Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Баш прокурор К. Байболовдун атайын кызматты кылмыштуу уюм катары жоопко тартуу керек деген билдирүүсү УКМК офицерлеринин нааразылыгын туудурду.

Мындан бир жыл мурун Алматы шаарында өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюктун эстелигин ачуу аземинде башкы прокурор Кубатбек Байболов көп жылдан бери сөз эркиндигин муунтуп, адам укугун тебелеген улуттук коопсуздук кызматы жоопко тартыла тургандыгын айткан. Буга Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө тиешеси бар деген шек менен Алматыдан атайын кызматтын офицери Алдаяр Исманкуловдун кармалгандыгы негиз болду.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бир же бир нече кызматкердин айынан бүтүндөй атайын кызматты кылмыштуу уюм деп жаманатты кылууга болбойт деп эсептейт:

- Бүтүндөй бир мекемени кылмыштуу уюм деп айтыш кыйын. Мурдагы режимдин тушунда атайын кызматтын ичиндеги айрым бир кызматкерлердин кайсы бир кылмыштарга катышы болушу мүмкүн. Бирок бул үчүн бүтүндөй улуттук коопсуздук кызматын көөлөгөнгө болбойт. Азыр эми тирешүү деле жок. Иштешип жатабыз.

Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун айтканын Улуттук коопсуздук кызматынын офицерлери оор кабыл алышты. Атайын кызматтын маалымат борбору бир катар тиешелүү маалымат каражаттары аркылуу бир нече ирет нааразылык катын жолдоду. Анда айтылган айыптоонун негизсиздиги жана анын жалпы Улуттук коопсуздук кызматынын беделине шек келтирүүгө багытталгандыгы баса белгиленген.

Талдоочу Асанбек Сарыбаев бийлик органдарынын бири-бирин айыптап чыккандыгы аларга болгон ишенимди жокко чыгарат деп эсептейт:

- Мамлекеттик органдардын ичинде бири-бири менен болгон тирешүү илгертеден бери эле келе жатат. Бирок мурда анчейин билинбейт болчу. Анткени бийликтин туруктуулугу болгон үчүн коомчулукка көп деле байкалчу эмес. Эми азыр кыйчалыш маалда алардын тирешип калгандыгы жана анын коомчулукка чыгып кеткендиги жалпы бийликке болгон ишенимдин төмөндөшүнө гана алып келет.

Анткен менен Кыргызстандын атайын кызматы улуттук коопсуздукту көзөмөлдөөгө караганда саясий куугунтукту жүргүзүүчү бийликтин камчысына айланган деп мүнөздөмө бергендер аз эмес. Өлкөдөгү чуулгандуу иштердин көпчүлүгүндө атайын кызматтын өкүлдөрүнүн колу тургандыгы айтылып жүрөт. Укук коргоочулар террорчулукка каршы күрөшүү жана коопсуздукту чыңдоо аракеттери адам укуктарын бузуу менен коштолуп келгендигин мисал келтиришет.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова Улуттук коопсуздук кызматы реформаланууга муктаж деп эсептейт:

- 2003-жылы депутаттардын кызматтык бөлмөлөрүн тыңшоо окуясы боюнча комиссия түзүлүп, ал атайын кызматтын ишмердүүлүгү боюнча чуулгандуу жагдайдын бетин ачкан. Анда "өлүм эскадрону" деген бийликке ыңгайсыздарды жок кылуу боюнча топтун бар экендиги билинген. Пайдасынан зыяны көп бул кызмат реформаланышы керек.

Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Рысбек Быкын уулу бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, ошол эле учурда башкы прокурордун айтканын популисттик билдирүү катары сыпаттады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG