Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Корупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен иш чарасынын негизинде ири жогорку окуу жайлардын жетекчилиги текшерүүгө алынып, чү дегенде эле эки ректор кызматынан алынды.

Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин жашыруун сурамжылоосунун негизинде билим берүү тармагында паракорчулук алдыда экендиги аныкталган. Ушул жыйынтыктын негизинде Билим берүү жана илим министрлиги аталган агенттик менен биргелешкен иш чара уюштурган.

Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин басма сөз жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков жогорку окуу жайларда коррупциянын элементтери орун алып келатканын мындайча белгилейт:

- Эл арасында агенттик тарабынан жашыруун сурамжылоо жүргүзөбүз. Ага ылайык, орто, атайын, жогорку окуу жайларда коррупциянын элементтери орун алып кеткенин белгилешет. Ошондой фактылардын бири, Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн коллегиясын өткөрүп, белгилүү эки жогорку жокуу жайдын ректорун кызматынан четтетти. Буга биздин агенттикке ишеним телефондоруна келип түшкөн билдирүүлөр да себеп болду. Белгилей кетүүчү жагдай мындай билдирүүлөр бир нече жолу болгон. Учурда биргелешкен комиссия түзүлүп, иштеп жатат

Быйылкы жылдан тартып жогорку окуу жайлардын келишим төлөмдөрүнүн эң төмөнкү өлчөмү 15 миң сомду түздү. Билим берүү жана илим министрлиги муну менен окуунун сапатын жогорулатып, коррупцияны ооздуктоо максатын көздөшкөн.

Бирок айрым студенттер экзамен учурунда паракорлук дале өкүм сүрүп жаткандыгын жана керексиз китептерди сатып алууга студенттерди мажбурлап жаткан учурлар болуп эле келе жатканына токтолушту.

Айсулуу: - Экзаменден “4” же “5” койдуруш үчүн акчаны ар бир ЖОЖдордун өзүнүн беделине жараша баалашат. Ар бир экзамен үчүн 500 сомдон беш миңге чейин алышат.

Алтынай: - Азыр керек эмес китептерди сатып зачет койгон учурлар бар. Ал китеп сага керек болбосо албай эле коюш керек. Бирок албай койсоң дагы болбойт, зачет койбой коет. Керек эмес китептерди сатканга тыюу салыш керек.

Билим берүү тармагындагы паракорлукту жоюу үчүн жаңы мыйзам керектигин, андай мыйзам Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкканына министр айым Ишенгүл Болжурова токтолду. Анын айтымында, келерки жылдан тарта жогорку окуу жайлардын келишимдик бөлүмүнө тапшырууда да тестирлөө жүргүзүлөт. Учурда жалпы эле билим берүү тармагындагы паракорлукту жоюу максатында жаңы ыкмалар каралууда:

- Коррупциядан чыгуунун бир жолу - жогорку окуу жайларды мамлекеттин кармагынан чыгаруу, акционерлештирүү. Билим берүүдөгү, айрыкча жогорку окуу жайлардагы материалдык базаларды сактап калыш үчүн таптакыр жаңы мыйзам иштеп чыгыш керек. Коорупциялык учурлар болот, аларды жоюу үчүн жаңы механизмдерди карап чыгалы деп жатабыз. Быйылкы жылы бюджет болбосо да, келишимдик негизге өткөнгө коррупция болду деп ойлойм. Бул жылы ишке кечирээк келип калдым. Кийинки жылы дагы бир ыкмасын таап, эне-аталар болуп, коомчулук арасынан экзамендерди өткөрүп, анан гана келишимдик бөлүмгө алуу керек болуп жатат. Аман болсок студенттерди келишимдик бөлүмгө да атайын экзамен менен же тестирлөө катары киргизебиз.

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим жана маалымат саясаты комитетинин төрагасы, депутат Иса Өмүркулов бул тармактагы паракорчулук баш мыйзамды өзгөртмөйүн кыскарбайт деген ойдо. Анын айтымында, коррупцияны кыскартуу үчүн алгач окуу куралдарын, окуунун шартарын чыңоо зарыл.

- Бүгүнкү күндө бул багытты кандай мыйзам кабыл алынбасын иштебейт. Эгерде жалпы мамлекеттеги башкаруу, бийлик системасын өзгөртпөсөк, бул багытты эч кандай жылыштык болбойт. Ал эми жогорку окуу жайларды менчиктештирүү деле эч нерсеге алып барбайт. Андан эмне өзгөрөт? Азыр кеп менчикте эмес, кеп эл агартуунун жалпы системасында. Бүгүн мектептерде да ар кандай себеп менен акча чогулта берет. Мунун бардыгы коррупция эмес, бирок акча чогултуу да.

Сырттан окуп келип, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эл аралык университеттердин биринде эмгектенип жаткан Дүйшөн Шаматов чет жакта билим алуу үчүн пара берүү дээрлик жок экенин билдирет. Ал эми коомчулук арасында Кыргызстанда иштеп келе жаткан, бирок чет элдик окуу жайларда пара алуу жок деген түшүнүк бар. Анын чоо-жайын “Азаттыкка” Дүйшөн Шаматов мындайча айтып берди:

- Менчик окуу жайдын өзүнүн мандаты, өзүнүн бюджети жана кызыкчылыктары бар. Парага аралашпаганынын негизги себеби алардын өзүнүн туруктуу жана дайыма келип туруучу каржылоолору бар. Ошолор эле учурда чет өлкөлүк уюмдар же мамлекеттерден дайыма каржылоо алып турушат.

Билим берүү жана илим министрлиги өз тармагында коррупцияга жол берген элементтерди жоюу максатында иш-чараларды аткарышы керек. Бирок Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигининен министрлик тарабынан андай иш-чаралар толук аткарылбаганын айтышууда. Азыр анын себептерине анализ жүргүзүлүп жатат.

Айрым адистер болсо билим берүү тармагындагы эле эмес, жалпы өлкөдөгү паракорчулуктун себептерин аныктаган, же болбосо аны жоюу жолдорун иликтеген атайын чоң илимий иштин зарылдыгын белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG