Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Кыргызстан Москва үчүн "тил алчаак баладайбы"?


Бүгүн Чолпон-Атада баштала турган ЖККУнун бейрасмий саммити тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна саясий серепчи Орозбек Молдалиев жооп берди.

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бүгүн башталып жаткан бейформал саммитинде Кыргызстандын түштүгүндө уюмдун аскер базасын ачуу маселеси каралат деген маалыматтар бар эле. Бирок бул азырынча такталбай атат. Ошентсе дагы мындай аскер базанын эмне үчүн Кыргызстанга ачуу максат кылынууда деген суроо туулат. Алсак, Ооганстанга жакын жайгашкан Тажикстанга, же акыркы убакта террорчулар баш көтөрө баштаган Өзбекстанда эмес?

- Бул маселе күн тартибинде турбаганы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн убагында, бөтөнчө Орусиянын президенти менен Өзбекстандын президентинин сүйлөшүүсүнүн убагында сиз айткан маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Эки тараптуу, көп тараптуу сүйлөшүлөрдө күн тартибиндеги маселеден башка баланча маселелер каралсын, каралбасын деген болбойт. Бейформал саммитинин өзгөчөлүгү ошондо. Ар кандай маселелер каралып чечим чыкпаганы менен көз караштарды аныктоо, тактоо сөсүз болуп турган нерсе. Сиздин сурооңузга келсек, азыр Кыргызстан Орусия үчүн эң ыңгайлуу мамлекет болуп турат Борбордук Азияга өзүнүн таасирин таратуу боюнча. Быйыл февралда Орусиянын борборуна барып “Манастагы” авиа базаны чыгаруу жөнүндө бекеринен жарыяланган жок. Бул Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси абдан тыгыз байланышта дегенди билдирет. Экинчиден, базанын атын өзгөртүп, аскердик эмес жүктөрдү ташуу боюнча борбор деп түзүлгөнү өз ара акылдашылган, макулдашылган маселе болуп калды.

- Демек Москва үчүн расмий Бишкек тил алчаак баланын ролун аткарып аткан турбайбы?

- Тил алчаак баланын ролун аткарбаска айла жок. Себеби быйыл миллиондогон кредиттерди, гранттарды алды. Миллиард келиши арсар болгону менен ошол маселе дагы туруп атат. Кыргызстанда Орусияга элдин, коомчулуктун мамилеси деле жаман эмес. Ошон үчүн сиз айткан мамлекеттерге караганда Кыргызстан өтө ыңгайлуу мамлекет Орусия үчүн. Ошон үчүн бул жөн эле божомол эмес, бул Орусиянын ойлонуп жасап жаткан стратегиясы, Борбордук Азияга өзүнүн тассирин күчөтүш үчүн Кыргызстанды база кылып алыш керек деген эксперттердин пикирлери бар.

- Батыш саясатчыларынын Москва авторитардык мамлекеттердин башчыларын колдоону азыркы кезде өзүнүн башкы саясатына айлантып алды дегенине кандай карайсыз?

- Бул башынан эле болуп келе жаткан саясат. Себеби “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей Орусия өзү деле демократиялык мамлекеттердин катарына кирбейт. Колдогондон мурун дагы Орусия кандай кылып башкаргандын үлгүсүн көрсөтүп атпайбы. Партиялык түзүлүштө Орусиянын парламентке жасаган партия аркылуу башкаргандын үлгүлөрү Казакстан менен Кыргызстанда кеңири колдонулуп атпайбы. Ошон үчүн колдомок тургай жол көрсөтүлүп атат мурунку эле Совет убагындай болуп. Ошол механизм, ошол саясий технологдор келип эле башка мамлекеттерди жолго салып берип атпайбы.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG