын Бүлекбаев эмес, Жогорку Сот менен Башкы прокурор шылдыңдап жатпайбы.

Ушуларды талдап отуруп, Кыргызстанда ким президент деген суроого туш болуп жатам. Чынында, Бакиев өлкөнү башкаруудан алда-качан эле четтеп калгандай. Эмне кылсаң ошол кыл, мынакей Максим акелериң менен тил табышып, Кыргызстанды башкара бер деп команда берип койсо керек. Маал-маал чогулуштарда, курултайларда Брежневди мурда “чучело” катары алып чыккандай эле аны да алып чыгып жатышкан окшойт.

Бирок Максим башкарып жатат дегенге да күмөнүм бар.

“Азаттык”: Себеби?

А.Бекназаров: Ооба, Максим башкарып жаткандай болуп, министрлерди, губернаторлорду, акимдерди кабыл алып, премьер-министрди алдына отургузуп алып, башкаргандай болууда. Бирок Жоробеков сыяктуу ишке келгенде, анда теске салып койбойбу. Эгерде Максим чын эле Кыргызстанды жаңылап, жаштарды алып келип, ондоймун десе, анда үч-төрт жылдан бери болуп жаткан нерселерди тазалабайбы.
Мисалы, Исаковдун ишин, Бүлекбаевдин, Балыкчыдагы иштерди, сөз эркиндигин, журналисттердин урулуп-сабалып, өлтүрүлүп жатышын талдап, иликтеп, адилет жагына чечип койбойбу. Булар туура эмес болгонун бүткүл дүйнөлүк коомчулук айтып жатат. Ошолордун талдап, коомчулуктун үнүн угуш керек эле да. Адилет баасын берип, булар токтойт, күнөөлүүлөр жазаланат деген да жок болуп жатат.

Ушуларды байкап туруп, Кыргызстанды уюмдашкан кылмыштуу, чет өлкөдөн келген абдан тажрыйбалуу топ башкарып жатабы деген ой келет. "Максимди да ошолор оюнчук кылып жатабы? Бакиевди да ошолор оюнчук кылып жатабы? Даниярын да ошолор ошенип жатабы?" деген күмөндүү ой келет. Ал эми парламент жөнүндө сөз жок.

Ушулардын баарын байкап отуруп, чет өлкөдөн келген абдан уюмдашкан, тажрыйбалуу кылмыштуу топ баарын тескеп, Кыргызстанды уйгу-туйгу кылып жатабы деп ойлойсуң.

“Азаттык”: Рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG