Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

“Сураган Кыргызстан”


Шайлообек Дүйшеев
Шайлообек Дүйшеев
Менин каарманымдын аты - Сураган...

Бирок мен аны “Сураган Кыргызстан” деп атап олтурам. Эмне үчүн? Анда кеп башынан болсун.

Сураган да кыргыз жоголуп кетпесе экен деген көп сандаган мекенчил жигиттерден. Өмүрүн кыргыздын музыкалык асаптары болгон комуз, кыл кыяк, чоор... жасап “түгөтүп” келаткан “Дон Кихоттордун” бири.

Москвадагы Чайковский атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын бүтүрүүчүсү, кыргыздын алгачкы гитаристи, музыка изилдөөчү Даниял Назарматов “орустун гитарын” чанып, тарыхта биринчи жолу кыргыз баласына гитар жасатканы эсимде.

- Мындай добушу мыкты гитар дүйнөдө жок, Москвадан келген атактуу гитаристтер көрүп алып: “Даниял, мындай гитарды кайдан тапкансың, муну каяктан сатып алса болот?” жанымды коюшпайт. Мен муну “Сураган деген кыргыздын мастери бар, ошол жасаган” деп мактанам,-деп айтып калчу.

Азыр мына ошол кыргыздын 1-гитарчысы Даниял Назарматов арабызда жок. “Жетим” калган гитары ээсин сагынып, үйүндө турат.

Сураган уста 83-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясында улуттук аспаптарды жасоочу устаканада иштеди. Ал өзү кыдырбаган менен анын колунан чыккан комуз менен чоор Жер шарын далай ирет кыдырды, кыдырып да келет. Ошол Сураган ошол бойдон, эч нерседен капарсыз, беймарал иштей берет беле. Күндөрдүн бир күнүндө эле капысынан эгемендүүлүк дегендин алай-дүлөйү каптап, баары заматта астын-үстүн болуп, чакчалекей түшүп жатып калды...

Филармонияда жетекчи биринин артынан бири алмашты.

Биздин Сураган да “талкаланган, таланган, тонолгон Кыргызстанга” окшоп, өз жанын өзү багууга өттү. Өз улуттук аспабы тургай, өз атын таппай турган өлкөсүн таштап, чот-керкисин байланып алып Россияга тербиди. Курулушта иштеп, үй-бүлөсүнө акча салып турду.

Көкүрөгү кыргыз деп соккон жигит бир жылдан кийин кайра келди. Кызы КАСИде окуп калган эле. Жок дегенде төлөй турган акчасына жеңилдик болсун деп, окуу жайдын жертөлөсүн арендага алып, кайрадан улуттук музыкалык аспап жасаганга өттү.

Кыргызстан да алгачкы ач-жылаңач абалынан арылып, аз да болсо тирденип, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн айнегин шыкаалап, эшигин ача баштады...

Кыргыз парламенти, Кыргыз жетекчилери, Кыргыз депутаттары бийик трибуналардан “Улуттук дөөлөттөргө көңүл буруш керек! Ата-бабалардын мурасын ыйык сакташ керек!”, “Манасыбыз бар!”, “Комузубуз бар!”, “Ата мурастарына шарт түзүү керек! Өстүрүү керек, өнүктүрүү керек!” деп күпүлдөп сүйлөп кетип турушту. Алар сүйлөгөн жерлерге “гүл өнүп”, тилдеринен бал тамган чогулуш-жыйындарда кыргыз көркөм өнөрүнө “бейиштей шарт” түзүлүп, бардык жерде “жыргал” орноп жатты.

Ал эми иш жүзүндө кандай болду?

Өлкөнү бейиш кылгысы келген кыргыз аткаминерлеринин сөзүнө ишенген биздин Сураган каарманыбыз Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаарына кыргыздын музыкалык аспаптарын жасай турган мектеп кургусу келип кыялданды. Бул кыял жүрөгүндө кылдай карасы жок, кыргызга жакшылык кылгысы келген, кыргыз балдарын комуз менен кыл кыяк, чопо чоор, чоор жасаганга, дүйнөлүк музыкалык аспаптардын тарыхын таанып-билүүгө үйрөтө турган адамдын баео тилеги, таза кыялы эле. Үмүт чиркин кайда гана жетелебейт?

Сураган да бирөөлөрдүн кеңеши менен Бишкек мэриясынан мектеп курганга жер сурады. Ал жердегилер жерди жөн бергиси келбей аукционго катышкын деди. Аукционго катышты. Акыры али эчтеке курулбаган жайдак жерге айына 30 миң сом аренда акы төлөп турмай болуп, алакандай 6 сотых жерди 49 жылга арендага алды. Кийин мэриянын айныкейи кармап кетип, 49 жылдык келишим бузулуп: “бир жылдан кийин сатып аласың, антпесең жерди кайра алып коебуз” деген чечимин чыгартып, “акча саамайдын” амалына өттү. Кийин дагы айныкейи кармап, келишимди 10 жылга узартты. Аренда акысы ал арада 84 миң сомго чаап кетти. Колунда чот-керкиден бөлөк “аспабы” жок, күнүмдүк тапканынан башка эчтекеси жок устага мынча акчаны төлөө тирүүнүн тозогу болду. Биздин Сураган же Салымбеков же Роман Шин болсо гана атаганат! Дароо сатып ала коюп, базар же казино кура салганга!

Ошол күндөн ушул күнгө чейин “Сураган Кыргызстан” Кыргызстандан “Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасай турган мектеп үчүн берип койгула-чы?” деп сурап келет. Кимдерге гана барган жок.. Батинкесинин изи агездеги Арстанбек Ногоев олтурган жерден башталып, аягы Ак үйдөн качып безген президент Курманбек Салиевдин кабинетинен бүттү. Азыр жаңы бийлик келди. “Сураган Кыргызстан” дале суранып, шаар кезип келет...

Сурагандын аты-жөнү Айдыралиев. Улуту – Кыргыз. Кыргыз Республикасынын тургуну. Кыргызстандан башка жакка эч жакка кетпейт, кетейин деген ою да жок. Болгону Чыңгыз Айтматовдун мугалим Дүйшөнүнө окшоп, кыргыздын таланттуу балдарын, айыл-айылдардан топтоп келип, кыргызды тазалыкка чакырган, кыргызды улуулукка чакырган, жанын, пейилин тазарткан музыка дүйнөсүнө аралаштырсам, адептүү, акылдуу, ыймандуу балдар окуган мектеп курсам деп кыялданат.

Бирок “Сураган Кыргызстандын” бул таттуу ой-тилегин “кыргыз аткаминерлери” тебелеп-тепсеп келет, Кыргызстан дарак болсо, кыргыз аткаминерлери дал ушул “Сураган Кыргызстанга” окшогон өз канат-бутагын өзү кыркып келет. Качанга чейин? Канат-бутагы кыркылып, Кыргызстан кыйрап түшкөнгө чейинби?

Сиз кандай дейсиз?
XS
SM
MD
LG