Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

Б. Бөрүбашев: Мамлекеттик Кеңеш жөнүндө маселе туура эмес коюлду


Cаясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча процесс конституциялык негизде жүрүп жатат деп билдирди. Бирок ошол эле учурда конституциялык реформа, Мамлекеттик Кеңеш түзүү маселелеринде депутаттык корпуста түшүнүк деңгээли жетишпей жатат. Ошон үчүн ашыкча ызы-чуу көп болуп атат.

- Сиз мурда Кыргызстандын Конституциясын жазууга белсенген адамдардын бири катары азыркы президенттин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине кандай баа бересиз?

- Бул маселеде Конституциябыздын 64-беренеси боюнча биздин президент Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө акысы бар. Ушул маселенин укуктук жагын биз көп карасак. Анткени саясий жакка өтүп кетсек ызы-чуу көп болот. Укуктук жактан 64-берене боюнча президент өзгөртүү киргизүүгө укугу бар. Ошон үчүн бул маселе каралып атат деп айтсак болот.

Ошол эле убакта ушул эле биздин Конституциянын 98-беренеси боюнча Конституциялык Cоттун жыйынтыгы менен, ошонун чечимдери менен Жогорку Кеңеш 3- жана 8-главаларга өз алдынча өзгөртүү, толуктоо киргизгенге акысы бар, бул 98-берене боюнча жазылган. Ушул жагынан бул конституциялык негизде өтүп атат деп айтсак болот.

- Бекбосун мырза, Баш мыйзамдын жаңы редакциясында парламент комитети дагы бир Мамлекеттик Кеңеш институтун түзүп, ага президент кызматын аткара албай калган чакта утурумдук мамлекет башчыны дайындоо укугун берүү каралган, мунун артында эмне күтүп турат?

- Чындыгында бул ар кандай кайчы пикир жарата турган окуя болуп атат. Анткени Мамлекеттик Кеңеш деген бизде мурун болгон эмес, бул жаңыдан кирип атат. Ал эми дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, Мамлекеттик Кеңеш бардык мамлекеттерге үч гана негиздүү маселе боюнча жаралып турат. Үч негизги маселени чечип турат.

Биринчиси, административдик органдарды тескөө маселеси коюлган. Экинчиси, Констититуциялык контроль маселеси коюлган. Үчүнчүсү, мамлекеттин башчысынын алдындагы консультативдик орган болуп калат. Орусиянын бүгүнкү окуясын карасак, аларда дагы Мамлекеттик кеңеш бар. Орусияда Мамлекеттик кеңеш 1810-жылы курулган.

Бирок азыркы убактагы негизги маселе, бул мамлекеттин башчысынын астындагы консультативдик орган. Бул боюнча биз жаңылык ачып аткан жерибиз жок. Бирок биздин Жогорку Кеңештеги депутаттар айтып атпайбы, Мамлекеттик Кеңеш бир гана маселе боюнча чогулуш керек деп. Бул өзү туура эмес.

Анткени Мамлекеттик Кеңеш болгондон кийин ал мамлекеттин өнүгүшүнүн концепциясы, негизги маселелер боюнча чогулуш керек деп ойлойм. Анткени бул бир эле маселе боюнча, мисалы, андай болбой эле койсун, эгерде президентибиз ишке чыгалбай калса ар кандай себептер менен, ошонун ордуна убактылуу мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуну шайлайт деген бул менимче тескери болуш керек. Маселе туура эмес коюлуп калгандыктан ар кандай ойлор болуп атат. Бирок бир эле маселе боюнча Мамлекеттик Кеңешти түзүү анын табиятын, саясий статусун төмөндөтүп коет.

- Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети шашылыш жүргүзүлүп жатканынын себеби эмнеде? Эмне үчүн референдум жолу менен өзгөртүлбөйт?

- Конституцияга азыркы киргизип аткан өзгөртүү, толуктоолорубуз сегизинчи жолу болуп атат. 1994-жылы биринчи өзгөртүү болгон. Бул мындай маселе да, коом өнүккөндөн кийин саясий система дагы өнүгүш керек. Муну биз туура кабыл алышыбыз керек. Анткени жетишпеген жагы да болот. Бирок ошол эле убакта биз өтө эле тез-тез алмаштырып атабыз.

Тез-тез алмаштырганда коомдогу экономикалык-саясий-укуктук стабилдештирүүгө алып келбейт, мунун тескери жагы да бар. Азыркы убакта 46,52-беренелерге өзгөртүүлөр кирип атат. Ушул боюнча, мен ойлойт элем, сунуш киргизип аткан негизинен президент болгондон кийин, президенттик аппарат, андан кийин өзгөртүүлөрдү колдоп аткан Жогорку Кеңеш эл арасында түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүшү керек. Мына булар түшүндүрүп бералбай атышат. Ошон үчүн ызы-чуу көп болуп атат деп ойлойм.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG