Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Путин: Канттагы аскерий базабыз Кыргызстанды коргоодо


Владимир Путин
Владимир Путин

"Орусиянын Кыргызстандагы куралдуу күчтөрү кыргыз мамлекетинин коопсуздугун коргоо максатын гана көздөйт, эгер анын зарылчылыгы болбосо ошол замат чыгып кетүүгө даярбыз" деп билдирди бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда орус президенти Владимир Путин.

Кыргызстандагы Орусиянын базасы тууралуу суроого жооп берип жатып Путин:

- Билбегендерге эскертип коеюн, Кант шаарындагы биздин базабыз 1999-2000-жылдары Кыргызстандын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча ачылган болчу. Анда Кыргызстан Ооганстандан келген эл аралык террорчулардын чабуулуна кабылган. Эгер Кыргызстан "биз өзүбүздүн күчүбүздү бекемдеп алдык" десе ошол күнү чыгып кетебиз, -деди.

Владимир Путин Борбор Азия өлкөлөрөрүнө сапарынын алкагында бүгүн Бишкекте болду. (RK)

XS
SM
MD
LG