Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Кадамжайда жаштар мушташа кетти


1-август түнү Баткен облусунун Кара-Дөбө айылындагы эс алуучу жайдан чыккан жаңжал улуттар аралык тирешүүгө айланып кетейин деди. Өз убагында күч кызматтарынын аракети жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында топтолгон 300дөн ашуун киши таратылып, азыр аймакта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Эки күн мурда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын четинде кафеде эс алып отурган эки кишинин ортосунда жаңжал чыккан. Аны четтен байкап турган кимдир бирөө жакынкы айылдарга барып, 300дөй жаштарды топтоп келип тирешүү күчөгөн. Ошол замат эле Кадамжай райондук жана Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана кийинчирээк окуя болгон жерге атайын багыттагы кызматкерлери тартылып, топтолгондор таркатылып, таш тийген эки киши ооруканага жеткирилген.

Облустук тартип коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев учурда кырдаал туруктуу болгонун айтат:

- Натыйжада эки киши таштан жараат алып, бир аял, бир эркек киши Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилди. Ал жерге өзбек улутундагы 300дөн ашык жигит келип, ошол жерде тополоң кылып, таяктар менен турушту. Ошол жерге Кызыл-Кыядан мэр, аким, милиция кызматкерлери келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарап кетишти. Бүгүнкү күндө саясий абал жакшы, биздин көзөмөлүбүздө турат.

Тирешүү болгон жерге жакын турган Кара-Дөбө айылынын тургуну Жалил азыр аймакта абал туруктуу экенин, болгону соода жайларында алкоголдук ичимдиктер сатылбай, күч кызматтары көбөйүп калганын айтты:

- Кечээ адамдар топтолуп, тополоң болот деп айтышты эле, бирок тынч. Өткөндө өзбек менен кыргызбы, же тажиктер мененби башаламандык болуп кеткен экен. Мушташ болот деген сөз болду. Бирок азыр тынч. Негизгиси дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин саттырбай койду.

Конфликтолог-серепчи Эсен Урмановдун айтымында, эки улут өкүлдөрүнүн ортосундагы майда тирешүүлөрдү, же чоң жаңжалдарды алдын алууда мамлекеттик деңгээлде алып барчу иштер көп. “Учурда улуттук тирешүүлөрдү алдын алуу маселеси алдыңкы орунга чыгышы керек” деп эсептейт серепчи:

- Эгерде биз жаңжалдарды алдын алабыз десек байланышты оңдошубуз керек. Биринчиден, азыр эки улуттун арасындагы маалымат ачык чыгып туруш керек, анан маалыматтар жашыруун болбой бири-бирине жетип туруш керек. Сабырдуулукту мектеп, университеттерде билим берүү аркылуу улуттук азчылыктарга үйрөтүшүбүз керек. Кыргызстанда жашап аткан улуттук азчылыктар дайыма “биз – кыргызстандыкпыз” деп туруш керек. Аналитиктер мамлекеттик аппаратта, милицияда жетпей турат. Эгерде ушундай күчтүү аналитиктер болгондо биз көп жаңжалдарды алдын алат элек.

Ошол күнкү окуяда топтолгондордун негизги бөлүгүн жаштар түзгөн. Билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Жамалидин Эшенкулов аймакта жаштар өзү демилге көтөрүп, элдик кошундарды түзө баштады. Буга мамлекеттик бийлик колдоо көрсөтүп жатат:

- Эгерде биз жаштар ушинтип жүрө берсек орду толгус нерсени кайра толтуруу өтө кыйын болуп калат. Бүгүнкү күндө биз жер-жерлерде маселени чечпесек, кийин орду толгус жоготууга учурап калабыз. Кийин кыйын болуп калат деген ойду айтып атышат.

Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишев облустук деңгээлде ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатканын, майда пикир келишпестикти кимдир бирөөлөр чоң чырга айландыргысы келгенин айтат:

- Үч-Коргон айыл округунда болгон окуя боюнча тиешеси бар адамдар бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында сурак берип атышат. Ошол жерде тартипти көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
XS
SM
MD
LG