Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Зарылбек Ырсалиев: Башаламандыкка жол бербейбиз


Бүгүн “Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү Урмат Барктабасовдун тарапкерлери курултай өткөрө турганын билдиришти. “Азаттыктын” таңкы берүүсүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Ырсалиев калаадагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

- Бишкекте бүгүн Урмат Барктабасов курултай өткөрүүсүнө байланыштуу ар кандай ушак кептер тарап кетпедиби. Бүгүнкү күндө коопсуздук маселесине кандай көңүл буруп жатасыздар?

Зарылбек Ырсалиев: Бүгүнкү күнү эртең мененки саат алтыдан баштап Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өзүнүн күжүрмөн эмгегин улантышууда. Кечээтен баштап Бишкектин милицияларынан башка 5 миңге жакын элдик кошуундар милиция кызматкерлери менен чогуу таң атканча кызмат өтөштү. Бул жерде У.Барктабасовдун эч кимге же мэрияга, же бизге айтпай туруп өткөрүп аткан митингиси мыйзамга каршы болуп атат.

Анын максаты - көп элди Бишкекке ташып таштап, анан аларды көзөмөлсүз калтыруу. Көзөмөлсүз калган эл ачка эки күн чыдап, анан үчүнчү күнү Бишкектин дүкөндөрүн тоноп-талай баштайт, анан ошол убакта келип “герой” болом деген ою бар.

Бүгүн эл чогула турган болсо ошолордун арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди таратканга аракет кылабыз. Азыр Бишкектин эли ушундай болуп аткан быкы-чыкыдан тажап бүттү. Элден көптөгөн телефон чалууларды алып атабыз, элдин баарында бүгүнкү күндө тынчыздануу пайда болуп атат. Бишкектин милициясы бүгүн башаламандыкка жол бербейбиз жана ошондой эле элди тынчтыкка чакырабыз.

- Кечээ ички иштер министри Кубат Байболов партиянын бир катар мүчөлөрү, ошондой эле «Мекен туу» партиясынын лидери Урмат Барктабасов камакка алынат деген маалыматты айтты эле. Түндө Бишкекте канча киши, кимдер кармалды?

Зарылбек Ырсалиев: «Мекен туу» партиясынын лидери Урмат Барктабасов кечээки саат төрттөн баштап турган жеринен бир жакка чыгып кеткен бойдон жок, аны милициянын кызматкерлери да, өзүнүн жанында жүргөн жоро-жолдоштору да издеп таппай атат.

- Андан башка кылмыш дүйнөсүндөгү адамдардан кармалдыбы?

Зарылбек Ырсалиев: Түндө биз ошого тиешеси бар жана У.Барктабасовдун тегерегинде жүргөн кишилерди алып келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кое берип атабыз.

- Демек анда шаардыктар чочулабай, кооптонбой эле койсо болот турбайбы?

Зарылбек Ырсалиев: Чочулабай, кабатыр болбой эле күнүмдүк турмушун улай берсе болот. Мен азыр Ала-Тоо аянтында жүрөм. Бул жерде 4 райондун 1200 кызматкерлери жана МАИ кызматкерлери туруп атат. Азыр ким кайсы жерде иш кылат, ошону менен алек болуп атам.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG