Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Ошто Өзбекстан делегациясы конок болууда


Өзбек делегациясын тосуп алуу. 26-октябрь, 2016-жыл. Ош.
Өзбек делегациясын тосуп алуу. 26-октябрь, 2016-жыл. Ош.

Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы бүгүн Ош шаарында конок болуп жатат. 140 адамдан турган топту эртең менен "Достук" чек ара бекетинен вице-премьер-министрлер Мухамедкалый Абылгазиев жана Жеңиш Разаков баштаган расмийлер күтүп алышты.

Коңшулардын сапарына байланыштуу Ошто бир катар маданий иш-чаралар, айыл чарба жармаңкеси уюштурулат. Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, байланышты бекемдөө боюнча документтерге кол коюлат.

Октябрдын башында 130 адамдан турган кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барып, өз ара алаканы чыңдоо, чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүп, маданий саамалыктарга катышып келген. Эки өлкө ортосундагы алака он жылга жакын убакыт муздап турган. (SE)

XS
SM
MD
LG