Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Э. Байсалов: Өзүбүздүн армияны чыңдайлы


Чет жакта баш калкалап жүргөн белгилүү саясатчы Эдил Байсаловдун пикиринде өз аймагында чет өлкөлүк аскер базаларын куруу Кыргызстандын эгемендигин бекемдебейт, тескерисинче мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирет.

- Эдил мырза өткөн жуманын башында Орусиянын вице-премьер министри Игор Сечиндин Кыргызстанга жашыруун келип кетиши түрдүү өңүттөн талкууланып жатат. Сиз кандай пикирдесиз? Орусияга Канттагы аба базасынан башка дагы Кыргызстандын түштүгүнд аскердик база ачуу канчалык зарыл?

-Биринчиден, Кыргызстан мекенибиз бир чоң мамлекеттердин ортосундагы “мышык-чычкан” оюнунда чычкандын ролун аткарууга туура келип калып атат да. Бирок эң биринчиден айтып кетчү оюм бар. Бул Сечин болобу, башка бирөөсү болобу, жашыруун түрдө Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөзүүнү, менин оюмча, түздөн-түз биздин ички иштерибизге кийлигишүү катары баалашыбыз керек.

Анткени шайлоого он күндөн аз убакыт калды, ошондо келип алып президенттик шайлоого катышып аткан талапкер менен Россия федерациясынын бийлик өкүлдөрү келип жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнө, менин оюмча ошондой эле гана баа берсек болот. Анткени биз билбейбиз жанагы талапкер эмне деген сөз берип атат, эмне деген сөздү Россия берип атат, эмне деген талаптарды коюп атат, эмне деген шарттарды коюп атат. Ким кимисине сөз берип атканын билген жерибиз жок.

Экинчиден, бизге эч кандай базанын кереги жок. Россия бизге союздаш эң жакын бир дос өлкө катары бизге курал-жарак менен өзүбүздүн аскерлерибизди бекемдегенге жардам бериши керек. Өзүбүздүн кыргыз жергебизде өзүбүздүн аскерибизди күчөтпөстөн башка тышкы базаларды орнотуш, бул эч кандай биздин суверендүүлүгүбүздү, көз карандысыздыгыбызды бекемдебейт, кайрадан биздин коопсуздугубузга шек келтирет.

-Айрым саясат талдоочулар айтып жатышат да “Манас” аба базасын транзиттик борборго айландыруу жана ошол борборду калтырууга уруксат берүүнү Орусия аркылуу чечүү менен Кыргызстан дагы өзүнүн колундагы негизги көзүрүн орустарга тарттырып жиберди деп. Сиз кандай ойлойсуз?

-Транзиттик борбордо аскердик деле жүк ташууга мүмкүнчүлүк бар. Ал жөнүндө сиздер күмөн санабай эле койгула, мурун кандай иштесе азыр андан бешбетер иштейт. Мурун америкалыктар дагы 300 гектар жер бергиле, жаңы базаларды куралык, ошол жерди чоңойтолук деп кайрылып келген. Бүт кызыкчылыктарын биз камсыз кылып берип атабыз.

Андан тышкары, орустар кантип жок демек эле, өздөрү азыр Американын, НАТОнун күчтөрүнө өздөрү түздөн-түз жардам берип атышат. Кеп анда эмес, кеп ушул биздин Кыргызстанда өзүбүздүн армиябызды чыңдап, Манастын урпактары катары өзүбүздүн жергебизди өзүбүз куралчан коргой алабызбы? Өзүбүздүн кыргыздын колунан келеби, же болбосо биз өзүбүз эле башка мамлекеттин койнуна кирип алып, ошолорго эле жалдырап турабызбы.

Канттагы самолётторду алып келип Россия жыргатып атат деп коёлук. Биз унутпайлык, 1991-жылы күзүндө Кантта болобу, Токмокто болобу, башка аэропорттордо болобу, кыргыз армиясына тийиштүү болгон биздин менчигибизге өткөн “МИГ”, “СУ” деген чоң-чоң самолёттордун баардыгын орус аскерлери, офицерлер, пилоттор учуруп кеткен Сибир, Байкал округдарына. Ошол самолёттор бизге тиешелүү.

Эмне себептен Кыргызстанда бир дагы согуштук самолёт калбай калган. Өзбекстанды, Түркмөнстанды, Казакстанды байкасаңыз, алардын жанагындай самолёттору бар. Ошондуктан Россия бизге ондогон самолёт карыз, ошону уурдап кетишкен 91-жылы күзүндө.

Ошондуктан кыргыздын аскерлерине, пилотторуна, армиясына азыр кадимкидей жардам беребиз, ОДКБнын түштүк чек араларын коргойлу десе, орустун самолёттору эмес, кыргыздын самолёттору кайтарылышы керек. Америка Израилге кандай жардам берсе, өзүнүн НАТОдогу партнерлоруна кандай жардам берип самолётторду, танкаларды бронетехникаларды, курал-жарактарды камсыз кылып берсе, бизге да ошондой кылып берип, биз дагы армиябызды күчөтүшүбүз керек.

Чек араны кайтарабыз дагы, Россияга дагы бир кол салуу болсо жардам берүүгө даяр болобуз. Ошондуктан азыркы учурда Россия бир-эки жылга шарттуу түрдө алып келсин, бирок беш жылдын ичинде ошол жерде самолёт болобу, танкалар болобу, баары өзүбүздүн кыргыз армиясына тийиштүү болуш керек. Башка мамлекет жардам берет, коргойт деген, жалпы өзүбүздүн көз карандысыздыгыбыздан баш тартууга барабар болот.

-Эдил мырза, жамаатык коопсуздук келишим уюмунун күчтөрүн түштүккө жайгаштырууга канчалык зарылчылык бар? Орусия жамаатык коопсуздук кызматташтык уюмунун күчтөрү менен Кыргызстандын чек арасын же коопсуздугун коргой алабы?

-Эми биринчиден айтып коюш керек, бул Курманбек Бакиев президент болуп келгенде эң биринчиден өзү айткан, биз алыскы мамлекеттер менен дос болбостон, өзүбүздүн жакынкы тегеректеги бир тууган кошуналарыбыз менен достугубузду бекемдешибиз керек деп.

Эми байкап көрсөңүздөр, бул Россиянын базасы биздин кошуна өзбек туугандарга жакпайт, алар башынан эле айтып атышат. Ошол база кимге каршы болот деген суроо пайда болот да.

Ошондуктан менин оюмча ушундай чет өлкөлүк базалардын кереги жок азыркы учурда. Азыр атайын биздин аскер базаларды, өзүбүздүн армиябызды күчөтүшүбүз керек. Россия, Казакстан, Белорус сыктуу башка биздин партнер өлкөлөрүбүз биздин аскерибизди күчөткөнгө мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек.

-Эдил мырза, сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG