Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Нарын облусунун 70-жылдык салтанатына Президент К. Бакиев катышып, эмгек алдыңкыларына сыйлык тапшырды. Президент менен учурашып арыз-муңун айта албагандар кыжаалат ойдо калышты.

Нарын облусунун 70 жылдык мааракесине арналган салтанат облустук драма театрында өткөрүлдү. Жыйынга атайын чакырылган адамдар гана киргизилип, президентке жолугууну калаган көп адамдар сыртта калышты.

Нарын облусунун 70 жылдыгынын урматына карата облуста 228 млн. 267 миң сомго 98 ар кандай обектилер пайдаланууга берилди. Бул жөнүндө губернатор Өмүрбек Суваналиев өзүнүн салтанатта сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.

Жыйындын ишине катышкан Президент Курманбек Бакиев облус аймагында орун алган чиеленген маселелердин бири Кара-Кече көмүр кенин өнүктүрүү колго алынат деп убада кылды.

Мал чарбасы турукташкан дубанда картошканын мол түшүм алынып жаткандыгына таңгалган Президент эми мындан ары экинчи нанды Нарында кайра иштетүү керек экенин баса белгиледи.

Салтанат соңунда Президент көзү тирүү төрт Социалисттик Эмгектин Баатырына “Жигули” автоунаасынын ачкычын тапшырды. Алардын эң кичүүсү 69 жаштагы Орозакун Мамбетакунов. Ал эң жогорку наамга 33 жашында арзыган экен.

Жыйында Эмгек Баатыры Орозакун Мамбетакуновдон бөлөк адамга сөз берилген жок. Бирок төкмө акын Жеңишбек Токтобеков салтанатка арналган концерт маалда жол көйгөйүн белгилей кетти.

Сыртта болсо калың эл катмары Президентти күтүп жатышты. Курманбек Бакиев менен сырттан учурашканга жетишкен адамдар отун-суу, электр жарыгы менен камсыз кылуудагы кыйынчылыктар жөнүндө айтканга үлгүрүштү. Ал эми калк катмарында ар кыл пикирлер пайда болду.

Нарын районундагы Миң-Булак айылынан келген ардагердин Калыбек карыянын баамында Президент менен жолугушуу илгерки Жантай ханды тоскондой таасир жаратты:

Жаманов Окош, ардагер:
- Свет жөнүндө айтылды, көмүр жөнүндө айтылды. Анын баарын орундатам деди Бакиев.

Нуралы Белек:

- Хан дейт, хан болгондон кийин буйрук чыгарыш керек. Жардам бериши керек элге.

Иманов Карыбек:
- Мен Миң-Булак айылынан келдим. Элдин тагдырын угузбай коюшту. Элдик кишини эл менен жакшы учураштырып, кенен койсо болот эле. Баягы Жантай келаткандай Баяке "ары тур, бери тур" дегендей эле, мүмкүнчүлүктү кенен бербей коюшту.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG