Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Өзбекстанда 118 миң адам алдын ала добуш берди


Өзбекстан БШКсы
Өзбекстан БШКсы

Бүгүн башталган Өзбекстандагы президенттик шайлоодо 117,902 шайлоочу алдын ала өз добуштарын беришкенин Podrobno.uz сайты кабарлады. Өзбекстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо күнү добушканага бара албаган жарандар үчүн 24-ноябрдан 2-декабрга чейин алдын ала добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Президенттик шайлоого бардык төрт партиядан талапкер аттанган. Алардын бири - президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев.

Олий Мажлистин вице-спикери Хатамжон Кетмонов өткөн жылкы шайлоодо да талапкерлигин койгон эле. Анда 3% жакын добуш алган.

Дагы бир талапкер Нариман Умаров да былтыр президент болууга аттанып, алган добушу 2% бир аз ашкан.

Булардын эң жашы Өзбекстан демократиялык партиясынан чыккан талапкер Сарвар Отамурадов.

Өзбекстанда акыркы шайлоо 2015-жылы өтүп, анда 90% ашык добуш менен Ислам Каримов жеңген эле. Каримов быйыл сентябрдын башында дүйнөдөн кайткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG