Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Ө.Бексултанов: “Ак шумкарга” мүчөлөрдүн саны 8 миңге жетет


Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Темир Сариев ушул аптада референдумдан кийин кызматынан чегинип, парламенттик шайлоого даярдык көрөрүн билдирди. “Азаттыктын” суроолоруна Темир Сариев жетектеген «Ак шумкар» партиясынын катчылыгынын башчысы Өмүр Бексултанов жооп берди.

- “Ак шумкар” партиясына канча киши мүчө жана парламенттик шайлоодогу башкы урааны эмне болгону жатат?

Өмүр Бексултанов: Азыр региондордо биздин партияга өтүүгө каалагандар көп болуп жатат. Азыр такталууда. Ал эми партбилетти колуна алгандар азыр 7-8 миңге жетип калды.

- Парламенттик шайлоодогу партиянын башкы урааны эмне болот?

Өмүр Бексултанов: Башкы урааны – таза мамлекет куруу жана улуу кыргыз мамлекетинин башатын түптөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшоо.

- Кыргызстанда жүздөн ашык саясий партиялар бар эмеспи. Бирок көптөрүнүн саясий багыты белгисиз жана шайлоо алдында гана жандана калышат. Бул жагдайдан алып караганда «Ак шумкар» партиясы шайлоодо башка ири партиялар менен тең тайлаша ала тургандай түзүмү барбы?

Өмүр Бексултанов: Тең тайлашууга биздин бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар жана тең тайлашууга бардык аракеттерди жасайбыз. Азырынча референдумга даярдык көрүп жатабыз. Ал үчүн бардык региондордо облустук, райондук, шаардык координаторлорубуз дайындалган жана участкалык шайлоо комиссияларына көп аймактарда «Ак шумкар» саясий партиясынын мүчөлөрүнөн да катыштырууга кам көрдүк.

Мындан тышкары референдумду эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү максатында эл аралык уюмдар менен иштешүүнү колго алып жатабыз. Алар менен мурунку шайлоолордо деле кызматташып келгенбиз жана кызматташа беребиз. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, партиянын лидери Темир Сариев шайлоого барарын ачыктады. Мыйзам чегинде июль айынан баштап кызматын өткөрүп берет. Ошого байланыштуу «Ак шумкар» саясий партиясы да июль айынан баштап шайлоого даярдык көрө баштайт.

- Кийинки учурларда партиялар шайлоого катыштырган талапкерлерди анын байлыгына карап тандап калышпады беле. Анын кесепетин «Ак жол» партиясы далилдеп берди. «Ак шумкар» партиясынын тандоо критерийи кандай болчудай?

Өмүр Бексултанов: Биз байлыгына, же акчасына карап партиянын мүчөлөрүн партиялык тизмеге колдонбойбуз деп ойлойм. Себеби бизге чын ниети, чын жүрөгү менен кыргыз элине, Кыргызстан келечеги үчүн салым кошсок, жок дегенде акчалай түрүндө салым кошсок деген жарандарыбыз четтен табылып жатат. Ошондой материалдык жардам берчү адамдардын жардамына көңүл буруп жатабыз.

- Сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG