Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Урмат Барктабасов кармалды


Ички иштер министри Кубат Байболов
Ички иштер министри Кубат Байболов

5-августтагы митингдердин уюштуруучусу, мурдагы президенттикке талапкер У.Барктабасов кармалды. Аны кармоо операциясын Улуттук коопсуздук кызматкерлери менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ишке ашырды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” айрым суроолоруна ички иштер министри Кубат Байболов жооп берди.

- Бүгүн Урмат Барктабасовдун кармалгандыгы боюнча маалымат берсеңиз.

Кубат Байболов: Бүгүн мамлекеттик төңкөрүш жасоого кезектеги аракет болду. Анын жетекчиси болуп Урмат Барктабасов жана анын жан жоокерлери болгон. Алардын артында турган саясий күчтөрдүн шыкагы менен, ошолордун акчасы менен элди алдап алып чыгып, иш жүзүндө мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасашкан. Анын мааниси бизге эртең менен эле белгилүү болгон. Себеби “чү” дегенде эле биздин милиция кызматкерлерине кол салып, үчөө жаракат алып, алардын тапанчаларын тартып алышкан.

- Ал окуя Канта болдубу, же Балыкчыдабы?

Кубат Байболов: Балыкчыда болгон. Алардын жанында куралчан адамдар жүрүшкөн. Мамлекеттик төңкөрүшкө болгон аракети бизге эртең менен эле маалым болгон. Ошондуктан биз аларды шаарга киргизбей Канттан токтоттук. Биздин милиция кызматкерлерин ташбараңга ала баштагандан кийин чечкиндүү чараларды көрдүк. Ошондо Барктабасов качып жөнөгөн. Атайын кызматтар менен милициялардын биргелешкен куугунтуктоосунун, издөөсүнүн негизинде Барктабасов колго түшүрүлдү. Эми жоопко тартылат.

- Кайсы жерден колго түштү? Барктабасовдун тарапташтары “биз Киргшелк айылында турганда бизди атышты” деп айткан эле. Ошол жерде Барктабасов өзү да жүрдүбү?

Кубат Байболов: Жалган айтып атат. Ысык-Ата тарапка качканда тик учак менен барып кармадык.

- Ал киши азыр камактабы?

Кубат Байболов: Ооба, атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан ошол жактагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Унааларын таштап качканда курал-жарак жана ок дары табылган. Андан тышкары бир топ курал алынды.

- Ал куралдар апрель окуясынан кийинки куралдарданбы, же азырынча ал иликтеле элекпи?

Кубат Байболов: Аны азыр экспертизадан өткөрүп, номурларын текшерип, атып көрүп, анан тергөөнүн жыйынтыгында билинет да.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG