Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

УКМК: "Хизбутчунун" үйүнөн "Бир дүйнө Кыргызстандын" китепчелери табылды


Ошто "хизбутчу" деп кармалган жарандын үйүнөн "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун китепчелери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылды.

- Тергөөдөгү адамды кармоо маалында аталган уюмдун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылган, - деп билдирди УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

Коопсуздук комитетинин бул билдирүүсүн "Бир дүйнө Кыргызстан" уюму четке кагууда.

"Биздин ал окуяга эч тиешебиз жок. Ал жакка бизден эч ким барган да эмес. УКМК Азимжан Аскаровдун өкүмү угузулган күнү биздин уюмга карата ушундай негизсиз каралоо жүргүзгөнгө аракет кылды. УКМКны сотко беребиз" дейт уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. (RK)

XS
SM
MD
LG