Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Өзбек чек арачылары кыргыз автоунаасына ок атты


Баткен: Кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыз чек ара бекети.
Баткен: Кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыз чек ара бекети.

Баткендин Таян айылынын тургундары түшкөн женил автоунаага Сох анклавынан чыга бериште Өзбекстандын чек арачылары эч кандай эскертүүсүз ок чыгарды. Ок тийген автоунаадагы эки аял жана беш жашар бала катуу коркуп, эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилди. Бул окуяга нааразылык иретинде чогулган Сохтун тегерегиндеги кыргыз айылдарынын калкы менен эки тараптагы жергиликтүү бийлик башчылары жолугушуп, эптеп жайгарган болушту.

15-майда түш ченде Сох анклавынан Баткендин Таян айылын көздөй бараткан кыргыз автоунаасына өзбек чек арачылыры токтотуу жөнүндө ишарат да кылбай эле жол четинен чыгып, машинанын артынан бир нече ок чыгарышкан. Анын натыйжасында жүргүнчү аялдар жана бир жаш бала катуу корккондуктан өзүн жоготуп жыгылганда айдоочу дароо ооруканага жеткирген.

Бул автоунаанын айдоочусу Жумабай Калилов окуяны мындайча баяндайт:

- Биз жолдон өтө бергенде эле артыбыздан өзбек чек арачылары чыга калып аткылашты. Ичинде эки аял баласы менен бар эле, ошолор автоматтын огунан корккондуктан эси ооп жыгылышып, эптеп ооруканага алып келдим. Келип машинаны карасак аркасындагы терезелер сынган, бензобактын үстүнө ок тийген. Эми бул жерде өзбектердин эки чек ара бекети бар. Экөөнүн аралыгы отуз метр. Биздин айылга бурулган жерде дагы бир бекет бар. Эми биз Өзбекстанга кирбесек, бул жолдогу бекетти алып, өздөрү жака койсо болот да.

Ок атылганда эсин жоготуп, ооруканада дарыгерлердин жардамы менен өзүнө келген Салима Жаныбекова окуянын кандай болгонун жарым-жартылай билет:

- Келатсак себепсиз эле бир өзбек чек арачы ушул жолдун нараак чекесине чыга койду дагы бияка өткөндөн кийин эле атты да. Асманга аткан жок, түз эле машинага атты. Ошону менен мен билбейм, эсим ооп калыптыр, калганын билбейм. Келатсак токто деген жок, башка деген жок, түз эле атты. Бул эми туура эмес да, аларды да карай турган башчылары бардыр. Эми абал чынында чатак. Жолдо тосуп алып, бир кап өрүк алып баратсаң да ошого да документ сурап, акча алат. Болбосо өткөрбөй, ар нерсени шылтоолоп тура берет.

Таян айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Мастура Курбанова автоунаадагы адамдар аябай катуу коркуп калганын, бир күн өтсө да беш жаштагы Уланбектин абалы турукташа электигин айтат:

- Келгенде Жаныбекова Салима эженин кан басымы 210-220го чейин көтөрүлүп эс-учун билбей жаткан. Ошол эле учурда Камчыбекова Марбеттин баласы коркуп кеткендиктен температурасы 41-42 даражага чейин көтөрүлүп, бала жакшы өзүн билбей, апасы да жакшы өзүн билбей ушундай абалда алып келген. Алгачкы жардам көрсөтүлүп, аларды мындай шок абалдан чыгардык. Бирок ошол корккондон кийинки стресс дагы эле билинип атат да. Себеби жанагы бала кайрадан чочуп, андан кийин да эки-үч жолу эсин жоготту.

Өзбек чек арачыларынын бул кылыгы жергиликтүү тургундардын кыжырын кайнатып, ошол тегеректеги кыргыз айылдарынан 400 чакты эл чогулду. Алар менен эки тараптын бийлик өкүлдөрү жолугушуп, Өзбекстандын Фергана облусунун акиминин орун басары өзбек чек арачыларынын бул жоругу үчүн кечирим сурады.

Баткен районун акими Дастан Ходжаев бул маселе боюнча өзбек тарап жакынкы күндөрү чечим чыгаары тууралуу убада кылганын белгиледи.

- Фергана облусунун акиминин биринчи орун басары келип, чек арачылардын мыйзамсыз иш аракеттери үчүн расмий түрдө кечирим сурады. Таян айылына барып Кыштут айыл өкмөтүнүн эли менен жолуктук. Ал жерде болуп аткан аракеттер боюнча тиешелүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүдүк. Элдин негизги талабы - чек арадагы мындай мыйзамсыз көрүнүштөрдү четтетүү. Азыркы күндө Суу-Башы айыл өкмөтүнө кыргыз чек ара бекетин койгонбуз. Фергана облусунун акиминин биринчи орун басары бир-эки күндүн ичинде борбордук бийликтерге азыркы түзүлүп аткан кырдаал боюнча толугу менен маалымат берип, абалды жөнгө салуу боюнча сөз берип кетти.

Кыргыз тарап Сох анклавындагы бир өзбек чек ара бекетин алууну да талап кылышууда. Өзбекстандын жергиликтүү бийлиги бул маселе расмий Ташкент менен макулдашкандан кийин гана чечилээрин айтышууда.

Баткен районунун Кыштут, Дара айыл өкмөтттөрүнүн 8 айылынын калкы Баткен шаарына, же Кыргызстандын башка аймагына каттоо үчүн Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүүгө аргасыз. Бул жерде алар аралыгы 50 метрдей турган эки өзбек чек ара бекетинен текшерилмейин өтө алышпайт.

XS
SM
MD
LG