Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ: АВТОТЫГЫНДАН КАНТИП АРЫЛАБЫЗ?


Ички иштер министрлиги КМШга мүчө мамлекет башчыларынын Бишкек саммити алдында жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурмай болду. Бул максатта 9-12-октябрь аралыгында баш калаанын борбордук көчөлөрүндө автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. ИИМдин болжолунда шаары көчөлөрүнө күнүнө 140 миң чамалаш автоунаа чыгат. Ушундан улам азыр автоунаалардын тыгылышуусу күн сайын кайталанып турган учур. Тиешелүү тармактар шаардагы мындай көрүнүштү түрдүү себептер менен байланыштырып жатышат.

Жол эрежелери жайдан бери жаңы мыйзамдын чегинде көзөмөлдөнүүдө. Ал мыйзам жол эрежелерин бузгандарга айыппулдун наркын он эсеге чейин көтөрүп, айрым учурларда айдоочуну сот аркылуу айдоочулук укуктан төрт жылга чейин ажыратуу чараларын карайт. ИИМдин жол эрежелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Болотбек Борбиев кечээ журналисттерге мындай чаралардын бардыгы адам өмүрүнө залал келтирбестин аргасы катары белгиледи. Анын айтымында, учурда жол кырсыктарынын 88%и жол эрежелерин одоно бузуунун кесепетинен келип чыгып атат.

Мындан тышкары автоунаалардын көптүгү ордо калаа Бишкектеги негизги баш оорунун бирине айланды. Мунун абдан көп себептери бар. Алардын катарында автожолдордун кууштугу, жолго тиешелүү аймактардын башка максаттарга пайдаланылып кетиши айтылууда:

- Тыгындылардын пайда болушуна автоунаа токтотуучу жайлардын аздыгы, алардын башка максаттарга колдонулуп кетип жатышы түрткү болууда.

ИИМдин жооптуу кызматкери Борбиевдин айтымында, эң башкы себеп - автоунаалардын тыштан эпсиз көп келип жатышы. Бул проблема мындан да күчөп кетишине жол бербөө үчүн тиешелүү тармактар чет өлкөлөрдөн ташылган автоунаалардын сапаты боюнча чектөө киргизүү сунуштары менен чыгып жатышат.

Бул ириде жүргүнчүлөрдү ташуучу эски, жайнаган чакан автоунааларга байланыштырылууда. Алардын ордуна жаңы, көп жүргүнчү ташуучу автобустарды шаарга киргизүү максатында бажы комитети “Бажы тарифтери жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштап, ал кечээ биринчи окулушунда кабыл алынды.

Долбоорду колдогон депутаттардын бири Нурлан Койчубаков мындай мыйзамды алда качан эле кабыл алуу керек болчу деди:

- Бул долбоорду кыйла мурда, биздин автомагистралдарда кырдаал мынчалык боло электе киргизиш керек болчу. Чакан автобустардын айынан азыр жолдо жүрүү мүмкүн болбой калды.

Анткен менен тигил же бул проблеманы, анын ичинде автоунааларды, жолдорду иретке келтирүү тигил же бул айрым эрежелерди киргизүүдөн эмес, системадан көз каранды. Ушундай пикирин билдирген Мамлекеттик автоинспекциянын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы Касымбек Райымкул уулу мыйзамды ишке киргизүүгө караганда, алар менен ойноо басымдуулук кылып кетип атат деген ойдо:

- Жогорку Кеңеш тарабынан да, өкмөт тарабынан да маселени чечкендин ордуна кандайдыр бир оюн жүргүзүп атышат.

Райымкул уулу мындай пикирин парламент тарабынан оң рулдуу автоунааларды чектөө жөнүндө мыйзамдын кабыл алынып, кайра жокко чыгарылышы менен байланыштырды. Байкоочу мындай көрүнүштөр ортодо акчага же башка маселелерге байланышкан көмүскө кызыкчылыктар болушу мүмкүн деген эл оозундагы аңыз кепке ынанууга аргасыз кылат дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG