Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Адистер сыналгыдан көрсөтүлгөн түрдүү коркунучтуу тасма, же маанисиз баш аламан мультфильмдер, компьютердик оюндар өспүрүмдөрдүн ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда. Соңку мезгилде балдар арасындагы ашкере салмак, аутизм, көздүн көрүүсүнүн начарлоосу, рак жана диабет ооруларынын, жыныстык жактан эрте жетилүү көп кездешип жатышына бир гана ушул сыналгынын таасири тийип жатканын эл аралык окумуштуулар да иликтеп чыгышкан.

Үч жаштагы Медина апасы Айпери жана атасы Марат менен чогуу коркунучтуу, кан соргучтар жөнүндө тасма көрөт. Ата-энеси болушунча көрсөтпөй, көзүңдү жум дегенине карабай, Медина манжаларынын ортосунан болсо да шыкаалап тасманы көргөнгө аракеттенет.

Медина бала бакчага барат. Кечкисин ушинтип үйдөгүлөр менен чогуу түрдүү берүүлөрдү көрүп калат. Анын апасы Айпери кээде балдары үчүн айрым кино жана көрсөтүүлөрдөн баш тартканга туура келерин айтат. Бирок ошол эле маалда Айпери балдарга арналган жакшы көрсөтүүлөр болбогонуна токтолуп, “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Биз балдардын сыналгы көрүшүнө көзөмөл салабыз. Балдардын аң-сезимин өстүргөн оюнчуктар менен ойнотконго аракет кылабыз. Бирок азыркы жаш балдар улуулардан кем калбай, кино көрөм деп талашат. Андан сырткары коркунучтуу тасмаларга абдан кызыгышат. Мультфильмдердеги каармандарды жаттап алып, ошону көрөм деп ыйлаганда, айла жок коюп беребиз. Балдарга арналган жакшы, кызыктуу көрсөтүүлөр жокко эсе.

Сыналгыга караганда жандуу сүйлөшүү артык


Жакын арада эл аралык адис, окумуштуулар “Биоложист” журналына бир канча убакыттан берки иликтөөлөрдүн топтомун жарыялаган. Анда соңку мезгилде балдардын семирип кетүүсү, аутизм, б.а. акыл-эстин бузулушу, диабет жана башка толгон-токой ооруларга дал ушул телевизордун таасири тийип жаткандыгы айтылган.
Алар өздөрүн ошол тасмадагы каармандардай сезишет. Башы, көзү ооруган балдар көбөйдү.


Кыргызстандагы балдарды өнүктүрүү боюнча “21-кылым” аттуу борбордун жетекчиси, психолог Ольга Демидова да ушул пикирлерди толуктап, азыркы балдардын арасынан агрессивдүү маанайда жүргөндөрү арбын экенин айтат.

Анын айтымында, балдарга ымыркайынан эле бардык нормаларды үйрөтүү зарыл. Анын ичинде ошол эле сыналгы көрүүнүн убактысы жана көрсөтүүлөрдүн нормасы да кирет.

- Балдар үчүн акыл-эсин өстүрө турган мультфильмдер, жаратылыш, жаныбарлар тууралуу кызыктуу, эң негизгиси пайдалуу көрсөтүүлөрдү көрүү ашык болбойт. Булар, тескерисинче, балдар үчүн пайда. Бирок, тилекке каршы, акыркы кездерде агрессияны жараткан мультфильмдер да көбөйдү. Алар балдардын тынчын алып, уйкусу бузулат, гиперактивдүү боло баштайт. Балага бир күндө үч маал, жарым сааттан көргөнгө уруксат деп ойлойм. Ошондо да кандай көрсөтүүлөрдү көрүп жатканын көзөмөлдөө зарыл.

Адистер балдар эле эмес, улуулар да телевизорду эки жарым, үч метр аралыкта көргөнү жакшы дешет. Педиатр Айзат Уметалиева сыналгы көп көргөн балдардын өз алдынча ой жүгүртүүсү начарлай тургандыгын белгилейт. Анын айтымында, акыркы убактарда башы, көзү ооруп кайрылган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө:

- Көп көргөн балдар мага келгенде эле байкалат. Негизинен алардын жини чукул, тынчы жок, өздөрүн бир орунга кое алышпайт. Алар өздөрүн ошол тасмадагы каармандардай сезишет. Башы, көзү ооруган балдар көбөйдү. Көзүнүн ичи кызарып кеткенге чейин көрүшөт, анан доктурга келишет.

Шаар тургундары эмне дешет?

Салика Ибраева: Пайдалуусу болсо эмнеге көрбө деп айталы. Негизгиси өз убактысы менен көрсүн. Жакын отуруп көрбөгүлө, көзүңөр ооруйт деп айтабыз. Андан сырткары туура эмес нерселерди көргөндө кичине балдар жасайбыз деп аракет кылат экен, туурайт экен. Ошондойлорду көрсөтпөш керек.
Азыр ал эмес мультфильмдер уяттуу чыгып атат. Балдар телевизордон көргөн нерсесин кайталап жатпайбы.


Элвира: Телевизорду мүмкүн болушунча азыраак көрүш керек. Балдарга тыюу салбасаң эртеден кечке деле көрүп отура беришсе керек. Ошондуктан башка жумуштарда калып калат да.

Гүлнура: Албетте ден соолукка зыян. Бирок телевизорду бир маал көргөнгө мүмкүн да. Коркунучтуу, уяттуу кинолорду көрсөтпөш керек. Азыр ал эмес мультфильмдер уяттуу чыгып атат. Балдар телевизордон көргөн нерсесин кайталап жатпайбы.

Балдарды жакшы иштерге үндөгөн тасмалар кайда?
ЮНЕСКО
жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, азыркы балдардын 95% жумасына 28 сааттык убактысын “кара жашиктин” алдында өткөрөт экен. Бул деген бир күндө 4-5 саат телевизор көрөт дегендик.

Ошондой эле иликтөөлөр дүйнө жүзүндөгү балдардын 25% сүйлөө жөндөмдүүлүгү начарлаганын аныктаган. Бул көрсөткүч 1970-жылдары 4 гана пайызды түзгөн экен. Ушул маселени иликтөөгө алган окумуштуулар мунун негизги себеби ата-эне же дагы башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн бала менен жандуу сүйлөшүүнүн жоктугунан деген тыянакка келишкен.

Жергиликтүү серепчилер келечек ээлери болгон балдар үчүн мамлекет кам көрүп, кескин иш-чараларды өткөрүүнү да сунуш кылып жатышат. Антпесе келечекте өз оюн ачык билдире албаган, айтканды гана жасаган, б.а. робот сыктуу адамдардын мууну чоңоюшу ыктымалдыгын белгилешүүдө.

"Азаттыктын" архивинен: Баткендеги жайкы эс алуу: көчө, көлмө, өрүк

Баткенде балдардын жайкы эс алуусу өрүк терүү, көлмө же агын сууларга чөмүлүү менен чектелет. MiT, SA.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG