Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Президент Баткенге барды


Президент К. Бакиев бүгүн Баткенде облустун он, А.Орозбековдун 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Өлкө башчысы анда аймак өнүгүп жатканын, коопсуздук маселесин чечүү үчүн аскердик бөлүк курулуп жатканын белгиледи.

Баткен облусунун 10 жылдыгына арналган салтанатка карата даярдыкты жергиликтүү бийлик бир айдан бери улантып, майрам күнү дагы эртең менен бир кайталап алышты. Бул оюн-зоок үчүн бир жарым миңдей окучуулар менен студенттер тартылып, үч жумадай сабактан четтетилди.

- Атым Санжар, 10-класстын окуучусумун. Үч жумадан бери даярданып атабыз. Эки күндөн бери түшкү тамак берилип атат. Кыйнап атат эми. Сабактан эс алууга чыгып кеткенбиз үч жумадан бери.

Баткен шаарынын тургуну Зыйнаттын пикиринде, минтип бир күндүк майрам деп канчалаган убаракерчилик тартып, каражат кетиргенден көрө бир бала бакчаны ушундай аракет менен курушса жакшы болмок:

- Азыр он жылдыкка карата майрамга каражаттар сарпталып атат, окуучулар да окуудан калып атат. Жүгүр-жүгүрдүн ордуна азыр бир бала бакча куруп койсо жакшы болмок.

Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Курманбек Бакиев Баткен облусунда эң оор делинген жол жана суу маселеси бар экенин айтып, ага мамлекет тарабынан жардамдар берилерин белгиледи:

- Баткендин эки чоң көйгөйү бар. Бул суунун тартыштыгы жана жолдор. Өкмөттүн чечими менен облуста алты каналды куруу иштери пландаштырылган. Бул өтө көлөмдүү жумуш. Ар кандай донорлордун жардамынан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен 550 млн. сом каражатты бөлүп берүү маселеси каралууда.

Мындан сырткары президент Баткенге коргоо министрлигининин дагы бир аскер бөлүгүнүн жакында ачылаарын кошумчалады:

-Дагы бир айтып кетчү нерсе урматтуу баткендиктер, Баткен районуна караштуу Бужум айылында аскер шаарчасын декабрь айында пайдаланууга беребиз буюрса. Буга 166 млн. каражат жумшалды. Ошол жерде кызмат өтөгөн биздин катардагы аскердик жигиттерибиз 8 миң сом айлык алышат, жатаканасы, кийим-кечеси бекер. Мен ойлойм, Баткенге мамлекет жагынан колдоолорду биз мындан ары дагы аябайбыз.

Ошол эле учурда баткендиктердин айрымдары өлкө башчысы аймактагы эң негизги, талылуу болгон чек ара маселеси тууралуу ооз ачпаганына нааразы. Маселен, Баткен шаарынын Султан аттуу тургуну мамлекет башычысынан көптү үмүттөнгөнүн, чек ара маселелери, жаштардын көйгөйлөрү тууралуу кандайдыр бир чечимдерди күткөнүн айтат:

- Биз президент Бакиевден көптү үмүт кылдык эле. Себеби Баткен жаштарынын тагдырына чоң келечек жөнүндө сүйлөйт деп укканбыз. Чоң өндүрүш өнөр жайлар курулат, ушунча жаштардын үмүт-тилегин аткарат деген күтүүлөр болду. Себеби бизде азыр көрүп атасыңар, миңдеген жаштар жумушсуз жүрүшөт. Чек ара жөнүндө маселелер толуп атат. Ал жөнүндө бир ооз унчуккан жок. Ал эми майрам жөнүндө токтоло турган болсок, Баткен облусунун түзүлгөн бир жылдыгындагы сценарий эч кандай өзгөргөн жок. Ушунча он миң элдин алдында Бакиев келгенге чейин бир катар көрсөтүштү. Эл тажап калды да. Театрлаштырылган жагына менин чындыгында ичим чыккан жок. 2 миңге чукул окуучу тартылыптыр.

Кыргызстандын түштүк-батышындагы Баткен аймагы мындан 10 жыл мурда, 1999-жылы өздөрүн Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү деп атаган куралчан топтун кол салуусунан кийин өзүнчө облус болуп түзүлгөн эле. Өлкө борборунан миң чакырымдай алыстыктагы бул аймак учурунда жакшы көңүл бурулбагандыктан көп жагынан артта калганы, социалдык шарттын начардыгы айтылып келет. Облус Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешип, чек аралар ушу күнгө дейре такталбаганы элди түйшүккө салып келүүдө. Аймакта жумушсуздук, миграция күч. Облус түзүүдөгү негизги максаттардын бири – ошол маселелерди чечүү, өлкөнүн түштүк-батыш чегин бекемдөө болгон.

XS
SM
MD
LG