Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

БЭК президентке ишенбейт, бирок сүйлөшкүсү келет


Балыкчыда шайлоо күнү митингге чыкканы үчүн камалган адамдарды бошотуу үчүн БЭКтин лидерлери Президент К. Бакиевди сүйлөшүүгө чакырууда. Бул жөнүндө "Азаттыкка" БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди.

- Балыкчыдагы сот жараяны канчалык деңгээлде мыйзамдын чегинде өтүп атат?

- Балыкчыдагы соттолуучулар мыйзамсыз кармалышкан. Саясий заказ деп койсок болот. Ошого байланыштуу сот процесси да, тилекке каршы, ошол эле нукта кетип баратат. Күн өткөн сайын ушунчалык мыйзам бузуучулук оркоюп көрүнүп калууда.

- Азимбек мырза? Балыкчы окуясы боюнча кармалгандардын арасында ачык түрдөгү учук менен ооруган жана бөйрөгү катуу ооруган адамдар бар экендиги айтылууда. Сиз жактоочу катары кармоочу жайга кирип алардын ал-акыбалын өз көзүңүз менен көрүп чыктыңызбы?

- Булар соттук териштирүү болгонго чейин эле расмий документтерин шаардык прокуроруна, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысына, тийийштүү органдардын баардыгына тапшырган экен.

Дарыгерлер дагы ошондой экенин тастыктап, булар сөзсүз СИЗОдон чыгарылыш керек, бөгөт коргоо чарасын камактан башка түрүнө алмаштыруу керек деген тыянактар берилген экен.

Кечээ соттук иликтөө учурунда дагы бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүш керектиги айтылды. Айрыкча төрт адам катуу ооруп жатканы байланыштуу документтер толугу менен көрсөтүлдү.

Атүгүл Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Дегенбаев дагы соттолуучуларды колдоп, сиз адилетсиздик кылдыңыз, жок дегенде төртөөнүн бөгөт коюу чарасын өзгөртүшүңүз керек эле деген дооматтарын айтты.

Документтер, далилдердин келтирилгенине карабай прокурордун өзгөртүүсүз калтырылыш керек деген сөзүнө жетектелип, сот бөгөт коюу чарасын өзгөртпөй жатат.

- Аларга медициналык жардам көрсөтүлүптүрбү?

- Медициналык жардам сөзсүз көрсөтүлүш керек деген тыянактар бар экен. Бирок, тилекке каршы, укол берүүдөн башка эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөй жатыптыр.

- Айрым талдоочулар бийлик элдин үшүн алыш үчүн ушундай Балыкчы окуясына катышкандарды жоопко тартып атат деген пикирлерди да айтышууда. Эгерде ушул 19 киши жоопко тартылып кете турган болсо бул маселе боюнча БЭК президент менен жолугууга аракет кылабы?

- Мындай маселе эми түшүнүктүү да, бийлик адамдардын баарын кыңк эттирбей баш ийдирүү, коркутуп-үркүтүү саясатын, дегеле кыргыз элинин үнүн чыгарбай, кыңк эттирбей бир үй-бүлөгө баш ийдире турган саясатын аягына чейин жеткирүү максатында ушул ишти жасап атат.

БЭК буларды бошотуп алуу үчүн, алардын ак экенин, саясий куугунтукка кабылып гана жатканын далилдөө үчүн баардык иш- аракеттерди жумшайбыз. Ошондуктан БЭКтин бир топ жетекчилери Алмаз Шаршенович баш болуп соттук териштирүүлөргө катышып атабыз.

Керек болсо биз бийлик тарабына мурда эле кат жөнөткөнбүз, бир эле Балыкчыдагы эле эмес, дегеле саясий куугунтукка кабылган БЭКтин лидерлери боюнча, сөз эркиндиги боюнча, камалгандар боюнча. Президент менен сүйлөшүүгө даяр экендигибиз жөнүндө биз ачык пресса аркылуу да кайрылганбыз.

Бирок президент диалогго барам деп туруп эле кылган иши теңирден тескери болуп жатпайбы. Бүгүнкү күнгө чейин биз дагы эле ошондой саясий куугунтук менен жаткандар боюнча президент менен сүйлөшүүгө барууга биз макулбуз, бирок биз ишенбейбиз. Президент сүйлөшкөндө дагы мурдагыдай адатынча башкача аракеттерди жасап коюшу мүмкүн.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG