Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча президент көтөрүп жаткан мыйзамдык демилгелер кызуу талаш-тартышка жем таштады.

Бейрасмий булактардан алынган маалыматтарга караганда Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү президенттин сунушун учурда атайын жумушчу топ даярдап жатат жана ал сентябрдын этегинде парламенттин кароосуна сунушталышы ыктымал. Президент Курманбек Бакиев көп тараптуу реформа тууралуу 1-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө:

- Реформаларды өткөрүү үчүн Жогорку Кеңештин компетенциясына ылайык Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Өзгөртүүлөр боюнча сунуштар жакын арада сиздердин карооңуздарга берилет, - деп билдирген болчу.

Андан бери Ак үй жалпы эле реформаны ишке ашыруунун кийинки кадамдары, анын ичинде Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жол-жобосу тууралуу түшүндүрмө берген жери жок. Ага жараша парламент, анда басымдуу орунду ээлеген “Ак жол” фракциясынын таасирдүү мүчөлөрү президенттин чечимине кылчактап, кандайдыр бир ой айтуудан айбыгып турушат.

“Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов "азыр алдын ала айтуу кыйын, бирок белгилүү жагы – Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде гана каралат” деген жообу менен чектелип, муну президенттин сунушу али депутаттардын колуна жете электиги менен түшүндүрдү.

Бул аралыкта коомчулукта президент өз институтуна киргизип жаткан өзгөрүүлөр Баш мыйзамга толук кирет деген көз караштар айтылууда. Ал эми оппозициялык күчтөр дегеле президенттин реформалык сунуштарын Конституцияга өзгөртүү киргизгидей деңгээлде деп эсептешкен жери жок.

Мурда маалымдалгандай президент Мамлекеттик катчылыкты жоюп, Жогорку Курултай, Президенттик кеңешме, президенттин алдында өнүктүрүү институттарын түзгөн атат. Президенттин катчылыгы күчтөнүп, президенттин администрациянын бир топ укуктары өкмөткө берилгени турат.

Президенттин мындай өзгөрүүлөрүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев саясий институттардын ичиндеги аппараттарды реконструкциялоо деп, муну Конституцияны өзгөртүүгө чейин жеткирүүнү саясий сабатсыздыкка теңейт:

- Сунуш кыла турган органды президенттин алдына дагы бир жолу түзүп берип, анан булар элдин атынан сунуш кылды эле, момундай чечим кабыл алдым деп айткандын өзү жеке бийликти дагы бекемдөөгө багытталган аракет деп кабыл алсак болот.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын дагы бири Өмүрбек Текебаев жогоруда аталган институттардын Баш мыйзамга киргизилиш ыктымалдыгын жокко чыгарбайт, бирок Баш мыйзамга киргизиле турган мындай ыктымал өзгөрүү мамлекеттик башкарууга олуттуу өзгөрүү алып келе албайт:

- Президенттин алдындагы Жогорку Курултай, Кеңеш дегендер киргизилиши мүмкүн. Эми аларды ал жерге (Конституцияга-ред.) киргизүү сөзсүз эмес. Жөнөкөй мыйзам, президенттин жардыгы аркылуу деле түзүп койсо болот. Конституцияга алар киргенден мамлекеттин турмушундагы орду өзгөрүп калбайт.

Оппозициялык саясатчы реформа демилгесин алаксытуу тактикасы болушу мүмкүн деп, иш жүзүндө Конституцияга мамлекеттин эмес, бийликтин кызыкчылыгын көздөгөн башка өзгөрүүлөр кирип кетерин болжойт.

Президент сунуш кылат деп күтүлүп жаткан Баш мыйзамга эрежелер кандай тартипте ишке ашары азырынча жалпы коомчулукка бүдөмүк бойдон турат.

Конституцияны өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин укуктары жөнүндө Баш мыйзамда: “Ушул Конституциянын үчүнчү-сегизинчи главаларынын жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин, Жогорку Кеңештин сунушу же 300 миң шайлоочунун демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Ушул Конституцияга Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Конституциялык Соттун корутундусу болгондо каралышы мүмкүн” деп жазылган.

Бирок бул жоболор жаңы реформага байланышкан сунуштарда кандай пайдаланылары тууралуу тиешелүү адистер түшүндүрмө берише элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG