Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Тажик чек арачылары Кыргызстандын кичи автобусуна ок атышты


Өлкөнүн негизги аймагы менен байланышууда Баткен облусунун батыш тарабынын калкы Тажикстандын айрым аймактарын аралап өтүүгө аргасыз. Тажик айылдарын аралап өткөн кыргыз жарандары кошуна өлкөнүн чек арачылары тарабынан ар кандай тоскоолдуктарга кабылган учурлар аз эмес. Эки күн мурда болсо Исфана - Бишкек каттамындагы кичи автобуска тажик чек арачылары ок чыгарышты.

21-апрелде Лейлек районунун борбору - Исфана шаарынан Бишкекке жол тарткан кичи автобусту Тажикстандын Сурх айылына жакын жерде тажик чек арачылары жолдун өйдөлүш жеринен токтотуу үчүн астыңкы дөңгөлөгүнө ок чыгарышкан. Бул окуядан соң эки өлкөнүн күч кызматтары, жергиликтүү бийликтери биргелешип жеринде иликтөө иштерин жүргүзгөн учурда ок чыгаруу мыйзамсыз болгону аныкталган. Ошондой эле келтирилген чыгымды төлөп берүүнү тажик чек ара кызматы өз мойнуна алган.

Бул окуя тууралуу Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн башчысы Жениш Раззаков буларды айтат:

- 21-апрелде ушундай чыр болду. Тажикстандын чек арачылары биздин жүргүнчү ташыган автоунааны токтотуу үчүн дөңгөлөгүнө ок атышкан. Окуя болгон жерге барганыбызда кошуналардын да атайын кызматтары келди. Чогулушта тажик чек арачылары машинанын дөңгөлөгүн төлөп бермей болду. Андан сырткары алардын чек арачыларынын башчысы мындан ары дагы ушундай окуялар болсо жеке чара көрөөрүн айтып, кайталанбайт деп сөз беришти.

Ошентип эки тараптуу жолугушууда бул окуя эч кандай мыйзамга сыйбастыгы, чек арачылар жетекчиликтин уруксаты жок эле чыгышып, жолду тосушканы белгилүү болгон.

Баткен районунун акими Дастан Ходжаев эми мындан ары аталган жерде кошуналардын чек арачылары чыкпай турган болду дейт:

- Ал жерде эч кандай чек ара бекети жок. Тажик чек ара бөлүгүнүн башчысынын айтуусуна караганда, жетекчилик тарабынан эч кандай буйрук болгон эмес. Демек чек арачылар өз алдынча чыгып алышып эле жол тосуп ок чыгарышкан. Териштирүүнүн, сүйлөшүүнүн негизинде ал жерге эми тажик чек арачылары чыгышпай турган болду. Азыр абал жакшы эле.

Жергиликтүү тургундар болсо бул аймакта мындай окуя биринчи жолу болуп жатпаганын, буга чейин да ушундай эле сүйлөшүүлөр, ушундай эле убадалар болуп келгенин, бирок ага карабай эле тажик чек арачылары өзүм билемдик мамилесин кайталап келе жатканын айтышат.

Кыргыз-тажик чегиндеги Аксай айыл өкмөтүнүн тургуну Кубатбек Зайналов ушундан улам тажик айылдарына кирбей өтүүчү айланма жолду тез арада бүтүрүү зарылдыгын белгилейт:

- Бул жерге төрт чек арачы чыгып алып эле жол тосушу туура эмес. Эми булар чакан ашууга туруп алышып, кыргызстандык автоунааларды ата башташты. Ушинтип тим койсок эртең кыргыз аймагына да кире башташат. Биздин бийликтегилер же тезирээк айланма жолду бүткөрүшпөдү. Жок дегенде ошол жол бүткөндө минтип кошуналарга көз каранды болбойт элек.

Ушинтип кошуна тажик чек арачыларынын мыйзамсыз аракеттеринен тажаган баткендиктер Кыргызстандын аймагы аркылуу өтчү айланма жолдун бүтүшүн зар какшап күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG