Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Ошто Текебаевди колдогон митинг башталды


УКМКнын алдындагы митинг. Бишкек.
УКМКнын алдындагы митинг. Бишкек.

УКМКнын Оштогу башкармалыгынын алдында Өмүрбек Текебаевдин 50гө жакын тарапкери митингге чыгышты. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, алардын арасында "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү жана башка жарандар бар. Митингде бүгүн таңга маал Венадан Стамбул аркылуу учуп келген кезде кармалган депутат Өмүрбек Текебаевди, анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновду бошотуу, оппозицияны куугунтуктоону, мамлекеттик маалымат каражаттарынан бир беткей шыбоону токтотуу талабы айтылууда.

Атайын кызмат Текебаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында бүгүн Дүйшөнкул Чотоновду да кармап, тергеп жатат.

Башкы прокуратура УКМК топтогон материалдардын негизинде Текебаевдген жети жыл мурун «Альфа Телеком» компаниясына шилтеп орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган деген айып менен 25-февралда иш козгоду. Ал 48 саатка камакка алынды. Леонид Маевский бул иш боюнча интернетке тараган видео тасмасында 2010-жылы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен бир нече жолу жолукканын жана 1 миллион доллар бергенин айткан. Текебаев өзүнө козголгон кылмыш ишин атайын кызмат уюштурган деп билдирген. Чотонов да өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.

Өмүрбек Текебаев акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (NT/ErN)

XS
SM
MD
LG