Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бүгүн 60 жашка чыкты. Мааракеге аралаш анын экинчи мөөнөткө президент болгону жарыяланды.

2009-жылдын жайы Курманбек Бакиев президенттик тактыда келаткан акыркы төрт жылдан берки эң эле мартабалуу учуру болду. Анын туулган күнү президенттик шайлоодогу жеңиши менен коштолуп, ага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин бейформал жолугушуусуна капташты. Саммиттин шылтоосу менен Орусия президенти Дмитрий Медведев баштаган алты президенттин Кыргызстанга келип, Бакиевди туулган күнү менен куттуктап турушу анын эл аралык коомчулуктун алдында зоболосун көтөрүп койду.

Президент Курманбек Бакиев постсоветтик өлкөлөрдүн ичиндеги бийликке ыңкылап аркылуу келген үч президенттин бири. Мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан жадаган элдин массалык толкундоолору 24-мартта бийликтин кулатылып, анын ордуна оппозициялык лидер, Кыргызстан элдик кыймылынын башчысы Курманбек Бакиевдин улут башына келишин шарттаган.

Курманбек Бакиев өзү мамлекеттик ишке мурдагы бийликтин тушунда аралашып, район акиминен тарта премьер-министрликке чейин жеткен. Аксы окуясынан кийин өкмөт башчылык кызматтан кетип, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланган. Бакиевдин мындай бийик кызматтарды аркалап келиши, башка саясатчыларга салыштырмалуу каржылык мүмкүнчүлүгү кеңири болгондугу Кыргызстан элдик кыймылына лидерликке, ыңкылаптан кийин мамлекет башчылыкка тандалышына, негизги шарт болуп берген.
2005-жылдын 25-марты

Ошол кездеги Кыргызстан элдик кыймылдын мүчөсү Исмаил Исаковдун айтымында, Бакиев бийликке Жогорку Кеңештин депутаты Апсамат Масалиев баштаган таасирдүү саясатчыларынын чечими боюнча келген, бирок ал ишенимди Бакиев бийликке келгенден кийин актабай койду:

- Бизге берген сөзүн, ыңкылап учурунда элге берген сөзүн аягына чейин туруктуу аткарган жок да. Иренжиткени ушул болду. Үй-бүлөлүк системага жол бербейм деп, аны Акаевдикинен катуу, аябай күчөттү. Демократиялык принциптерди, адам укуктарын катуу сактайм деп сактабай эле тебелеп-тепсеп, полицейскийден дагы кылмыштык жолдорго да өтүп кетип атпайбы. Мына ошолор иренжитти.

Бийлик башындагы төрт жыл ичинде Феликс Кулов менен тандем түзүп, ыңкылаптан кийинки чоң толкундоолорду басаңдатууга, Конституциялык реформа жасап, парламентти таратууга, өзүнүн “Ак жол” саясий партиясынан куралган парламентти шайлатууга, өкмөттүн чечүүчү кызматтарына өзүнө берилген жетекчилерди коюуга, оппозициянын айрым бөлүгүнө кызмат берип, бооруна тартуу аркылуу өз бийлигин чыңдоого жетишти. Айрыкча акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы саясий күчтөрдүн мизин кайтаруу үчүн оппозициялык лидерлерге, туугандарына кылмыш иштерин козгоо, кармоо, камоо күчөп кетти.

Бакиев саясатын колдогон саясий күчтөрдүн бири, коммунисттердин лидери, Парламенттеги коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев президент Бакиевди:

- Үч жылдан берки ызы-чуу, тополоңдордон татыктуу чыкты деп айтса болот. Бул чоң жеңиш. 2005, 2006, 2007-жылдар аралыгында ар кандай күчтөр кетиргенге аракеттерди жасап, бирок, ошону менен ызы-чуу, тополоң токтоп калган. Муну чоң жетишкендиги деп айтса болот. Экинчиден, кандай айтканда да экономикада чоң өзгөрүүлөр болуп атат. Албетте бул жалгыз Курманбек Салиевичтин (Бакиев-ред.) жалгыз эмгек-мээнети эмес. Бирок ошону уюштурганда салымы бар, - деп баалады.

Бул аралыкта Бакиев мамлекеттик саясатты башкарууга жөндөмсүз, үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруунун мураскору болду, демократиялык баалуулуктарды кысып, авторитардык түзүлүшкө кайтарды, кадр саясатын аксатты, кылмыш дүйнөсү менен жуурулушуп кетти, жер байлыктарын мамлекеттен ажыратып, элге каршы иш кылды деген өңдүү кескин сындарга кабылып, алар массалык акциялар менен коштолуп келди. Ыңкылапта бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган Кыргызстан Элдик кыймылындагы тилектештери Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Исмаил Исаков элдешкис оппозициядагы таасирдүү саясатчылардын катарын толуктады.

Ноябрь митингдеринен кийин премьер-министр болгон дагы бир ыңкылапчы, СДП фракциясынын башчысы Алмаз Атамбаев акыркы президенттик шайлоодо биринчи атаандаш болуп, акырында Бакиевди мыйзамсыз шайланган президент деп тааныды. БЭК президенттик шайлоо эгемен Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өттү деп, азыркы президентти тааныбай турганын жарыялады.

Бакиевден жүзүн бурган ыңкылапчылар биринчи кезекте аны ыңкылаптын талаптарын аткарган жок деген кине коюп келатышат. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов Бакиевдин көз карашында, маселен, Бакиев үй-бүлөлүк башкарууну түптөгөн Аскар Акаевди кетирүүгө өзүнүн чоң салымын кошкону менен бийликке келгенде кайра эле мурдагы бийликтин мураскору болуп чыкты:

- Президенттикке келгенде бул мамлекеттик ишмер катары өзүн көрсөтө албай койду, саясатчы катары дагы начарыраак чыгып калды. Бул деле Акаевдин шакирти болуп, андан деле өткөн адам болуп чыкты, кудай мени кечирсин, бирок бул элдин кызыкчылыгын коргобой, ошол бийлик үчүн эле келген адам болуп эсепке кирет азыр.

Үй-бүлөлүк башкарууну улантып жаткандыгы тууралуу дооматтар адатта президенттин бир туугандарынын, балдарынын мамлекеттик кызматта тургандыгы, көмүскө таасирлер менен негизделип жүрөт. Бакиев мындай дооматтарды өзү президент болгон төрт жыл ичинде нечен курдай төгүндөгөн. Мындай суроолор акыркы шайлоодогу үгүт маалында да жооп берди. Мурдагы жылдары улуттук телерадиоканалга берген интервьюсунда төмөнкүлөрдү билдиргени бар:

- Менин балдарым эч качан Кыргызстанда болуп аткан майда болобу, чоң болобу бир да бизнеске аралашпайт. Бир туугандарым боюнча. Иним Жусуп өтүп кетти, абдан чоң жардам берди. Жалал-Абадда. Ошто элдик революцияны башкаруу ролун абдан чоң аткарды. Ошондуктан Жусуп каза болгондо Түркияга расмий сапарымды токтотуп, барбай койгом. Калган инилеримден мына бири айыл өкмөтү, кудайга шүгүр, өзүбүздүн айылыбызда чуркап, колунан келишинче аракет кылып жүрөт, Адыл болсо Кытайда, Марат болсо Германияда. Марат деле мына парламентте эл аралык комитеттин төрагасы болуп иштеди. Ага мен эмнеге тоскоол кылышым керек?

Бирок мындай билдирүүлөргө оппозицияда кулак каккандар сейрек. Азыр мамлекеттик башкарууга президенттин ишкер уулу Максим жана иниси Жаныбек батыл киришкен үй-бүлө мүчөлөрүнүн катарында саналып жүрөт. Айрыкча иниси Жаныбекти Мамлекеттик күзөт кызматына койгондон кийин Бакиев үй-бүлөлүк, коррупциялашкан башкарууну күчөттү деген доомат арбыды.

Жаныш Бакиев мурдараак “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланышкан “Матрешка” жаңжалында Коопсуздук комитетинин орун басарлык кызматынан кеткен. Жаныбек Бакиев “Эмгек жана биримдик” партиясынын түзүүчүсү, март ыңкылабынын күжүрмөн катышуучуларынын бири катары да белгилүү.

Бакиев өлкөдө авторитардык режим орнотуп атат деген укук коргоочулар, саясатчылар негизинен аты таанымал саясатчылардан тартып журналисттерге чейин кылмыш иши козголуп, кармалып, камалып жатышын, гезиттердин жабылышын, табышмактуу өлүмдөрдүн, таяк жегендердин көбөйүшүн, адам укуктарын жана эркиндиктерин кепилдеген мыйзамдар бийлик кызыкчылыгына бурулуп, оңдолуп жатышын, сот, тартип коргоо тармагында мыйзамдардын одоно бузулуп жатышын мисалга тартышат.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова Бакиевди өз бийлигин өзү жеп келген мамлекеттик ишмерлердин катарына кошот:

- Бакиевге Акаевдин бийлигин салып бергендердин бири катары карайм. Себеби мына Аксы окуясында мына бүгүнкү күнгө чейин аксылыктардын коргоочусу катары, 44 томдун баарын окуп чыккан киши катары мен азыр толук, таза абийирим менен айта алам: Аксы окуясында Бакиевдин түздөн-түз күнөөсү бар, ушу кишинин жетекчилиги менен болгон бардыгы. Менимче атайылап салып берип, эки жыл бою парламентте унчукпай отуруп, анан келген болушу мүмкүн. Өзүнүн бийлигин өзү жеп келген адам. Андайлар дүйнө жүзүндө болгон. Өзүнүн бийлигин өзү жеп, кайра ошол орунга келгендер адатта карөзгөй диктатор болуп калышат.

Муну чеки көргөндөрдүн бири, депутат Искак Масалиев, тескерисинче, Бакиевдин тартип орнотуу далалатын колдойт:

- Демократия анархияга айланып, каалаган нерсени өзүм билем деген болбош керек. Мамлекетте тартип болуш керек. Бул жагынан ал илгерки советтик мезгилде тарбия алган сапаттары көрүнүп турат. Ал жетекчи болгон, заводдордо иштеген, ошондуктан, коомдо тартип болуш керек дегенге кошулат элем. Тартип дегенди кээ бир адамдар, кээ бир уюмдар, кээ бир адамдар кысым деп эсептеп атышат. Балким алардын мамлекетинде ошондой, бирок биздин коом, Советтер Союзунан калган мамлекеттер сөзсүз муну жашап өтүшүбүз керек.

Бакиевдин мамлекет башчы катары дагы бир өксүгүн талдоочулар тышкы саясатынан көрөт. Маселен, саясат таануучу Кубан Абдымендин баамында, Бакиев биринчи кезекте эки тараптуу мамилелерди жөндөй алган жери жок:

- Эки гана мамлекетке барып келди төрт жылда. КМШ мамлекеттеринен тышкары Австрияга барды ЕККУ кеңсесине, андан кийин Жапонияга барды. Андан башка жеке расмий сапар менен бир дагы мамлекетке барып, сүйлөшкөн учурларын эстей албай атам. Негизинен КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери менен Москвада, Бишкекте, Астанада кезигип атты. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде дагы эки тараптуу мамилелердин пайдасын көрөлү деген сапар менен барган учурларды эстей албай атам.

Ошол эле учурда талдоочу Кыргызстандын АКШ менен Орусиядан бирдей экономикалык колдоо алууга жетишкендигин тышкы саясаттагы алгылыктуу жүрүшү катары баалайт:

- Чоң пайда алып келди деген жүрүш, Батыш маалымат каражаттарынын жазышынча Америка менен Орусия ортосундагы геостратегиялык багыттагы талаш-тартыштарды өзүнүн пайдасына колдонгонго чоң кадам жасап, экөөнөн тең каржылык колдоо алганын жакшы жүрүшү десе болот.

Бакиевди Кыргызстандын экономикасын көтөрүү далалаты бар саясатчы катары баалаган талдоочулар да аз эмес. Алар муну биринчи кезекте дүйнөлүк кризиске туруштук бере алган жагдайдын түзүлүшү, “кылым курулушу” деп аталып жаткан Камбар-Ата ГЭСтеринин курулуштарынын колго алынышы, суу маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгында чечүү далалаты менен ченешет. Бул өз кезегинде президент экономикалык саясатты жөндөй албай атат деген сындарды жокко чыгара албайт.

Маселен, талдоочу Базарбай Мамбетов өз дооматын төмөнкүдөй негиздеди:

- Бакиевдин төрт жылдык бийлиги экономикага өсө турган багытты алып келе алган жок деп айтсак туура болот. Эң негизгиси төрт жылдын ичинде Акаевден калган энчи-мурасты жокко чыгарып, баалап, өнүгүүгө кандай өзгөрүү киргизишибиз керек, экономиканчн өнүгүшүнө кандай шарттарды түзүшүбүз керек, эмне үчүн Акаевдин убагында бизде экономикалык жылыш болгон жок, ошонун баарын далилдеп, анан жаң экономикалык жолго түшөбүз деген ой менен биз дагы төрт жыл жүрдүк, бирок андай боло алган жок.

Экинчи мөөнөткө шайлоо маалында берген убадаларына караганда Бакиевдин алдыдагы максаты экономикасы өнүккөн, стабилдүү мамлекетти келерки президентке өткөрүп берүү. Бул тууралуу президенттик шайлоо күнү билдирген:

- Мен эч качан креслого жан талашып, жармашкан киши эмесмин. Муну мени жакшы билгендер билет. Ошондуктан, кудай кааласа, президенттикке шайланып калсам, кийинки президентке мамлекетти мен кабыл алгандай эмес, экономикасы өнүккөн, экинчиден стабилдүү өлкө, анан бийликти да жанагындай күч менен алмаштырып, жанагындай жөө жүрүштөр менен, ачкачылык жарыялап, андай жол менен бийлик алмашкан туура эмес. Бийлик мыйзамдуу жол менен алмашыш керек.

Байкоочулар өз кезегинде Бакиевдин экинчи мөөнөт үчүн президенттик шайлоодо берген убадаларын биринчи мөөнөттө берип, бирок аткарылбай калган убадаларга окшоштурушууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG