Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Б.Калмаматов: Эл бийликти колдоодон баш тартууда


Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал тууралуу “Ата мекен” партиясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Калмаматов “Азаттыкка” маек курду.

- 6-мартта сиз Алайдагы Исаковду коргоочуларынын митингинде болгон экенсиз. Ошол митинг тууралуу кененирек айтып берсеңиз?

Бакыт Калмаматов: Алайда буга чейин да тынымсыз митингдер болуп аткан. Эл өзүнүн уулу, Кыргызстандын генералы Исмаил Исаковду коргоп чыгышкан. Кечээги митинг да Исмаил Исаковду бошотуу тууралуу болду. Буга чейин Исмаил Исаковду коргоо боюнча митингдер өтсө, мындан кийин Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган мааниде өттү.

- Алар 15-мартта Ошко жөө жүрүш, атчан жүрүш уюштурабыз деп жатышкан экен. Бул канчалык чындыкка жакын?

Бакыт Калмаматов: Ошол жерде митингге катышкан миңге чукул адам президенттин Исмаил Исаковду түрмөдөн бошотпой койуусуна көзү жеткендиктен, алар мындан ары мыйзамсыз баш ийбөөлөргө, ошондон эле жөө жүрүшкө чыгып, бүгүнкү бийликти кетирүүгө аябай далбас уруп башташты.

- Жергиликтүү бийлик Кара-Кулжадагы, Алайдагы чогулган эл 100-200гө жакын болду, калгандар колдобойт деп айтып атышат. Негизи сиз эл аралап жүрөсүз, элдин маанайы кандай?

Бакыт Калмаматов: Эми бул 100 болду, 50 болду деген кошоматчы жергиликтүү башкаруучулардын кылып жаткан иштери. Булар эки миң, үч миң, он миңге чейин чогулганда деле Акаевдин учурунда деле ушундай көрүнүштөр болуп келген. Азайтып айтышып, эч ким келбей койду, мас адамдар чыкты дешет. Жок, андай эмес.

Бүгүнкү бийликке болгон элдин нааразычылыгы, жийиркенүүсү күндөн күнгө күч алган сайын элдер өздөрүнүн жашоосу үчүн өздөрү күрөшүп, аябай тынчсызданып калышты. Мамлекетте бүгүнкү акыбалдын оор экенин элдер өздөрү жон териси менен сезип, түшүнө башташты.

Мына, акыркы учурлардагы Кыргызстандан суюлуп, чет мамлекетке чыгып аткан адамдарды көрүп, бүгүн Кыргызстанда жашоонун аябай татаал жерге келип атканын, мамлекет туңгуюкта турганын элдер көзү менен көрүп түшүнө башташты.

- “Акжолчу” депутаттар Ош жергесине барып келип “ал жакта саясий абал тынч, эл бардыгына ыраазы” деп айтып атышат.

Бакыт Калмаматов: Саясий абал барган сайын курч алып баратат. Мына акыркы эле электр жарыгына, сууга болгон тарифтердин көтөрүлүшү кымбатчылык, деги эле жумушсуздук өтө көп болгон мамлекетте мындай кымбатчылыктын болуп аткандыгы элге бийликтин чыккынчылык менен жүргүзүп аткан саясатындай эле болуп калды. Эл бүгүнкү бийликти колдоодон баш тартып турат. Мындан ары да ушундай темп менен кете берсе, абал курчуп кете бериши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG