Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Балыкчыдагы бөрк ал десе, баш алгандар


Балыкчы, 23-июль, милиция митингичилерди уруп-сабоодо
Балыкчы, 23-июль, милиция митингичилерди уруп-сабоодо

Балыкчыда камакта отургандардын иши жөнүндө “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова менен маектештик.

- Балыкчы окуясы боюнча камалгандарга конституциялык түзүлүштү бузууга, тополоң жасоого, шайлоого тоскоол кылууга аракет кылды деген оор кылмыштар тагылып жатат. Коюлган айыптын негизи канчалык экен? Анан сиздин уюм иликтөө жүргүзгөн экен, окуя кандай өнүккөнүн ынанымдуу айтып бергендер болдубу?

- Биз Ысык-Көл облусундагы активисттер менен жолуктук, 23-июлда 19 киши кармалгандан кийин дагы мыйзам тепселенип атат, бузулуп атат дегенде биз өзүбүз барып, кийин Караколдо СИЗО-3 тө 10 киши, анын ичинде 2 аял, 8 эркек менен жолуктук. Мисалы 139-статья шайлоо өткөргөнгө тоскоолдук, 297-статья конституциялык түзүмгө шек келтирүү жана 233-статья массалык башаламандык деп коюлган.

Ошол адамдардын баары тең Балыкчы мэриясынынын ичиндеги шайлоо комиссиясына баратканда эмнегедир дымовой шашкалар менен коркутулуп, ОМОН, спецназ менен адамдар аябай сабалып, Балыкчы милициясына кармалып, бир сутка боюнча эч статья коюлбай, бирок эртеси облустук прокурор жана жетекчилер келгенден кийин ушундай бир оор беренелер менен күнөөлөнүп атат. СИЗОдо Жамгырчинованын башы аябай жаракат болуп, колдорунун баары көгала жана башкалар да сабалган. Ошон үчүн биз айткыбыз келет бийликке, шайлоо өттү, бирок баары тең мыйзам ченеминде болуш керек деп.

-Ушул жерде камактагылардын өздөрү айыптарга каршы болуп атышат, ошол эле мезгилде алар негизи эмне максат менен көчөгө чыгышкан?

- 23-июлда эртең менен шайлоо участкалары ачылгандан кийин эмнегедир Бакиев мырзанын офисинен байкоочулар аябай көп болгон. Шайлоо бурмаланып атат деп саат экиге чейин күтүшкөн. Бирок алардын үнүн эч ким уккан эмес. Ошол жердеги шайлоо комиссиясы сөзсүз түрдө алардын арызын караш керек болчу. Бирок мыйзамга каршы болуп алар карашкан эмес, көңүл бурган эмес аларга.

Анан чыдай алышпай айтышкан, кой анда биз чогулуп алып окружкомго баралы деп. Мисалы ошол Жамгырчинова жана башкалардын арыздары чөнтөктөрүндө калган кармалганга чейин. Бирок эмнегедир Балыкчынын бийлиги активисттерге, адамдарга каршы жаман нерселерди жасаган. Мына бүгүн дагы облустук ооруканада Балыкчыда Канат Сопиев жатат. Анын жанынан эки милиция кетпей, бүгүнкүгө чейин сабалганын бизге көрсөтпөй атат, кан басымы аябай жогору болуп атат. Ошондо дагы аны милиция азыр кармап, эч жака чыгарбай зордук кылып атат.

- Ошол окуя болгон жерде Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясына мүчө эки депутат да кармалып бошотулгандыгы мурда кабарланган. Алардын тиешеси канчалык экен ал жерде?

- Мисалы, мен бир депутат Мирбек Асаналиев менен жолуккам. Ошондо дагы ал депутатпы, депутат эмеспи ар бир жаран шайлоо күнү шайлоочу катары эл менен жүрсө болот, мониторинг жасаса болот. Буга мыйзам жол берет. Бирок эмнегедир ал депутаттар мыйзамга каршы ишти жасабагыла деп кайрылганда, аларды милициялар кармап алып аябай сабаган.

Эл көргөн, бүгүнкү күндө ысыккөлдүктөр айтып атат. Биздин тынчсызданганыбыз мыйзам бузуулар эмнегедир айылдарда да күчөп атат. Мисалы айыл өкмөттөр агитатор, координатор болгон адамдардын тизмесин милиция кызматкерлерине берип, бүгүнкү күндө милициялар эмнегедир зордук менен адамдарды аябай басынтып жана укуктарын тепсеп атат. Муну токтотуш керек. Биз Башкы прокуратурага, Омбудсмен институтуна да кайрылдык. Бүгүн саат ондо Омбудсменде аябай чоң чогулуш болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG