Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Сот-укук тармагындагы коррупциянын бети ачылды


Террорчулардын түрмөдөн бошоп чыгып ээн-эркин жүргөндүгү үчүн укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселе парламентте каралды. “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуев ушул маселе боюнча “Азаттыкка” ой-пикир бөлүштү.

- Сот, прокуратура тармагы эмне үчүн ушундай чечимге келди. Террорчуга негизинен оор кылмыш тагылган экен да?

- Бул маселе кечээ биздин палатанын жыйынында аябай талкууга алынды, эмне үчүн эң оор кылмыш боюнча айыпталып жаткан Хасан Сулеймановдон үч эң оор кылмыш статьясы алынып ташталып, жеңил кесилген экен. Кийин аны дагы амнистияга законсуз түрдө такашып туруп, жеңилдетип, эң акыры шарттуу түрдө бошотуу менен куткарып жиберишкен да.

Ошол кишинин ушундай жол менен чыгып кетишине сот тармагындагы, укуктук системадагы корупциялык шарттар жол берген деп ойлойбуз да. Кечээ ушундай катуу талкуу болду, прокуратура дагы, сот бийлиги дагы өзүнүн күнөөлөрүн кандайдыр бир өлчөмдө моюнга алып жатышат. Ушунун чыгып кетүүсүнө тиешеси бар прокурордук кызматкер өзү арыз жазып жумуштан кетиптир. Менин жеке оюмча, бул жерде кандайдыр бир коррупциялык иштер болгон.

- Ушул фактынын өзү Кыргызстандагы сот жана прокуратура тармагындагы корупциянын бул тармакта кадимкидей эле өркүндөп атканын далилдей алды дегенге негиз барбы?

-Ооба, айтууга негиз бар. Сот-укук тармагында корупциянын бар экени эч кимге жашыруун эмес. Бул ачык эле айтылып келатат, ошол оор кылмышкердин чыгып кетип атышынын өзү эле ошондой фактынын бар экенин далилдейт да.

- Дагы бир маселе сиз токтомго кошумча киргиздиңиз да кечээ шарттуу жазага тартуу маселесин кайра караш керек дегендей. Ушул сунушуңузду эмне менен негиздеп атасыз?

- Хасан Сулеймановдун статьясы эч кандай амнистияга туш келбеш керек болчу. Кандайдыр бир будамайлоо жолу менен муну дагы амнистияга, мунапыска тууралашкан да. Ошо үчүн мындай көп кылмышкерлер законсуз түрдө мунапыска туш болгон болуш керек. Мен ушул атайын кайрадан текшерүүнү талап кылып атам, ушул мунапыска туш болгон кылмышкерлерди кайрадан бүт текшерип чыгып, закондуулугун аныктоо үчүн.

- Өзү негизи шарттуу жаза дегендин иштеп турушу сизге кандай таасир калтырат же биротоло алып салышын каалайсызбы?

-Шарттуу жаза деген бизде толук кандуу түрдө ишке ашырылбайт, себеби ал үчүн жатакана болуш керек, аларга жумуш таап бериш керек. Андай мүмкүнчүлүктөрү жок биздин колониялардын, ошон үчүн аларды шарттуу деп жазалайт, а факт түрүндө алар үйлөрүндө эле жүрүшүп бир жактан акча алып келип тапшырып коюшат.

Бул өзүнүн максатын аткарбайт да, бул тарбияланбайт, жаза аткарылбайт. Ошон үчүн жазанын ушул түрү канчалык кереги бар экенин текшерүүнү атайын комитетке тапшырууну, комиссия түзүүнү да талап кылып жатам.

-Сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG