Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Бүгүн Ат-Башы районунун үч айылынын тургундары Бишкек-Торугарт жолун тоскону жатат. Мындай нааразылыкка кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт бажысынын ичкери көздөй 50 чакырымга жылдырылышы себеп болууда. Жергиликтүү эл муну менен кошо Кытайдын чек арасы да бери көздөй жылышы ыктымал деп шектенүүдө. Бул маселенин тегерегинде “Ак шумкар” партиясынын Нарындагы координатору Урмат Акунов “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Урмат мырза айтсаңыз, Бишкек-Торугарт жолун тосууга эмне мажбур кылды, талаптар кандай болуп жатат?

- Торугарт-Бишкек жолундагы, тактап айтканда чек арадагы бажыкананы ал жердин сууктугуна байланыштуу 50 чакырым бери жылдырабыз деген келишимге кол койулгандан бери элдин арасында абдан нааразылык туулду. Бул жерде азыр жалгыз эле бажы кызматкерлерин бери 50 чакырымга жылдырбастан ошол жердеги чоң жайыттар, жайлоолор, малчылар кыштаган сарайлар, жайыттардын баары Кытайларга өтүп, 49-жылга ижарага берилгендигинде болуп атыптыр. Бул жерде малчылар менен ошол Кытайдын тургундарынын ортосунда келишпестик чыгып, малчыларды кийирбей жана кирип кеткен малдарын бербей же ошону алууда чыр-чатактар болуп атыптыр. Казыбек, Кызыл-Туу, Жаңы-Күч айылдарынын тургундарынын арасында ушундан улам нааразылык күчөп, жол тосууга мажбур болуп жатышат.

- Мына ушул нааразылык иш-чарасына сиз байкоочу катары катышканы аткан экенсиз, жол тосуу бүгүн саат канчада, кайсы аймакта болчудай?

- Бүгүн Казыбек, Кызыл-Туу, Жаңы-Күч айылдарынын эли ошол жаңы бекетти куруп аткан Коргон-Таш деген жерге барып, бажыкананы курдурбоого жана ошол жерди өзгөртүүгө карата нааразылык иретинде жол тоскону атат. Бул жер Ат-Башы-Торугарт жолунун ортосунда жайгашкан.

- Президенттик шайлоонун алдында мындай нааразылык иш-чарасы башталып жатканына жергиликтүү бийлик кандай мамиле кылып жатат?

- Бул жерде жергиликтүү бийлик эч кандай маалымат бере элек. Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиевага кайрылсам ал дагы муну сенден угуп атам, андай деген сөз жок, ал жер 49 жылга эле ижарага берилип атпайбы, аны эмне эле саясий шоу кылып атасыңар дегендей да жооп айтты. Бул жерде жергиликтүү бийлик өзүлөрү дагы, маселен губернатор Өмүрбек Суваналиев баш болуп Торугарт бажысынын бери жылышына абдан нааразы болуп атат. Курманбек Бакиев Нарынга барганда терминалды бери жылдырууга кол койгон экен. Ошол эле жерге чейин бир жолу жылдырып, же ошол жерге бир жолу бажысын орнотсок болмок. Ал жерде 50 чакырым бери жылуунун деле кажети жок болчу.

- Демек бажы жылган жерге чейин Кытайдын чек арасы да жылып келеби?

- Ошондой маалымат болуп атат азыркы күндө. Бизди ал жакка чейин өткөрбөйт жана жеткирбейт экен, ошол бажыкана жылып аткан жерге чейин дагы чек арачылар бар. Торлору, зымдары 50 чакырым бери жылдырылып атат азыркы күндө.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG