Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Орусияда жок кылынган шектүүнүн бири кыргызстандык экени айтылууда


Нижний Новгороддо полиция жок кылган эки шектүүнүн бири 22 жаштагы кыргызстандык экени айтылууда. Lifenews агенттиги тараткан кабарга караганда шектүүнүн экинчиси - Орусиянын 28 жаштагы тургуну. Экөө тең күч кызматкерлерине каршылык көрсөтүү учурунда жок кылынган.

Жекшембиде полиция жардыруучу заттарды алып жүрөт деп шектелген эки адамды атып өлтүргөн. Шектүү унаа токтотулган кезде андагы адамдар ок чыгарып, натыйжада атышуу башталган. Машинедеги үчүнчү адам колго түшүрүлгөн. Айрым булактар аларды “террорчу” деп сыпаташкан.

Кыргыз тарап алардын бири кыргызстандык экени тууралуу азырынча маалымат келе электигин маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG