Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Адыл Бийназаров кыска, бирок нарктуу жашады


19-июлда кыргыз коомчулугу "Пирамида" телеканалынын мурдакы президенти Адыл Бийназаров менен коштошуп, аны акыркы сапарга узатты. Адыл Бийназаров коомчулукка Кыргызстанда мамлекетке көз каранды эмес биринчи телекомпанияны негиздеген таланттуу медиа менеджер жана чыгаан ишкер катары таанымал эле.


51 жаштагы Адыл Бийназаровдун жүрөгү 17-июлда сокпой токтоп калды. Ал соңку жылдары кант диабети оорусуна чалдыгып, кыйналып дайыма дары ичип жүрүп калган эле. Анын ооруп калышы жана өмүрүнүн кыска болушу замандаштарынын айтымында көп жагынан анын ийгилигин көрө албаган адамдардын кара ниет иштеринин кесепетинен болду.

Адыл Бийназаровду жакындан билген тааныган кесиптештеринин айтымында ал жаш кезинен эле топ жарып суурулуп чыккан алдыңкы жигит катары көрүнгөн экен. Тоо койнундагы Нарын жергесинде Куланак айылындагы орто мектепти бүткөндөн кийин советтик армиянын катарына чакырылып, кызматын өтөп бүткөндөн кийин Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырып, аны кызыл диплому менен аяктаган.

Адыл Бийназаров менен 1992-жылдан бери “Пирамида” телекомпаниясында чогуу иштеген телевизиондук алып баруучу Мурат Каипов тоолук жаш жигит аскердик шинелин жонунан түшүрбөй туруп, экзамен алып жаткан москвалык профессор бир жарым саат бою эзгилесе дагы тарыхты терең билгендиги менен аны айран таң калтырган дейт.

Адыл Бийназаров ММУда окуп жүргөндө бир эле группанын эмес бүтүндөй курстун старостасы болуп жүргөндүгү анын активдүү жана лидер студент экендигинен кабар берет.

Москвадан окуп келгенден кийин Адыл Бийназаровдун Кыргызстандагы эмгек жолу ийгиликтүү болду. Ал адегенде Мамлекеттик пландоо комитетинде иштеп, бир жылга жетпей партиялык жетекчи кызматка өтүп, өзүн көрсөткөндөн кийин жаш экенине карабай телерадиоберүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары кызматына көтөрүлөт.

Жаңы замандын чакырыгын озунуп туйган жаш жетекчи мамлекеттик сыналгыны жаңы заманга ылайык реформалоого көп күч-аракет жумшайт. Анын реформатордук аракеттери бийликтин тоскоолдугуна кабылгандан кийин Адыл Бийназаров мамлекеттик телеберүүгө атаандаш кылып, 1991-жылы “Пирамида” телерадиокомпаниясын негиздеген. “Пирамида” ошол мезгилде Кыргызстан эле эмес Борбордук Азиядагы биринчи альтернативдүү, көз каранды эмес телекомпания болгон.

"Пирамида" телеканалы Адыл Бийназаров жетектеп турганда өлкөдөгү өтө таасирдүү маалымат каражатына айланып, саясий курч маселелерди тайманбай көтөргөн берүүлөрдү чыгарып турган. Кесиптештеринин берген баасына караганда, А. Бийназаров Кыргызстандын медиа тармактагы абдан күчтүү менеджер жана ишкер жетекчи катары оозго алынган.

- Чындап келгенде “Пирамида” каналын элдин баары кызыгып көрө турган телеканалга айлантканы абдан чоң маани бере турган иш болду. Эгерде анын чоң таланты болбогондо "Пирамиданын" мынчалык аты чыгып таанылбайт эле,-дейт "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин мурдакы директору, азыр "Замандаш пресс" агенттигинин директору Кубан Абдымен.

“Пирамида” телеканалы эл ичинде абдан алгылыктуу популярдуу болгон үчүн ага бийлик чөйрөсүндөгүлөр көз артып, ар кандай амал-арга менен тартып алууга көп аракет кылышты. Ушундай кысым-кыйноолорго А. Бийназаров Акаев президент болуп турган учурда кабылды. Ошондо коомчулук кийлигишип жатып, “Пирамиданы” эркин маалымат булагы катары коргоп алып калышты.

Бирок К. Бакиев бийлик башына келгенден кийин "Пирамиданы" жүгөндөө жана колго алууну көксөгөн күчтөр А. Бийназаровго ар кандай кысым көргөзүп жатып, акыры анын мээнетинен бүткөн ырыскысын тартып алышты.

Кесиптештери Адыл Бийназаров дал ушул кейиштүү окуядан кийин ооруга чалдыкканын айтышат. Соңку жылдары ал катуу ооруп жүргөнүнө карабастан, чыгармачылыгын таштабай, китептерди которуу менен алек болуп келди.

Адыл Бийназаров жакындарынын, кесиптештеринин арасында бийик адамгерчиликтүү, айлана чөйрөсүнө карамдуу, дайыма төгүлүп чачылып жүргөн адам катары сый-урматтын үстүндө жүрдү. Ал аз жашаган өмүрүндө эл дайыма эскерип тура тургандай, пирамидадай урабай турган көрүнүктүү эмгек калтырып кетти.

XS
SM
MD
LG