Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Ч. Турусбеков: Чек ара бекеттери качан ачылаары белгисиз


Оштогу "Достук" чек ара бекети
Оштогу "Достук" чек ара бекети

7-апрелдеги ыңкылаптан кийин кошуна өлкөлөр Кыргызстан менен болгон чек араларын бир тараптуу жапкан. Чек арадан өткөрүү бекеттери качан ачылаары дале белгисиз. Чек арадагы абал боюнча Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбековду кепке тарттык.

- Азыркы кезде Кыргызстандын кайсы өлкөлөр менен чек арасы ачык жана кайсы өлкөлөр менен чек арасы жабык?

-Эми биринчиден айта кетмекчибиз, мамлекеттик чек арадагы жалпы абал тынч. Бир тараптуу Өзбекстан мамлекети менен чек ара жабылган бүгүнкү күндө. Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын аймагында болсо биздин тарапка өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Тескерисинче, Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда болсо алар да өзүнүн мамлекетине өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Үчүнчү болсо мамлекеттердин жарандарына кээ бир кездерде жанакы туристтерибиз келип бизге кайрылып атат аларга жардам берип атабыз. Казакстан мамлекети менен дагы бир тараптуу Казакстандын өкмөтүнүн чечими менен чек ара жабылган болчу. Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек арада өтүүчү пункттарыбыз жабык, бирок учак менен атайын Бишкек-Алматы деген каттамдар бар. Биздин жарандар ушундай жол менен учуп барса болот, анан темир жол менен Казакстанга өткөнгө мүмкүнчүлүк бар.

- Бүгүнкү күндө чек ара кызматы ушундай абалда кандай тартипте иштеп жатат?

- Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат кылып жатабыз. Чек арадагы бүт көзөмөл бекеттери ушундай абалда кызмат өтөөдө.

-Чек аралар жабык деп атасыз, кайсыл мезгилге чейин ушундай абал сакталат?

- Бүгүнкү жалпы абалды карасак, Кыргызстан чектешкен бардык мамлекеттер менен чек ара аймактарында абал тынч. Коңшу мамлекеттердин чек ара кызматтары бул боюнча качан чечим алаары тууралуу бизге маалымат беришет. Биз буга азырынча жооп бере албайбыз, биз дагы билбейбиз аны.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG