Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абаддагы жетекчиси Асылбек Текебаев Баткенге куралдуу топтун кирип келишин бийликтин чек ара маселесине жоопкерчиликсиз мамилесинин натыйжасы деп сынга алууда.

-Асылбек мырза, сиз мурда аскер чалгынчысы кызматында иштеп жүргөнүңүздө, Тажикстандагы талаа командирлери менен баарлашканыңызды укканбыз. Ошол талаа командирлери менен сүйлөшкөн тажрыйбаңыздан улам жакында Кыргызстанга Тажикстанган кирип келген куралдуу кишилерди ким деп ойлойсуз? Алар Кыргызстанда айтылып жаткандай, ырас эле кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүбү же Ооганстандан Борбор Азия аймактарына келаткан талибдердин тарапкерлериби?

-Бул жерде бир нерсени тактап алуу керек: Чек арадагы атышуудан кийин он чакты адамдын курал менен кирип келүүсүн мамлекеттик уюмдар булар Тажикстандын уюшкан кылмышкерлердин өкүлдөрү деп айтышууда. Албетте, андай болуусу да мүмкүн. Бирок мындан бир жактуу тыянак чыгаруу да болбойт. Анткени ал жерде эч ким колго түшкөн эмес, эч кимдин өлүгү да калган эмес. Ошондуктан караңгы түндө ким өткөндүгүн аныктоо үчүн аларды кармоо же өлүгүн көрүү керек эле. Ошондо гана алардын ким экендигин аныктоого мүмкүн болмок.

Бул окуя – Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара маселесинин жакшы коюлбагандыгынан кабар берет. Бул - өкмөт башчы жана президенттин, атайын кызматтардын жетекчилеринин алсыздыгын, өз ишин жакшы билбегендигин көрсөтүп турат. Айрымдар согушчандар өттү деп да жатышат.

Бул окуя кандайдыр бир башка окуяны жашырган аракет да болуусу мүмкүн. Чек аранын башка жеринен куралдуу башка адамдар өтүп кетүүсү ыктымал. Муну атайын кызматтар издеп табат. Бирок муну мындай окуяга жеткирбөө керек эле. Ал үчүн чек ара бекети, чек ара аскерлери, чек ара чалгынчылары жакшы иштеп, Кыргызстандын аймагы анча деле чоң эмес, аны азыркы күчтөр менен кайтарса болот.
Ал үчүн эрте менен саат сегизден кечки саат алтыга дейре иштеп, офицерлери үйүнө кетип калбашы керек. Өлкөдө тышкы саясат менен чек ара маселелерине жасалган жоопкерчиликсиз мамиледен улам ушундай окуялар болууда.

Ошондой эле бул - согушчандардын аракети. Былтыр Жалал- Абад менен Өзгөндө атып өлтүрүлгөн жоочулар үчүн өч алууга кирип келгендигин да жокко чыгарууга болбойт.

-Сиздин көз караш боюнча, өлкөбүздө ислам дининин таасири менен диний кырдаал күчөп бараткандай. Ушундай жагдайдан улам кийинчерээк өлкөнүн коопсуздугу үчүн көйгөйлөр жаралышы мүмкүнбү?

-Адамдарда мамлекеттик түзүлүшкө, эртеңки келечек жашоого ишенер, таянаар идеология болбосо, түрдүү диний агымдарга кошулат. Азыркы учурда өлкөдө саясий идеология болбогондугунан жашы жеткен адамдар христиан динине, ислам динине, же будда динине кирип жатышат. Бул – мамлекеттин саясий идеологиясынын негиздеринин кулап жаткандыгынан кабар берет.

Бул багытта азыркы бийлик, президент өзү саясий идеологияны элге жеткирсе, буга окшогон нерселер болбойт эле. Эгер бир тараптуу диний агым болсо бир жөн. Бирок ар тараптуу диний агымдар бири-бири менен кагылышууга барышы мүмкүн.

-Кепти эми экономика багытына буралы. Сиз жетектеген «Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абад облусундагы уюмунун мүчөлөрү өкмөттүн Камбар- Ата ГЭСтерин күрөөгө коюп, насыя акча алуу ойлоруна кандай көз караштарын билдиришти?

-Өлкөдөгү бардык патриоттордой эле биздин « Ата Мекен» Социалисттик партиясынын облустагы өкүлдөрү өкмөттүн бул кадамын туура эмес деп эсептейт. Анткени, мамлекет башчы Курманбек Бакиев учурунда Камбар- Ата ГЭСтерин өзүбүз, Россиядан алган кредиттердин эсебинен курабыз деген. Бул дагы болсо, мамлекет башчынын айткан сөзүндө турбагандыгынан кабар берет.

-Жакында жогорку кызматтарда иштеген мамлекеттик бир нече кызматчылар менен айрым депутаттар Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул демилгеге кошулууга болобу?

- Жок. Анткени, өлүм жазасын белгилөө – бул 5- 6 мамлекеттик чиновниктин жана 5- 6 депутаттын же президенттин айтуусу менен чечиле турган нерсе эмес. Адам үчүн кымбат болуп турган өмүр тууралу сөз болуп жатканда, ал референдумга чыгарылышы керек. Анткени Конституцияда адам өмүрүн кыюу, же өлүм жазасы жөнүндө сөз айтылган эмес.

Азыркы кол парламент менен өзүнө жакпаган оппозициялык лидерлерди , мыйзамсыз, жок жерден куугунтуктап, эч кандай далилдерсиз кармап олтурган бийлик колуна андай мүмкүнчүлүк тийип калса, буларды көп кармабай атып салса, алардын арты кандай болот? Эгер алар күнөөсүз болсо, аларды кантип артына кайтарып алат?

Мунсуз деле акыркы 2-3 жылдан бери көптөгөн саясий ишмерлер, көптөгөн депутаттар, көптөгөн бизнесмендер ар кайсы жерде, жолдо өлтүрүлүп, атылып кетип атат. Аларды издеген адам жок. Ошондуктан азыркы бийлик мамлекетти башкара албай, көзөмөлдөй албай калды деп ойлоймун. Аны көзөмөлдөп, башкаруу үчүн акыркы болгон мүмкүнчүлүгү – кысым көрсөтүү, диктатордук режимге өтүү саясатына көздөп кетип атат.

Ошондуктан алар элге кысым көрсөтүүнү, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүнү, жолдо, башка жакта өлтүрүп кетүүлөрдү мыйзамдаштыруу максатында кол парламенттен өлүм жазасын колдонуу боюнча мыйзамды өткөрүп алуу үчүн ушундай демилге көтөрүлгөн болуу керек деп ойлойм.

Цивилизациянын акыркы жетишкендиктеринде көптөгөн өлкөлөр өлүм жазасынан баш тартышкан. Биздин атка минерлердин, чиновниктердин өлүм жазасын киргизели деген оюн мен туура көрбөйм.

- Маегиңизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG