Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Оппозициянын ой-санаасы Балыкчыда


Балыкчыда бийликти басып алууга аракет кылган деген айыпталып камакта отургандарга А. Атамбаев баш болгон оппозиция өкүлдөрү барып жолукту.

А.Атамбаев жана ЖКдагы социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү Балыкчыда эки айдан бери камакта отургандарга жолугуп, ал-акыбалын сурап, аларды бошотуу жана сотто коргоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдиришти.

Камактагы 12 адамдын ичиндеги жалгыз келин, 25 жашар Жаркын Асанова башы айланып, өзүн жаман сезип турганын айтты.

Балыкчы жаңжалы боюнча айыпталгандардын кызыкчылыгын сотто БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров коргоого алууда.

Ал Алмазбек Атамбаев анын таламын талашып чыгып, камакка түшкөндөрдү бошотууга аракет кылбай атат деген пикирлерди негизсиз деп четке какты:

- Атамбаев камактагыларга аракет кылбай атат деген калп. Жактоочуларды алып келип иштетип атат. Укуктук, материалдык жардам берип атат .Керек болсо ушуларды чыгарыш үчүн саясаттан кетейин, бийлик менен сүйлөшүп, Бакиевдин алдына түшүп берейин дегенге чейин барды. Биз ага жол бербей атабыз. Анткени саясый куугунтукта камалып тургандар сиздин бийликке чөгөлөшүңүздү каалбайт, аны эл саясый соодалашуу катары баалайт деп болбой атабыз.

Азимбек Бекназаров Балыкчы окуясында жабырлануучу катары сотто көрсөтмө бере тургандар жалаң милициянын башчысы жана кызматкерлери экенин белгилеп, мунун мыйзамсыздыгын сот залынан далилдеп берерин кошумчалады.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Дегенбаев өзүнүн колунун сынганына ЖКнын депутаты К.Кадыров күнөөлү экени анык деп айтып келатат.

Балыкчыда шайлоо күнү чыккан жаңжал боюнча жыйымадай адамга бийликти басып алуу аракет кылган деген айыптоо коюлуп, кылмыш иши козголгон. 12 адамдын камакта жатканына үч айга чукулдады, сот жыйыны эки жолу жылдырылды.

XS
SM
MD
LG