Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Лукашенко Бакиевге эмне үчүн башпаанек берди?


К. Бакиев Минскиде, 21-апрель, 2010-ж.
К. Бакиев Минскиде, 21-апрель, 2010-ж.

Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин Беларустан башпаанек табышын беларус талдоочулары бир катар себептер менен байланыштырышууда. Бул аралыкта Евробиримдик жана Хьюман Райтс Уочт уюму азыркы кыргыз бийлигин апрелдеги кан төгүүнү кылдат иликтөөгө чакырды.

Курманбек Бакиев Беларуска аялы жана эки жаш баласы менен барганын шейшемби күнү парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент Александр Лукашенко жарыялап, муну мамлекет башчысы катары жеке өзүнүн чечими деп түшүндүргөн эле. Минсклик саясий талдоочу Александр Класковский беларус президентинин кадамын өлкөнүн тышкы саясаты үчүн зыяндуу жана эмоциядан улам эле кабыл алынган чечим деп эсептейт:

- Эгер рационалдуу түрдө анализдеп көрсөк, мындай чечимден Беларустун тышкы саясаты үчүн оңго караганда, терс жактары көп. Бул чечим Орусия менен мамилени татаалдаштырчудай. Анткени Александр Лукашенко тарабынан буга байланыштуу Орусиянын дарегине сын айтылды. Анын пикиринде, Москва Курманбек Бакиевди кулаткандардын тарабына дароо эле өтүп, Кыргызстандагы окуялар учурунда өзүн туура эмес жагынан көргөздү. Бул чечимден улам Казакстан менен мамилеге да доо кетиши ыктымал. Себеби Казакстандын дарегине да сын айтылды, Кошмо Штаттардын дарегине да сын болду. Кыргызстандын утурумдук өкмөтү иликтөө жүрүп жатканы, келечекте Беларустан Бакиевди өткөрүп берүүнү талап кылышы мүмкүн экендиги тууралуу билдиргенин эске алганда, расмий Бишкек менен да мамиле бузулушу мүмкүн.

Бакиев фактору жана ЖККУ
ЖККУнун башкатчысы Бордюжа Бишкекте Бакиев менен ал бийликтен кулаардан тогуз күн мурда, 29-мартта жолуккан.


Ал эми “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун беларус кызматынын саясий баяндамачысы Валерий Карбалевич биз менен маегинде өзү Европанын акыркы диктатору атыккан Александр Лукашенко кезинде Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусеин, Югославиянын мурдагы президенти Слобадан Милошевичке башпаанек сунуш кылып, аларды Беларуска чакырганын эске салып, Кыргызстандын бийлиги ураган күндө да ал Бакиевди өткөрүп бериши күмөндүү экенин айтат. Карбалевичтин пикиринде, Лукашенко Бакиев факторун башка максатта колдонушу мүмкүн:

- Лукашенко Бакиев факторун кыргыз бийлиги эмес, Москва менен соодада пайдаланууга аракет жасоосу мүмкүн. Бирок менимче бул Москва абдан үңүлүп көңүл бура турган деле фактор эмес. Башка маселе Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун иштешинде проблема чыгуусу мүмкүн. Анткени Кыргызстандын жаңы бийлиги менен Беларустун ортосундагы чатак албетте саясий жана аскерий союздун ишин татаалдаштырат.


Шейшемби күнү беларус парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Лукашенко Кыргызстандагы толкундоолор учурунда үн катпай койгону үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмун да сынга алган болчу. Саясий баяндамачы Валерий Карбалевич биз менен маегинде кошумчалагандай, беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары Кыргызстандагы апрель ыңкылабы Орусия тарабынан уюштурулган деп ырастап келүүдө.

Ал эми көз карандысыз байкоочулар тарабынан Бакиевдин Беларуска барыш жүйөөсү боюнча кандай пикирилер айтылып жатканы тууралуу минскилик талдоочу Александр Класковский мындай дейт:

- Беларусиялык баяндамачылар, көз карандысыз эксперттер өз комментарийлеринде Александр Лукашенко Кыргызстандагы окуяларды, асыресе Бакиевдин тагдырын, балким, Беларуста ал үчүн болушу ыктымал жагымсыз окуялар менен салыштырып жатканын белгилешти. Атүгүл диктаторлордун тилектештиги деген сөз дагы айтылды. Постсоветтик авторитар лидерлердин башкалары да балким ушундай эле ойлойт, бирок анысын ачык айталган алган жок. Лукашенко бул жолу постсоветтик авторитар башкаруучулардын маанайын билдирүү жагынан лидер болуп чыга келди.

Евробиримдик эмне дейт ?

Бул аралыкта Кыргызстандагы жагдай эл аралык коомчулукта талкууланууда. Шаршемби күнү Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Старасбургда Европарламент депутаттары алдында сүйлөгөн сөзүндө утурумдук өкмөт конституциялык, демократиялык тартипке, мыйзам үстөмдүгүнө кайтып келүү боюнча ачык планын ишке ашыруусу жана 7-апрелде кан төккөндөрдүн жоопкерчилиги каралуусу керектигине токтолду:

- Жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү камсыздоо зарыл. Бишкекте демонстранттарга каршы атылган октон сексенден ашуун адам өлдү, жүздөгөндөрү жаракат алды. Бул окуяны жөн эле четке таштап салуу мүмкүн эмес. Биз чынында эмне болгондугу, ким жоопкер экендиги такталуусуна муктажбыз жана ушундай окуялар келечекте да кайталанбоосу үчүн эмне кылуу керектигин аныктообуз зарыл. Соңкусу жакындагы кризис нукура социалдык жана экономикалык реформа зарыл экендигин көргөздү. Тилекке каршы, Кыргызстандын мисалы малекеттик башкаруунун начардыгы жана нукура реформанын жоктугу саясий туруксуздукка жана акыр аягында зордук –зомбулукка алып келиши мүмкүн экенин ачыктады.

Кыргызстандын азыркы утурумдук бийлигин апрелдеги кан төгүүнү иликтөөгө Хьюман Райтс Уочт уюму да чакырды. Уюмдун билдиргенине караганда, алардын иликтөөсү жаңжалдын курчуп кеткени үчүн коопсуздук күчтөрү да демонстранттар да жоопкер экенин көргөзгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG