Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Активисттер шаардык кабыл алуу-бөлүштүрүү жайын оңдоону талап кылды


18-марттагы сөз эркиндиги маршында кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайында беш күнгө камалып чыккан активисттер анын имаратын оңдоону талап кылды. Бул тууралуу камалып чыккандардын бири Расул Умбеталиев билдирди.

Ал кабыл алуу жайынын абалы концлагерден айырмасы жок экенин айтып, тез арада ремонт кылуу зарыл деп билдирди.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон акция учурунда активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран кармалган. Аларга “жол тосуу”, “бейбашчылык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартуу” боюнча айып тагылып, беш күнгө камалып чыгышкан.

Бүгүн алар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, өздөрүнүн камалышы жана кармоо шарттары тууралуу айтып берди. Алардын белгилешинче, кармоо мыйзамды одоно бузуу менен коштолуп, сот учурунда адвокат киргизилген эмес.

Активисттердин адвокаты Тимур Султанов Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилгенин билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG