Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.Бешимов Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч туулгандыгынан улам АКШга чыгып кеткенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

"Азаттык": Бакыт мырза, Кыргызстанды таштап, Америка Кошмо Штатына кетүүңүзгө эмне себеп болду?

Б.Бешимов: Мен бул жакка келем деп эч ойлогон эмесмин. Андай план да болгон эмес. Кыргызстанда ар кандай кысым, коркунуч болгондо да акыркы күнгө чейин чыдадым. Бирок түздөн-түз булар өлтүрөбүз, деп чечим чыгаргандан кийин гана чыгып кеткенге аргасыз болдум. Мен эки жолдун ортосунда турдум. Же калсам булар сөзсүз өмүрүмө кол салат эле. Бул бийлик менен Кыргызстанга жакшы жол ачып берсем деген максатта күрөшөм деген чечимге келдим.

Аманбек Жапаров
"Азаттык":
Бакыт мырза, сизди Жогорку Кеңеш депутаттык ыйгарым укугуңуздан ажыраткан чечимин кандай кабыл алдыңыз?

Б.Бешимов: Жөнөкөй эле кабыл алдым. Азыркы учурда парламент элдин турмушунда кандай ролду ойнойт? Эч кандай роль ойнобойт. Учурунда депутат Кубаныч Кадыровдун кол тийбестик укугун алып койгондо эсиме келди эле. Экс-президенттердин иммунитетинен ажыраталы, аларды жоопкерчиликке чакыралы деп мен демилге көтөрбөдүм беле. Ошондо жалпысынан бүт «Ак жол» каршы чыкпады беле. Анан К.Кадыровго келгенде эле аны иммунитетинен ажыратып койду. Азыркы парламент – бул парламент эмес. Бул элдин жыйыны эмес. Бул болсо бир ууч топтун курал-жарагы болуп жатат. Ошондуктан мен буга жөнөкөй эле карадым.
Азыркы бийликтин негизги максаты – бийликте отуруу, байлыкты топтоо.


"Азаттык": Сиз алыста жүрсөңүз да Кыргызстан тууралуу маалыматты кенен эле алып жатсаңыз керек. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын саясий абалына кандай баа бересиз?

Б.Бешимов: Кыргызстанда азыр бийликтин башында бир ууч топ отурат. Алардын максаты бийлик аркылуу эптеп байып алыш керек. Анан көп мезгилге чейин ошол бийликти кармаш керек. Булардын планы жөпжөнөкөй. Ошондуктан Коомдук палата деди. Эми Курултайды чакырып жатат. Өздөрү болсо көпчүлүк колдогон парламентти түзүп алышты. Ошолору аз келгенсип, азыр да колдоого ээ болгусу келип жатат. Бул алардын бийликке бош, кыйшык отурганын көрсөтүп жатат. Өздөрүнө өздөрү ишенбейт. Өз ара ичинде болсо эч бир биримдик жок.

Алайда И.Исаковдун бошотулушун талап кылган митинг. 10-февраль, 2010-жыл.
Азыр мына Алайда болуп жаткан окуялар эмнени билдирет? Биринчиден, бул ошол бийликтин ыдырашына жана бийликтин кулашына жол ачып жатат. Учурунда 2002-жылы Аксы окуясы ошондой жолго түштү эле да. Анан Кыргызстан үч жылдан кийин бийликти алмаштырганга аргасыз болду эле. Азыр деле Алайдагы окуя ушул бийликтин жок болушуна жол ачып берет. Албетте ага убакыт керек.

Бирок азыр элдин көпчүлүгү, айрыкча түштүктө түшүнүп калды. Бул бийилик менен сүйлөшүү же бир тынч жол менен тил табуу мүмкүн эмес, ошондуктан радикалдуу күрөш жолуна өтөт. Үчүнчү жыйынтык чыгарса болот. Азыр жалпысынан саясатчылардын арасында, айрыкча түштүктөн чыккан саясатчылардын арасында ажырым пайда болду. Алардын көпчүлүгү ушул бийлик менен, Кыргызстанды басып алган үй-бүлө менен келечек жок экенин түшүндү. Ошондуктан бийликте отургандар акырындык менен бийликтен чыгып кетүүнүн жолун издеп жатышат. Бул жөнүндө мен жооптуу баса белгилеп кетким келет.

Оппозиция болсо катуу күрөшөт. Эл көтөрүлүп коррупцияга баткан бийликти алмаштырганына беш жыл өттү. Ошондон бери айтылган убадалар кандай болду? Анан кандай аткарылып жатат? Бул бийлик мурунку үй-бүлөлүк коррупцияга батып кеткен кылмыштуу бийликтин эле уландысы.

"Азаттык": Балким Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөөр?

Б.Бешимов: Конституцияны өзгөртүү, тиги-бу дегенди унутуп эле койгулачы. Ошолор менен алек болгондун эч бир кажети жок. Булар үчүн Конституция, мыйзам жок. Ал жөнүндө сөз деле болбошу керек. Каалагандай өзгөртөт. Эмне кылабыз десе, ошондой кылат. Биринчи иретте өздөрү мыйзамды бузат. Албетте ишеним болуш керек. Оңолуу жолун издеш керек. Бирок оңолуу жолу кайсы учурунда гана болот? Эгерде ошол бийликте отурган адамдар эл жөнүндө ойлосо болот. Уурдабаса, кылмыш жасабаса, мыйзамды бузбаса, ошондо гана жаңы жолго түшөбүз.

"Азаттык":
АКШдагы демократиялык институттар, жарандык коомдор Кыргызстан жөнүндө кандай пикирде?

Б.Бешимов: Биринчиден, 2005-жылы болгон окуядан кийин Кыргызстан жөнүндө ой абдан бийик эле. Күтүү болгон. Өтө чоң ишенич пайда болгон. Анан кийин эле оппозициябыз деп туруп, мурунку бийликти кулатып бийликке келген адамдар мурдагылардан да мыйзамды бузуп, эркиндикти эңсеген адамдарды камай баштаганда айраң-таң калышты.

Ошондуктан «Батышка же Америкага базасына байланышып алып адам укуктарына, демократияга карабай калды» деп айтаардан мурда ойлонуш керек. Кыргызстан эмне болуп калды? Азыркы бийликтегилер 2005-жылы кандай гана убадаларды берди эле. "Демократия болот, туугандарыбызды, үй-бүлөбүздү бийликке, байлыкка аралаштырбайбыз" деп айткан. Кыска мөөнөттүн ичинде теңирден тескери болбодубу.
Өздөрү болсо көпчүлүк колдогон парламентти түзүп алышты. Ошолору аз келгенсип, азыр да колдоого ээ болгусу келип жатат.


Ушундан улам АКШ албетте Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга өтө терс көз караш менен карайт. Жакында эле «Фридом Хаус» уюму Кыргызстанды эркин эмес мамлекет деген жыйынтыгын чыгарбадыбы. Ошондой эле Кыргызстанда азыркы учурда бийликтин өткөрүп жаткан өтө жырткыч саясатына басым быйылкы жылы болот. Болушу керек. Бул жакта деле түшүнүп жатат.

Жыйырма жылдан кийин да Кыргызстандын жер байлыгы, эли түзгөн байлыгы башка бир кылмышкерлер аркылуу уурдалып жатат, чет жакка кетип жатат. Бул бийлик деле кетет. Ошондо азыркы бийликти колдоп жаткан адамдар уят болот. Анткени булардын максаты Кыргызстанды көтөрүү эмес, эптеп чөнтөктөрүн толтуруп, башка жакка кетүү. Жетишет жыйырма жыл адашып жүргөнүбүз!

"Азаттык": Сиз ал жакка саясий баш паанек сурап кеттиңизби же убактылуу жашаганы кеттиңизби?

Б.Бешимов: Жеке турмушум жөнүндө эч нерсе айткым келбейт. Мен бул маселелер боюнча токтолбой эле коеюнчу. Учуру келет. Анткени учурунда, буйурса, бул режим өзгөрөт. Ошондо булар кандай ишти жасап, кимдерди өлтүрөбүз деп аракет жасаганы жөнүндө толук тергөө болот деп ишенем.

Оппозиция өкүлдөрү Аксыда уюштурган жыйын, 3-август, 2009-жыл
"Азаттык":
Сиз океандын ары жагында саясий күрөшүңүздү уланта бересизби?

Б.Бешимов: Мен океандын кайсы жагында жүргөнүм көп деле маанилүү эмес. Негизинен менин тынчымды кетирген маселе - кыргыз эли эгемен болгонуна жыйырма жыл болсо да эмне үчүн таза бийликке ээ болбой жатат? Биз ушундай абалга келгенибиздин себеби - биздеги саясатчылар, тилекке каршы, бийлик үчүн эле күрөшөт экен. Бийликке асылгандардын көбүн демократ деп айтуу кыйын. Ошондуктан эгерде биз жакшы жолго түшөбүз десек демократияны унутпашыбыз керек. Адамдардын укуктарын жогору коюшубуз керек. Анан биздин улуттук кызыкчылык эмес, негизги багыт деп туруп ошого жол салыш керек.

Азыркы бийликтин негизги максаты – бийликте отуруу, байлыкты топтоо. Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы башкада. Теңчилик болуш керек. Адилеттүүлүк болуш керек. Ошол жолго түшүү үчүн биз тиешелүү саясатчыларды колдойлу, туура түшүнөлү, үстүртөн карабайлы.

Жалпы бийликти түзүүчү да, Кыргызстандын өнүгүү багытын белгилөөчү да күч бир эле. Ал – эл! Канчалык эл ынтымактуу, көздөрүн ачып, алдыга чыкса Кыргызстанда өзгөрүү болот.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG