Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Азаттыктын “Эл үнү” программасына кайрылган угармандар удаа-удаа өткөн Элдик курултай менен Ынтымак курултайын салыштырып, өздөрүнүн көз караштарын билдиришти.

Айрым угармандар отун-сууга тарифтердин кымбатташынан улам кымбатчылык “кабыргаларын кайыштырганын” айтышып, өкмөткө нааразы болушту. Ишемби күнү президент кол койгон “Шарты оор аймактардын тургундарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү” жарлыгына ишеним арткандар да болду.

Талас шаарынан “Манас-1000” уюмунун жетекчиси Серен Шейшенов 17-марттагы Элдик курултайда козголгон маселелерди колдоорун, Ынтымак курултайында коомдогу негизги кйөгөйлөр айтылбай калганын айтты:

-17-марттагы XI Элдик курултайдын өтүшү негизинен коомчулукка, жарандык уюмдарга, элге абдан жакты.Элдик курултай өз максатына жетти. Эң аз дегенде 5 миңдей адам катышуу менен жакшы уюшкандыкта өттү. Курултайда бийликке 7 талап коюлду. Ушул коюлган талаптар абдан туура жана учур талабына жооп берет. Азыркы экономикалык, саясий-социалдык кырдаалга карата коюлган талаптар. Бирок карапайым элдин бул талаптары тилекке каршы Ынтымак курултайында айтылган жок. Биз жумуштун барын токтотуп коюп 23-24-марттагы Ынтымак курултайын Таласта радиондон түз берүүдөн уктук. Ошол бийликтин курултайына республика боюнча 750 делегат катышты. Бирок алардын 1 пайызынан азырагы, тактап айтканда “Ар намыстан” Бөдөш Мамырова, Нарындан келген фермер Арабаев деген мырзага абдан ыраазы болдук. Ошондой эле укук коргоочу Азиза Абдырасулова менен ырчы Сагынбек Момбековдун айткандарына ынандык. Ушул төрт адамдын катышуусунан Ынтымак курултайына маани берилди. Болбосо бир тараптуу болуп элге такыр эле жакмай калмак. Ошолордун курч айтканынан курултайда ачык ойлор, пикирлер козголду дешип элге дуу салып жатышпайбы. Негизинен Ынтымак курултайы өз максатына жеткен жок. Эмне үчүн ошол 750 делегаттын бирөө чыгып үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбесин деп айткан жок? Бир дагы делегат Курманбек Салиевич сиз Конституциянын гаранты болуп туруп, Баш мыйзамды өзүңүз бузуп атасыз деген жок? Бир дагы адам Гуревичти, электр энергиясын уурдагандарды жоопко тартууну, дагы толгон нерселерди таамай айтышкан жок. Мына ошон үчүн бийликтин курултайы накта элдик курултай болду дегенге негиз жок.

Бишкек шаарынын тургуну Нураян Залкарова дагы Элдик курултайга катышып, бийликтин Ынтымак курултайын сыналгы, үн алгылар аркылуу баштан-аяк угуп чыгып, төмөндөгүдөй тыянакка келгенин билдирди.

-Мен өзүм оппозициянын 17 марттагы Элдик курултайына күбө болдум. Ага 8 миңден он миңге чейин эл катышты. Элдик курултай - эл көкүрөгүндөгү маселени көтөрдү жана туура талап койду. Анда Конституциялык реформага жамынып, президент уулун мураскерликке таптоону токтотуу, Конституциялык орган эмес болгон Максим Бакиевдин Борбордук агенттиги жоюлушу керектиги айтылды. Ошондой эле Президенттин бала-чакасы, тууган-уругун мамлекеттик кызматка жолотпоо, MGN group компаниясынын мурдагы башчысы Евгений Гуревичтин ишин тыкыр текшериш үчүн оппозициядан комиссияга сөзсүз түрдө киргизүү, “Азаттыкты” уктурууну калыбына келтирүү талаптары коюлду. Бул жерде эч кандай ашык нерсе коюлган жок. Опосуз көтөрүлгөн жылуулукка, ысык-сууга, жарыкка, газга тарифтерге баалар кайрадан калыбына келтирилиши керек, деп айтылды. Менчикке чыгып кеткен “Түндүк электро”, “Кыргызтелеком” мамлекеттин карамына кайра кайтарылышы керектиги, Саясий себептер менен мыйзамсыз камалган Петровкадагы, Балыкчыдагы адамдарды, саясий жүйөө менен камактагы Исмаил Исаковду бошотуу талаптары коюлду.
Ал эми президентттин чакырган Ынтымак курултайы аман эле болсун. Бийлик колдон тайаардагы акыркы далбас урууну элестетти.
Залда “дүжүр” тоту куштар “сонун-сонун, сопсонун” дешип жергиликтүү майда көйгөйлөрдөн көтөрүлүшө албай, стратегиялык маселелерге көз жумду мамиле кылды. Үй-бүлөлүк башкаруу, Максим Бакиевдин кыргыз экономикасынын таш-талканын чыгарып, олуттуу Орус коңшуларыбыз менен мамилелерибизди суутуп, тышкы саясаттын векторуна чоң жаракка кетирди. Бул туурасында Ынтымак курултайында бирөөсү дагы ооз ачкан жок. Ишенбай Абдыразаков, Алмамбет Матубраимов, Апас Жумагулов, Накен Касиев, Жоомарт Кадыралиев, Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов элдин көкүрөгүндөгү көйгөйлүү кепти айтабы десек унчугушкан жок. Алар “Дүжүр” чалдарга айланганына жаныбыз кашайды.

Курултай маселеси жалал-абаддык угарманарыбызды дагы кайдыгер калтырган жок. Ал жерден Ноокен райстаткомитет башчысы Абдрахман Исаков Ынтымак курултайы өз максатына жеткенин баса белгиледи.

-Кечээги 23-24-мартта өткөн Ынтымак курултайынын өзгөчөлүгү ынтымак курултайын өткөрүүдө мамлекеттик администрациянын бир дагы кызматкерлери катышпаганы эң жакшы болду. Бул деген бийлик менен карапайым калктын ортосундагы байланышты, эл ынтымагын билдирип турат. Элдин арасында абройлуу адамдар курултайга делегат болуп келип, айылындагы, районундагы суроо талаптарды ачык-айрым айтып алышты. Ачуу чындыкты айтышты. Чынында Ынтымак курултайы өз максатына жетти. Курултайдан кийин өкмөт башчы баш болгон министрлер менен дагы делегаттар жеке жолугушуп, элдин көйгөйлүү маселелерин коюшту. Качан эле ушундай болчу эле.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган Нарын облусунун тургундарынын арасында дагы Ынтымак курултайын колдогондор болду, ошондой эле облустагы социалдык маселелер чечилбей жатканын, тоолуу шартта турмуш-тиричилик оорлоп баратканын белгилешти.

Баткен облусунун Чек айылында жашаган Артыкбүбү Исакова дагы отун-сууга тарифтердин кымбатташы менен бийик тоолуу аймактардагы тургундарынын “кабыргасын кайыштырса”, жергиликтүү бийлик социалдык жактан колдоого муктаждарга тиешелүү көңүл бура албай жатканын билдирди.

Ишемби күнү президент Курманбек Бакиев “Бийик тоолуу жана оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” жарлыгына кол койду. Бул жарлык алыскы аймактардын тургундарынын социалдык жашоо шартын көтөрүүгө зор көмөк болот, деп айтты Тогуз-Торо районунун акими Тагайбек уулу Дамир мырза:

-Бул жарлык азыркы кездеги эң туура жарлык деп эсептейм. Себеби бизге окшогон алыскы тоолуу райондордогу карапайым элдин капчыгына абдан эле чоң жардам берет. Эл ушуну эле күтүп жаткан. Бул президентибиздин жүргүзүп жаткан тоолуу жана алыскы аймактарга эң туура саясаты деп билем. Бул жарлыкты чыгаруу менен мамлекет башчынын биздин тоолуу алыскы аймактарындагы Кыргызстандын эмгекчилерине көргөн камкордугу десек туура болот.

Нарындагы электр энергиясынын баасын арзандатуу кыймылынын мүчөсү Адыл Эсенбеков президенттин тоолуу аймактарга
колдоо тууралуу жарлыгы табийгаты татаал, оор шарттарда жашаган атуулдардын маселесин чече албастыгын айтты.



Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз каршыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312- коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG