Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Муниципалдык лифттер менчикке өтөт


Бишкекте муниципалдык лифттер көп кабаттуу турак үйлөрдүн ээлерине өткөрүлүп берилет. Мындай чечимди шаардык депутаттар кабыл алды.

Учурда Бишкек шаарындагы муниципалдык 735 лифтинин эки жүздөн ашыгы эбак эскилиги жетип колдонуудан чыгайын деп калган учуру. Шаардагы айрым көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифттери 3-4 айлап иштебей, аны оңдоо үчүн ар бир үй ээсинен 500 сомдон чогулткан учурлар бар.

Лифттердин бузулуу себебин айрым шаар тургундары өтө оор курулуш материалдарын, жүктөрдү ташып, аяр мамиле жасалбай жатканы менен да түшүндүрүп жүрүшөт.

Кандай болгон учурда да адистердин баамында эгерде жагдай ушундай уланып кете берсе, 8-10 жылдан кийин курулуп жаткан элиталык турак үйлөрдөгүдөн башка шаарда бир дагы лифт иштебей калуу коркунучу бар.

Бишкек шаарынын тургуну, эмгек ардагери Гүлсара Исаеванын айтымында айына “Бишкеклифт” ишканасына төлөгөн 60 сом каражаттан сырткары, турак үйдүн жашоочуларынын биримдиги лифти тейлөө, оңдоо үчүн деген шылтоо менен ай сайын 100 сомдон кошумча чогултуп кетишет. Отуз жылдан бери иштеп, айрым учурда бузулуп көйгөй жараткан лифтини жаңыртуу керек.

-Биз жашаган “Түштүк-2” кичирайонундагы 9 кабат турак үйлөрдүн курулгана 30 жылдан ашты. Биздин үйлөрдөгү лифттин иштөө, пайдалануу мөөнөтү 25 жыл экен. Акыркы жылдары тез-тез бузула баштады. Мен өзүм кант диабети менен ооруган эмгек ардагеримин. Биз тогузунчу кабатта тургандыктан лифти кызматын көп пайдаланабыз. Эки ай лифт иштебей калып, үй түрмөсүнө камалгандай эле абалда калдык. Бизге “Бишкеклифт” ишканасы эски лифтттин ордуна жаңысын орнотуп берсе да анын тейлөө кызматы үчүн ардагерлер төлөп берүү мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү. Лифт көйгөгү абдан көкөйгө тийип бүттү.

Бул проблеманын себебин шаар бийлигин лифт тетиктеринин, тейлөө кызматтарынын кымбатташынан көрүп жатышат.

Маалыматтарга караганда шаар тургундары “Бишкеклифт” ишканасына 2 миллион сомдой карыз.

29-мартта депутаттардын шаардык кеңеши бул лифт маселесин талдоого алып, аны чечүүнүн жолдорун сессияда талкууга алышты.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун пикиринде турак үйлөрдүн жашоочулары юридикалык биримдикке ээ болгондо гана лифт алардын менчигине биротоло берилет. Ушундай жол менен гана лифтке байланыштуу маселелерди чечүүгө болот.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Роза Акназарованын айтымында шаардык кеңешинин сессиясында «Бишкеклифт» ишканасы өз милдеттерин жаңы түзүлгөн бир нече турак үйлөрдүн жашоочуларынын биримдигине өткөрүп бермек болду. Себеби жаңы бир лифттин баасы 1 миллион сом болгондуктан шаар тургундары аны өз менчиги катары мамиле кылып, тейлөө, ремонт кызматын өз моюндарына алышы зарыл.

“Бишкеклифт” ишканасынын жетектөөчү адиси Ринат Алмазбековдун маалымдаганына караганда жаңы лифттер Белорустун «Могилевлифтмаш» өндүрүш ишканасынан 825 миң долларга насыяга алынып жатат. Бул каражат үч жылдын ичинде төлөнүп бүтүшү керек. «Могилевлифтмаш» ишканасы өзү өндүргөн товары-лифт үчүн 18 айга кепилдик берген жана анын эксплуатация мөөнөтү 25 жылды түзөт.

-Учурда Бишкекте муниципалдык ишкананын балансында 735 лифт бар. Аны колдонгону үчүн дебитордук карызы эки млн. сомду түзөт. Ошондуктан жаңы лифттер үйдүн тургундарынын биримдигинин өздөрүнүн демилгеси менен гана коюлат. Ошондо аларга менчикке берилип, өздөрү да этият мамиле жасашат. Алардын менчигине өткөрүлүп берилгенден кийин бузулса өздөрү оңдошот, -дейт Ринат Алмазбеков.

Учурда Бишкек шаарында бардыгы болуп 1394 лифт иштейт. Шаардык лифттерди мурда "Кыргызлифт" ишканасы тейлечү. Кийинки жылдары бул милдетти «Бишкеклифт» ишканасы аркалап келүүдө.

XS
SM
MD
LG