Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Бишкекте 47 конуш бар. Алардын эң алгачкы түптөлгөндөрүнө ушул жылы, ушул айда туура 20 жыл толот. Көбүнчө жер басып алуулардын айынан түзүлгөн бул конуштар өгөйлөнүп, толгон-токой көйгөйлөрдөн арыла албай келет.

Дордой базарынын жанындагы Келечек да биринчи түзүлгөн конуштардан. Бул жакта жашагандардын көпчүлүгү Дордой базарында иштеп жан багат.

Келечек акыркы жолу 2005-жылы март ыңкылабынан кийин массалык жер басып алуулардын эсебинен кеңейген. Базарда күнүмдүк тамагы үчүн иштеп, эчен жылдардан бери үй-жайсыз жүргөн ички мигранттар басып алып там салган жер он бешинчи көчө деп аталат.

Бул жерде баткендик Гүлшадат айым да үй-бүлөөсү менен турат:

“Бишкекке 96-жылы көчүп келгем. Квартирада он жыл жашадым. Эл жер басып алып жатканда кошо басып алыштым . Эми жаман эмес. Бул жер таштанды болуп жаткан жер эле да. Канча деген мээнетибиз кетти. Мобул жерден эки машина таштандыны колубуз менен тазалап, жаныбыздан тыйын топтоп чыгарттык. Келечектин элдери бүт мусорлорун бери жолду карай ыргыттат эле. Эми кудайга шүгүр, кадимкидей эле тазалап жашап атабыз”, - дейт Гүлшадат айым.

Конуштарда жашагандардын отуз гана пайызынын үйүнүн документи туура. Калгандарыныкы же толук эмес, же таптакыр жок
Келечектин он бешинчи көчөсүндө жүз элүүгө жакын түтүн жашайт. Азыр бирөөсүнүн да үйүнүн документи жок.

Гүлшадат үйлөрүнүн эч бир документи жоктугун, мэрияга да, башка жактарга да эчен ирээт кайрылганын айтат.

Гүлжан Шаршембиева Келечек конушунун төрайымы. Анын айтымында, документ жактан көйгөйлөр конуштагы Тирек деп аталган көчөдө да бар.

Бул көчө жайгашкан жер Нарбото базарынын машина токтоочу жайы үчүн берилген. Бирок жерди 49-жылга ижарага алган Бактыгүл деген аял жерди бөлүштүрүп сатып жиберген. Натыйжада бул жерди сатып алгандар мурда көчүп келип жашап аткандардын короосуна чейин кирип кеткен:

“Мына мобул жерде, тамдын кичине берирээк жагында арыкта суу өтчү. Анан булар (мурда көчүп келгендер) тамды суу каптайт деп, таштанды болуп жаткан жерди тазалап, арыкты өйдө жылдырып бак-сак тигип алышкан. Эми булар (кийин көчүп келгендер) кайра
20-жыл мурун Бишкекке кыргыздын үрөөнү себилген. Азыр гүлдөп, мөмө да бере баштады
чегара мурункудай өтөт, деп арыкты жылдырып, буларды сүрүп там салып атышат. Албетте анан тургундар арасында кагылышуу болот да. Кантип болбой коет. Булар 2000-жылы эле келишкен. 1-2 жылдын ичинде эле мыйзамдаштырып алса, анда мындай балээ жок болмок. Кыргыз калкы негизи энөөбүз, ой бүтөт да, деп жүрө беребиз”, - дейт Г. Шаршембиева.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясы атайын комиссия түзүп, конуштарды иликтеп жатат. Комиссиянын жыйынтыгына ылайык, шаар планына туура келбеген мыйзамсыз үйлөр бузуулары айтылган.

Социалдык көйгөй саясатка айланганда

Бейшенбек Абдырасаков: Ар бир чоң саясий олку-солку абалда жер басып алуу башаталат
Шаардык кеңештин эки жолку, Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын азыркы депутаты Бейшенбек Абдырасаков конуштардын таржымалын жакшы билет. Анткени ал 89-жыл алгачкы жер басып алгандардын алдында болгон. Анын айтымында, ошол убактарда кыргыз жаштарын айылга калтыруу саясаты жүргөн. Бишкекте туруктуу катталып жашаган кыргыздар 13 эле пайызды түзчү:

“Кыргыздардын баары квартирант болуп жүрө берген. Анан 20-30-жылдан кийин жарылышты. Жарылганда социалдык проблема саясий проблемага айланып кетти. 20-жыл мурун Бишкекке кыргыздын үрөөнү себилген. Азыр гүлдөп, мөмө да бере баштады”.

Бейшенбек Абдырасаков конуштардын пайда болушун үч этапка бөлөт жана алардын өлкөдөгү саясий олку-солкулук менен байланышы бар экенин белгилейт.

Алгачкы конуштар СССР кыйраганы калганда жер басып алуунун эсебинен түзүлгөн. Андан кийинки массалык жер басып алуу 2000-жылдары Аксы окуясын кийин болгон. Жер басып алуунун соңку толкуну 2005-жылы март ыңкылабынан кийин орун алган.

Бишкектин чет жакасындагы 47 конушка баш-аягы 45 мектеп салынышы абзел. Учурда анын жарымынан көбүрөгү бүткөн. Конуштарга алтымыш бала бакча керек. Бирок 20 жылдан бери үчөө гана курулган.

Депутат Бейшенбек Абдырасаков 2015-жылга чейин конуштарды өнүктүрүүнүн долбоорун иштеп чыккан. Анын айтымында, конуштар Бишкектин элинин да, жеринин да отуз пайызын түзөт. Ошондуктан шаар бюджетинин отуз пайызы калыстык менен конуштардын өнүгүшүнө жумшалышы керек:

Бишкектин конуштарына 60 бала бакча куруу керек. Жыйырма жылдан бери үчөө гана салынган.
“Жылына бир миллиарддан акча бөлүнсө, жүз километр суу, жүз километр свет, дагы ушунча жол куруп, жылына беш мектеп, беш бала бакча салсак, 2015-жылы араң гана жол, свет, суу менен камсыз кылган болобуз. 2015-жылы жолдорго асвальт төшөө жана бала бакчалар калат эле”, - дейт Б. Абдырасаков.

Өкмөт азырынча бул программаны ишке ашырууга акча жоктугун айтып жатат. Депутат Бейшенбек Абдырасаков шаар бюджетинен акча өөнөп конуштардын өнүктүрүүгө каражат тапса болоорун белгилейт:

“Шаар бюджетинен жылына эки миллард сом шаардагы этаж үйдө жашагандардын ысык суусуна жана үйүн жылытканга бөлүнөт. Кыргызстанда беш миллион эл жашаса, ошонун беш гана пайызы мамлекеттен ушундай жеңилдик алат. Мына ушул беш пайыз эл эмгиче коммунизмде жашап жатат. Өкмөттүн эсебинен бекер ысык суу, бекер жылытуу. Эң кедей мамлекет болуп алып элибизди коммунизмде жашатып атабыз”.

Мактанычы – ынтымак

Ошентип кыргыз өкмөт конуштарды өнүктүрүнүн айла-амалы тууралуу ойлонгучакты, айрым конуштар өз көйгөйлөрүн өздөрү аздап чечкенге киришкен.

Маселен Арча-Бешиктин кээ бир көчөлөрүнүн тургундарынын өздүк жардам топтору бар. Мындай топтордун биринин лидери Гүлнаранын айтымында, алар өз ара ортодон акча чыгарып, кредит алып бири-бирин колдоп келет:

“Бирөөсү тоок алып, тоок менен бизнес кылып атат. Экинчибиз мончо салдык. Үчүнчүбүз дүкөн курдук. Турмуш-тиричилигибизди оңдогонго да абдан жакшы экен. Мисалы бирөө догдурга жатып калса чогулуп бара калат экенбиз. Бизди негизи топтун акчасы деле кызыктырбайт. Эң башкысы бири-бирибизди ынтымакка чакыруу, биригүү. Бириксек, ынтымак болсо эле ырыскы өзүнөн өзү келе берет экен”

Ушундай ынтымакты Бишкектин дээрлик баардык конуштарынан байкоого болот жана ал жол, суу, жарык,мектеп, бала бакча сыяктуу көйгөйлөрдөн көз каранды эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG