Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Кыргыз Чек ара кызматынын башкы штабы жана борбордук аппараты Ошко көчүрүлө баштады.

Кыргыз чек ара кызматынын башкы штабынын жана борбордук аппаратынын 60 пайызы октябрдын аягына дейре Ош шаарына жайгаштырылмакчы. 2010-жылдын май айына жетип-жетпей бул иш толук аяктайт. Бул жөнүндө Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Рысбек Мырзаматов «Азаттыкка» кабарлады.

- Бул боюнча азырынча анчалык деле кыйынчылык жок. Эми түшүнбөстүктөр болот же болбойт деп айта албайбыз. Кээ бир адамдар ойлошу мүмкүн “эмне үчүн Бишкектен которуп жатат” деп. Мунун башкы себебин өзүңүздөр жакшы билесиздер, президент Курманбек Бакиев биздин төрагабыз менен акыркы жолукканда да баса белгилебедиби. Түштүк - көбүнчө маңзат ташылган жол, мыйзамсыз миграция да аймакта абдан курчуду. Ушундай жүйөлөрдөн улам чек ара кызматынын башкы штабын жана борбордук аппаратын Ош шаарына көчүрүүнү ылайык таптык.

Төрага орун басары Рысбек Мырзаматов мекеменин түштүккө которулушу чек арадагы чыр-чатактарды ыкчам жайгарганга, ошондой эле Ооганстан, Пакистан тараптан жойлогон терроризм жана экстремизм коркунучтарын басаңдатканга шарт жаратат деп ишендирди.

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Рысбек Мырзаматов
Полковник Рысбек Мырзаматовдун айтымында, Бишкектен көчүрүлгөн кызматкерлерге ар тараптуу камкордук көрүлүүдө. Ыңгайлуу кеңседен тышкары алардын үй-бүлөсү менен чогуу жашоосу үчүн атайын турак жайлар даярдалууда. Ушул максатта Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы, президент Курманбек Бакиев он миллион сом бөлдү.

Кепти аскердик ашкананын кызматкери Акматали Календеров төмөнкүчө улады:

- Ашканабыз жаңы курулган, шартыбыз жакшы. Башчыбыз Жыпар Календерова Москвадагы кулинардык сынакка катышып, лауреат болгон айым. Жети жыл «Прага» ресторанында бригадирлик кылган. Тамак-ашыбыздын сапаттуулугу, мактанбайлы, бирок даамдап көрүп айтаарсыздар, кафе-ресторандардыкынан кем эмес. Жалгыз айырмачылыгы - арзанчылыгы. Эң эле кымбат оокатыбыздын наркы – отуз беш сом.

Кыскасы, чек ара кызматынын жетекчилиги алардын түштүктө жайгашуусу кийинки убактарда ырбай түшкөн чыр-чатактарды жөнгө салууга, ага улай мамлекеттик чек араны чыңдоого жардамдашат деген үмүттө турушат.

Коопсуздук маселелери боюнча серепчи Санжар Тажиматовдун туюмунда, чек ара кызматынын Ошко көчүрүлүшү - кубаттай турган кадам, бирок мындай аракет ансыз деле курчуган аймактык маселелерди чечүүгө көмөктөшпөйт.

- Жашырып не, Борбор Азия чөлкөмүндө ички экономикалык карым-катыш начар. Мамлекеттердин бири-бирине ишеними жок. Мисалы, газ, суу жана энергетика маселелери жолго салынган эмес. Мунун бардыгы аталган аймакта демократиялык режимдин болбогондугун айгинелейт. Республикада жалгыз адамдын эрки гана көп маселени чечип келатат. Ошондуктан азырынча бул жерде интеграция болушу кыйын. Алар биригип чек араны коргошуна да көзүм жетпейт. Себеби өз ара ишеним өчкөн, анан диалог жана дискуссия жок.

Серепчи Санжар Тажиматов белгилегендей, Борбор Азияда дале болсо Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы үстөмдүк кылып жаткандай. Ошондуктан чөлкөмдөгү республикалардын лидерлери бир үстөлгө олтуруп, көзмө-көз сүйлөшкөндө гана көп көйгөйлөр ызы-чуусуз чечилмек.

Жергиликтүү серепчилердин оюнча, Бишкекте жайгашкан мекеме-уюмдарды түштүккө жылдыруу анчалык зарыл эмес. Мындай демилге өлкөнүн экономикасын кыйла эле эңшерет. Андан көрө ошол каражаттардын эсебинен башка орчундуу маселелерди бүтүрүү туура болмок.

Мындай көз карашка көз карандысыз эксперт Эркин Абдыразаков макул эмес.

- Көчүрүү аргасыздын иши болуп жатат да. Ошентсе да, Ошто инфраструктура белен. Болгону чек арачыларга бир казарма жана кеңсе курушту. Менин билишимче, түштүк Кыргызстанда жүздөн ашуун талаш-тартыш жер бар. Ошого карабастан демаркация жана делимитация үч-төрт жылдан бери создуктурулуп келатат. Чынын айтыш керек, өлкөлөр аралык комиссия ыкчам жана деңгээлинде иштебей жатат.

Ошентип айрым министрликтерди, комитеттерди жана мамлекеттик уюмдарды Ош жергесине жайгаштыруу далалаты адегенде эле каршылыкка кабылды. Ошол эле учурда президентти жана парламентти Бишкекте калтырып, өкмөттү бүтүндөй Ошко көчүрүү идеясы да өкүм сүрүүдө. Серепчилер тынчсыздангандай, бул аралыкта, түштүк аймагын наркокылмыш жана мыйзамсыз миграция каптап, терроризм жана экстремизм коркунучу жойлоп келаткансыйт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG