Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

О.Молдалиев: Кандай болсо да К.Бакиев сот жообуна тартылат


Апта башында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Түркияга кеткендиги тууралуу бейрасмий маалыматтар тарап кеткен. Бирок бул өлкөнүн “Белта” жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, президент Лукашенко Могилев шаарында студенттер алдында сүйлөп жатып, К. Бакиев Беларуста болгонун, эки апта мурда анын үй-бүлөсү менен жолугушканын айткан.

Ага катар Беларус президенти К.Бакиев Кыргызстанга барып референдум жарыялоого, андан соң кызматтан кетүүгө даяр экендиги тууралуу да билдирген. Ушул маселе боюнча саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- А.Лукашенконун мурдагы кесиптеши, эл бийликтен четтеткен К.Бакиевди дагы эле мыйзамдуу президент дегендей билдирүүлөрдү жасап жатышынын артында эмне жатат? Бул өз өлкөсүндөгү эле коомдук пикирге ойнообу, же башка максаттары да барбы? Сиз кандай көз караштасыз?

Орозбек Молдалиев: Лукашенко өзүнүн кесиптешине ар кандай моралдык колдоо көрсөтүп эле тим болбостон, мындай билдирүүлөрү менен Кыргызстандын ички иштерине одоно түрдө кийлигишип жатат. Бул ушуну түшүнүп туруп эле жасап атса керек. Түшүнбөй жасап атат деген ойдон биз алыспыз.

Референдумду ким өткөрөт, ким катышат, кандайча болуп өткөрүлөт – муну Кыргызстан өзү гана чечет. Өзү кол коюп берип, президенттигинен четтетилген киши чечпейт аны. Муну Лукашенко жакшы түшүнөт, бирок ошого карабай мындай кадамдар менен эгерде эки элдин мамилесин жакшыртам деп ойлоп атса, анда Лукашенко жаңылат. Албетте беларус элин биз абдан сыйлайбыз. Мурунку Советтер Союзунун элдеринин баары тең согушта абдан көп азап чеккен эл катары беларус элине азыр деле жакшы мамиле менен карайбыз.

- Беларус президентинин айтымында, К.Бакиевдин референдум жарыялап, анан кызматтан кетиши азыркы кырдаалдан чыгуунун легитимдүү жолу болмок экен. Бирок муну учурда кыргыз бийлиги менен бирге Орусия да каалабайт дейт. Бакиев факторунда өзүн Орусия менен оюнун да пайдаланууну көздөп жаткан жокпу?

Орозбек Молдалиев: Албетте бул Орусия менен газ, мунай чатактары, сүт, эт өңдүү көп чатактары бар. Бул өзүнчө эле лидер катары көрсөтүп, орустарга кыр көрсөткөн маселесинде, Орусия бийлиги Кыргызстанга моралдык да, башка финансы жардамдарды көрсөтүп жаткан мезгилде ошого тескери мамиле жасагысы келип, өзүнчө кыр көрсөтүп аткан мамилеси. Муну да жокко чыгарышка болбойт.

-21-майда Беларустун башкы прокуратурасы Кыргызстандан Бакиев боюнча да документтер топтомунун бардыгын алганы ырас. Бирок алар мыйзам тартибине ылайык караларын билдирди. Беларус тарап аны өткөрүп бербей турганы анык. Сиз кандай дейсиз?

Орозбек Молдалиев: Бул маселени Белоруссиянын президенти бир топко чейин созот. Анткени бул бекер жеринен Европанын акыркы диктатору деген атка конгон эмес Диктаторлор болсо өзү каалагандай чечим чыгара берет. Ал баарыбызга белгилүү. Бирок ал диктатордон башка да коомчулук бар, Белоруссиянын оппозициясы, эли бар, эл аралык уюмдар бар. Кандай болгон күндө да Бакиев Кыргызстанга кайтып келет жана сот алдында жооп берет.

- Беларус тарап Кыргызстандан элчисин баш кылып дипломаттарын чыгарып кеткендиги белгилүү. Муну алар коопсуздук жүйөсүнө байланыштырып, бул утурумдук чара экенин жана коопсуздук жагдай жакшырганда гана аларды кайра Кыргызстанга кайтып келээрин билдиришүүдө. Мында Беларус балким элчиликтин алдында өтүп жаткан бир нече пикеттерди да эске алгандай. Муну кандай кароого болот, эки мамлекеттин ортосундагы дипломатияда чоң олуттуу окуябы, же анча деле мааниси жокпу?

Орозбек Молдалиев: Белоруссиянын дипломаттарынын коопсуздукка байланыштуу чыгып кеткенин бул дипломатиялык мамилелер үзүлүп калды деп караганга болбойт. Экинчиден, Белоруссиянын дипломаттарынын бул кадамын биз түшүнүү менен карашыбыз керек. Бул ТИМдин эмес, Лукашенконун демилгеси болгондугу көрүнүп турат. Пикет өткөрүлгөн маселелер болгондо деле көп элчиликтер иштеп эле атпайбы. Жакында эле өзбек элчилигинин алдында тажик диаспорасы митинг өткөрдү. Мындайлар эл аралык практикада боло берет. Бир чети ушуну шылтоо кылып алып эле дипломаттарын убактылуу алып кеткени дипломатиялык демарш деп каралбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG