Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

БУУнун Башкы Катчысы Пан Ги Мун бүгүн эртең менен Бишкекке келди. Баш катчынын жолун утурлай бүгүн Кыргызстандагы кысымга кабылган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, укук коргоочулар БУУнун Бишкектеги имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алардын арасында “Азаттык” үналгысынын, "Stan Media" телекомпаниясынын, “Форум”, "Ачык саясат", "Назар", "Алиби" гезиттеринин жана башка аларга тилектеш маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар.



Бул жерге ошондой эле “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова, ошондой эле башка укук коргоочулар келди. Чогулган адамдар Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктери басмырланып, сөз эркиндиги кысымга учурап жаткандыгы жөнүндө айтып, БУУнун Башкы катчысынын көңүлүн бул өлкөдөгү кейиштүү көрүнүштөргө бурууга аракет кылышууда.

Саясий партиялардын лидерлери жана укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктары жана эркиндиктерин басмырлоо көрүнүштөрүн белгилеп, бийликти сындап сүйлөштү.

Токтайым Үмөталиева, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси: - Мына бир топ укук коргоочуларды кармап кетип жатышат. Гезиттер жабылып атат. Ачык айтканда азыр коркунуч туулап атат, жарандык коом менен бийликтин кагылышуусу болуп кетиши мүмкүн деп коркуп атабыз.

Темир Сариев, "Ак Шумкар" партиясынын лидери: - Тилекке каршы, бийликтин саясаты эркин маалымат каражаттарын чектөө болуп жатат. Көптөрүн жаап атат, көптөрүн чыгарбай жатат ар түрдүу шылтоолор менен текшерип атышат. Бул жерде бир гана түшүнүк бар - бийлик кандай гана айтпасын, эркин маалымат каражаттарына басым болуп атат.

Жылдыз Мусабекова, "Форум" гезитинин баш редакторунун орун басары:
-Мурдагы күнү Октябрь райондук прокуратурасы Октябрь райондук судьясынын чечимдери менен биздин гезитти чыгарууга тыюу салышты. Негиз - биз өлкөдө төңкөрүш жасоого чакырык даярдап жатыптырбыз.

Акция болуп жаткан жерге Бишкектин Биринчи май районунун прокурору У. Асакеев келип, бул жерде митинг өткөрүү мыйзамсыз экендигин билдирип эскертүү берди. Мындай прокурордук эскертүү биринчи иретте “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасуловага, Коомдук парламент төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаевага жана Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиевага тапшырылды.

Пикет болуп жаткан жерге жетип келген Бишкектин Биринчи май районунун акими Аскер Алиев бул иш чаранын мыйзамсыз экендигин билдирди:

- Ар кандай митинг болобу, жыйналыш болобу, ал жөнүндө жергиликтүү бийлик органдарына алдын ала 12 күн мурда кабар берилиш керек. Митинг болор күнгө алты күн калганга чейин биз расмий түрдө жооп беришибиз керек. Мен азыр билип атам эл топтолгонун. Бул негизи мыйзамга толук жооп бербейт.

Бийлик органдарынын кысымы астында Бишкектеги "ОК" радиосу жана аймактардагы өнөктөш радиокомпаниялар“Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн токтотконуна бир айга чукулдап баратат. Бул жумада конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырууда деп айыпталып, сот чечими менен “Форум” гезити жабылды. Каржы полициясы “Stan Media” телекомпаниясын текшерүүгө алып, ага техникалык жабдыктарын колдонууга тыюу салды.

Бишкекте журналисттер менен укук коргоочулардын каршылык акциясы жөнүндөгү кабар БУУнун Башкы катчысына жеткирилди. БУУнун имаратынан пикетчилерге бир адам чыгып, Башкы катчынын өкүлү алар менен жолугуп, талабын угуп Пан Ги Мунга жеткире тургандыгын билдирди.

Пан Ги Мун Борбордук Азиядагы сапарын 2-апрелде Түркмөнстандан баштаган. Бүгүн Бишкекте Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев, премьер-министри Данияр Үсөнов, мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Баш катчы бүгүн эле Кыргызстандын улуттук парламентине барып, депутаттардын алдында сөз сүйлөйт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG