Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Аяктаган 2008- жыл Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай болду, эмнеси менен эсте калды? Бириктире келгенде 50 миллиондой калкы бар аймактын беш өлкөсүнүн ар биринде, жыл ичи жергиликтүү мүнөздөгү ондогон окуялар орун алды. Алардын айрымдары кубантарлык, кай бирлери кайгылуу.

Бирок аяктаган жылдын ортосуна чейин энергия булактары менен азык-түлүккө баанын асмандашы, ал эми жыл ортосунан тарта дүйнөлүк каржы кризинин экинчи толкунун капташы, биз маектешкен аймактык эксперттер белгилешкендей, Борбор Азия өлкөлөрүн да тепчип өткөн негизги жараян болду. Ал эми аймактын Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрү буга кошума энергетикалык кризисти баштан кечиришти.

Казакстан: Экономикалык кризис социалдык чыңалууну күчөттү

Борбор Азиянын эл аралык экономикага, баалуу кагаздар базарына, банк системасына көбүрөөк аралашкан өлкөсү – Казакстан аймактын глобалдык каржы кризинен эң көп жапа чеккен өлкөсү болду. 2008-жыл Казакстан үчүн экономикалык кризистин белгиси астында өттү. Мындай ырастоого алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев да кошулат:

- Экономикалык пландагы көйгөйлөр кыйла актуалдуу жана кыйла татаал болду жана баардык чөйрөлөрдү: экономикадан тартып, социалдыкка чейинкини камтыды. Андыктан бул жылы талаш-тартыштардын, талкуулардын көбү саясат эмес, экономикага арналды. Анын үстүнө сөз жөн эле кризис менен күрөшүү жөнүндө эмес, Казакстандын келечеги тууралуу жүрүп жатат. Анткени бул кризис Казакстандын өнүгүүсүнүн азыркы экономикалык моделине олуттуу сокку урду. Анын жетишпеген жана алсыз жактары арбын экени көрүндү. Кризис муну даана ачыктады.

Казак бийликтери өлкөдө кризис бар экенин, экономика баардык багыттан сокку жеп жатканын жыл ортосунан кийин глобалдык каржы кризисинин экинчи толкуну башталгандан кийин моюнга алгансыды. Өкмөт антикризистик программасын жыл соңуна барып, 25-ноябрда гана бекитти. Ага ылайык кризистин кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн улуттук жана пенсиялык кордон, мамлекеттик бюджеттен 10 миллиард доллар сарпталат. Калк унута түшкөндөй болгон пикет-митинг өңдүү нааразылык чаралар да аяктаган жылы Казакстан үчүн көнүмүшкө айланды. Саясат таануучу Досым Сатпаев жыл ичи өткөн нааразылык чаралардын мүнөзүн мындайча чечмелейт:

- Социалдык-экономикалык абалдын начарлашы социалдык чыңалуунун күчөшүнө алып келгени түшүнүктүү. Бирок бул социалдык чыңалуу азырынча так саясий формага ээ эмес. Албетте уруксат берилбеген митингдер, пикеттер, жүрүштөрдүн саны көбөйдү, бирок алар негизинен конкреттүү көйгөйлөр боюнча бири-бири менен байланышы бар адамдардын тобу тарабынан өткөрүлүп жатат. Ал көйгөйлөр болсо кризистин кесепеттери менен байланышта. Курулушка акчасын салганы менен турак-жайы бүтпөй калган адамдар, ипотекалык кредит алып, төлөөгө кудурети жетпей калгандар, соцалдык жактан аз корголгон адамдар көчөгө чыгып жатты. Бул топтун ар бири өз кызыкчылыгын коргоодо. Азырынча Казакстанда бул чачыранды социалдык кыймылдарды бир муштумга бириктире алгыдай күч жок. Андыктан, Казакстанда саясий система үчүн реалдуу коркунуч бар деп айтыш, азырыча эртелик кылат. Анткен менен кризис кандай болгон күндө да, социалдык чыңалуунун деңгээлин көтөрдү.

Ал эми саясий турмушта аяктаган жылдын экинчи жарымынан тарта өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтөт деген күбүр-шыбырлар жүргөнү менен андай окуя орун алган жок. Казакстан 2010-жылы ЕККУ уюмунда төрагалык кылары мерчемделгендиктен, казак бийликтеринин дарегине жыл бою эл аралык коомчулуктан, жергиликтүү демократиялык күчтөрдөн учурунда берилген убадаларды аткаруу чакырыктары айтылып жатты. Президент Нурсултан Назарбаев июнь айында Астанда ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өткөндө болочок өзгөрүүлөр тууралуу мындай деген эле:

- Биринчиден, парламентти кеминде эки партиядан курууга жол берген укуктук механизмди түзүү. Экинчиден, партиялардын мамлекеттик катттодон өтүшү үчүн жагымдуу шарт түзүү. Үчүнчүдөн, электоралдык жараяндын жол-жобосун өркүндөтүү. Төртүнчүдөн, массалык-маалымат каражаттарынын ишмердигин жөнгө салган ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салуу зарыл.

Айткандай эле аяктаган жыл ичи Казакстандын ЕККУдагы болчок төрагалыгын эске алуу менен айрым бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев бул багытта жасалган иштерди биз менен маегинде төмөнкүчө баалады:

- Казакстандын жетекчилиги азыр саясий реформалардын кандайдыр бир иммитациясын түзүүгө аракеттенип жатат. Биринчиден, парламентте экинчи партиянын пайда болуусуна каршы эмес экендигин билдирүү менен. Бул албетте жомоктой көрүнүшү мүмкүн. Себеби ал партия оппозициячыл деген рамий макам алганы менен президентчил болот. Көрүлгөн башка чаралар деле жарым-жартылай планда. Массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, өкмөттүн пикиринде, журналисттердин ишин жеңилдетет. Журналисттердин көз карашында болсо, эч нерсени деле олуттуу өзгөрпөйт. Саясий партиялар жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр да косметикалык мүнөздө. Алар саясий партиялардын катталуу жараянын жеңилдетпейт. Демек мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр эл аралык коомчулукка гана эсептелгендей жана көбүнесе үстүрт мүнөздө гана болду.

Тажикстан: Элдин эсинде энергетикалык кризис калды, диний кырдаалды көзөмөлдөө аракети күчөдү

Тажикстандык журналист, талдоочу Марат Мамадшаев аяктаган жыл тажикстандыктар үчүн эмнеси менен эсинде калды деген сурообузга:

-Баарынан мурда, албетте, кышкы суук менен байланышкан көгөйлөр, электр кубатынын жоктугу менен эсте калды. Өлкөдө Санксуди, жана башка кичи ГЭСтер ишке берилгенсиди, бирок алар көйгөдү чече албайт. Экинчиси- инфляция, баалардын өскөнү. Маселен КМШнын Статистикалык комитетинин отчету боюнча Тажикстанда инфляция бул жылы эң жогору болду. Андыктан ушул эки нерсе: баалардын дүркүрүп өсүүсү жана энергия булактарынын жетишсиздиги эң көп талкууланган маселе болду.

Аяктаган жыл ичи Тажикстандын саясий турмушунда олуттуу деле бурулуштар болгон жок, бирок журналист Марат Мамадшаевдин пикиринде, өлкөдө жаңы диний агымдын коркунучу жөнүндө көп сөз жүрдү:

- Ачык айтканда, курч саясий билдирүүлөр болгон жок. Атүгүл энергокризистин учурунда да саясий партиялар кыйла пассивдүүлүгүн көргөзүштү. Мен бул жылы жаңы диний агым же секта дейбизби, салахиттердин Тажикстанга коркунучу жөнүндө көп сөз болду деп айтаар элем. Мисалы, буга чейинки Хизб-ут-Тахрир жөнүндө бул жылы угулган да жок. Мурда кезектеги хизбут-тахрирчи камалганы жөнүндө маалымдап турган укук коргоо органдары да бул жылы бизге эч нерсе айтышпады. Салахиттер - бул исламдын жаңы түрү.

Айткандай эле аяктаган жыл ичи Тажикстанда өкмөт тарабынан диний кырдаалды көзөмөлдөө аракеттери күчөтүлдү, ондогон мечит-медреселер жабылды, кыз-келиндердин окуу жайларда хижабчан жүрүүсүнө каршы аракеттер көрүлдү, "Иегованын күбөлөрү" деген христиан диний уюмунун иши сот тарабынан токтотулду.

Ал эми өлкөнүн тышкы саясатында аяктаган жылы орун алган жараяндар тууралуу Марат Мамадшаев төмөнкүдөй байкоолору менен бөлүшөт:

- Тажикстан Орусиядан оолактооодо, анын жаңы өнөктөштөрү пайда болуп жатат. Маселен, Иран араб өлкөлөрү менен байланыштарга көңүл бурууда. Тажик элитасынын Орусиядан көңүлү калды деп айтууга болот. Бул көбүнесе Орусия чечүүчү долбоор катары эсептелген – Рогун ГЭСин бүтүрүүгө убада берип, бул убадасын орундабаганына байланыштуу. Интеллигенция тажик бийликтеринин мындай саясатына түшүнүү менен карап жатат, бирок калктын негизги катмарында орусиячыл маанай күчтүү.

Өзбекстан: Багыт кайрадан Батышка бурулдубу, адам укуктары жаатындагы абал оңолдубу?

Сөз эркиндиги жок Өзбекстанда коомдук көйгөйлөрдү маалымат каражаттары аркылуу ачык талкуулоо мүмкүн эмес. Ташкенттик саясат таануучу Ташпулат Юлдашевдин пикиринде, ачыкка чыкпаганы менен аяктаган жылы баалардын кымбаттоосу өзбекстандыктардын негизги түйшүгү жана алар ич ара эң көп сөз кылган маселе болду:

-Өлкө ичинде көбүнчө экономикалык абал талкууланды. Бийликтер мактанып, улуттук дүң өндүрүш 12,5%га өстү, инфляция 6%ды түздү деп айтып жатышат. Бул чындыкка такыр эле туура келбейт. Башкача айтканда эл менен бийликтин сөзү дал келбейт, инфляция кеминде 100%га жеткенин калктын баары билет. Өзбекстан гүлдөп жатса, эмне үчүн калк нан издеп, сыртка кетип жатат. Расмий бийлтин ырастоосунда, өзбекстандык эмгек мигранттарынын жалпы саны 5,5 миллион. Биздин эсебибизде мындан кыйла көп, анткени бийлик чек арадан мыйзамдуу өткөндөрдү гана эсепке алып жатат.

Ал эми саясий турмушта Өзбекстан аяктаган жылды президент Ислам Каримовдун мамлекет башчысынын кызматына дагы бир жети жылдык мөөнөткө расмий киришүүсүнөн баштаган эле. 2008-жылдын 16-январында, ант берүү аземинде тышкы саясаттын маселелерине кайрылып, Каримов мындай деген:

- Бүгүн эч кимге жашыруун эмес, Өзбекстан менен АКШ, Европа өлкөлөрү ортосунда уланып жаткан өз ара түшүнбөөчүлүктөр боюнча жоромол жасагандар, эгер ачыгын айтсак, ушундай алакалардын сакталышын, андан пайда табууну көздөгөндөр бар экени сезиш, байкаш кыйын эмес. Буга эмне дейбиз. Өзбекстан алыс-жакын коңшуларынын баары, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, Европа менен өз ара пайдалуу, өз ара урмат-сыйга негизделген карым-катнашты улантууну жактайт жана бул жолдон биз эч убакта кайтпайбыз. Эмне дейсиздер...

Президент Ислам Каримов жыл башындагы бул сөзүндө эскерген АКШ жана Еврошаркет менен аяктаган жыл ичи расмий Ташкенттин алакасы бир аз жылым тарткандай болду. Тараптардын мамилеси 2005-жылдын май айында Анжияндагы орун алган кан төгүүдөн кийин, АКШ менен Еврошаркет бул үчүн өзбек бийликтерин айыптап, окуя боюнча көз карандысыз иликтөөнү жүргүзүүнү талап кылгандан соң бузулган эле. Ал эми аяктаган жыл ичи Еврошаркет ошол Андижан окуяларынан кийин киргизилген санкциялардын айрымдарын жойду. Муну утурлай Өзбекстан да абактан адам укугун коргоочулардын тобун, анын ичинде Анжиян окуясынан кийин камалган таанымал укук коргоочу Мутабар Тожибаеваны бошотту.

Еврошакетте аяктаган жылдын экинчи жарымында төрагалык кылган Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер 2008-жылдын 13-октябрында Европанын тышкы саясий мекеме жетекчилеринин Өзбекстандын жогорку даражалуу сегиз расмий өкүлүнүн шаркетке каттоосуна салынган тыюуну жойгон жыйынынан кийин буларды айткан эле:

- Биз акыркы айларда орун алган оң өнүгүүлөрдү белгиледик. Биз ошолор үчүн дем бергибиз келет. Андыктан биз курал эмбаргосун алып салбастан, жеке санкцияларды гана жойдук. Бирок али көп нерсе жасалуусу керек.

Кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиев Өзбестандын тышкы саясатындагы бул жылкы бурулушту мындайча чечмелейт:

- Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгына карап, тышкы саясатынын багытын акырындык менен өзгөртө берет. Улуттун кызыкчылыгына жараша приоритеттерин өзгөртүп, карап турат. Орусияга Ислам Каримов үмүт арткан нерселер аткарылган жок. "Газпром" Өзбекстанга берген убадаларын аткарган жок, инвестиция келген жок. Европа мамилесин жумшартып, изоляция режимин жеңилдете баштагандан кийин анан Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча стратегиясына Өзбектан да кирип, ал жерде реалдуу каражаттар каралып жаткандан кийин Өзбекстанга да тышкы саясатын өзгөрткөнгө туура келди. Болбосо (Еврошаркет) баштагыдай катуу бойдон калганда, Өзбекстан Орусиянын алкагында туруп турмак.

Ал эми ташкенттик саясат тануучу Ташпулат Юлдашев биз менен маегинде белгилегендей, ал аяктаган жылы Өзбекстан менен Батыштын мамилеси оңолду деген ырастоолорго кошула албайт:

-Мен минтип айтпас элем. Бир да өкмөт, анын ичинде Еврошаркет да өзбек өкмөтүнө ишенбейт. Ооба Еврошаркет өз стратегиясына ылайык, кандайдыр бир көпүрө түзүп, байланыштарды кармоого аракеттенүүдө. Бирок бул Өзбекстан толугу менен багытын Батышка буруп, Батыш бул чакырыкты кабыл алды дегенди туюндурбайт. Батыш этияттык менен аракеттенүүдө. Анткени Батыштын негизги талаптарын Өзбекстан аткарган жок. Батыш өлкөлөрү Өзбекстан аны аткарбосун да жакшы билет. Ал талаптар Өзбекстанда демократиялык жараяндарды өнүктүрүү, адам укуктарын камсыз кылуу, анан албетте сөз эркиндиги, журналистерди, адам укугун коргоочуларды куугунтуктону токтотуу ж.б. талаптар. Алардын эң башкысы Анжиян окуясына эл аралык иликтөө жүргүзүү. Бул шарттар Өзбекстан тараптан аткарылган жок.

Анжиян окуясы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү демекчи, бул маселе андан бери үч жарым жыл өтсө да 2008-жылдын да күн тартибинен кеткен жок.

Башкача айтканда, жыл соңунда же 11-декабрда Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жалпы Жалпы мезгилдүү байкоо деген сессиясынын алкагында каралды. Жалпы мезгилдүү байкоо БУУнун адам укуктары кеңешинин жаңы механизми. Ушуну менен үчүнчү гана сессиясын өткөргөн. Өзбекстандык укук коргоочу, Францияда катталган уюм- Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаеванын пикиринде, Женевадагы жыйындын соңунан кабыл алынган жыйынтыктоочу документтин өзбек бийликтерине берилген бир катар сунуштарынын арасында 2005-жылкы Анжиян окуясы боюнча көз карандысыз иликтөө сунушу да болду жана бул өтө маанилүү:

-Укук коргоочу катары жеке мен үчүн Өзбекстандагы адам укуктарынын сакталышына баа берген өлкөлөр бул маселеге артыкчылык жасаганы жана аны талкуудан кийинки сунуштарга алып чыкканы өтө маанилүү. Өзбек бийликтерине БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Анжиянда 2005-жылдын майында орун алган окуялар боюнча эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү сунушун аткаруу сунуш кылынды. Мындай сунушту аткаруу эч убакта кеч эмес. Биз бул трагедияны, анын себептери менен натыйжасын иликтенмейинче, ушундай тргедия, балким андан да коркунучтуусу кайталануусу мүмкүн экенин түшүнүүбүз зарыл.

Бирок өзбек бийликтери жогорудагыдай чакырыктарды келечекте да орундачыдай эмес. Өлкөнүн Башкы прокуророунун орун басары Алишер Шарафидинов декабрда Женевадагы жыйында буларды айткан эле:

-Өкмөт проблема тынч, сүйлөшүү жолу менен чечилүүсү үчүн мүмкүн болгондун баарын колдонгон. Тартип коргоо органдары тарабынан күч колдонушуна террорчулар шыкакчы болгон, куралдуу террорчуларды зордук-зомбулукчул аракетине жооп чара катары жасалган. Күч өтө эле ашыкча колдонулган деген ырастоолордун негизи жок. Бул тергөөдө жана кылмыш иши сотто каралганда ырасталган. Анжиян окуясы боюнча эл аралык көз карандысыз делген иликтөө кабыл алынгыс экендиги боюнча Өзбекстандын принципалдуу туруму бекем жана өзгөрүүсүз бойдон калууда. Анын үстүнө эл аралык укуктук нормалардын биринде да эл аралык иликтөө жүргүзүү милдеттемеси жок.

2008-жылдан тарта Өзбекстанда өлүм жазасы жоюлду жана адамды камоого санкция берүү укугу прокуратурадан сотко өттү. Расмий Ташкент мындан эки жыл ашуун мурда кабыл алган чечим 2008-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Ошентип Өзбекстан аяктаган жылы Борбор Азиянын өлүм жазасынан расмий түрдө баш тарткан акыркы өлкөсү болуп калды. Бул жылы Өзбекстанда адам укуктары жаатында жылыштар болдубу, абактан укук коргоочулардын чыгарылышы ушундай тыянак жасоого мүмүкүндүк береби? Биз бул суроону кайра эле укук коргоочу Надежда Атаевага жолдодук:

-Эгер чынында, кырдаалга акыл-эстүүлүк менен карасак, биз Өзбекстандын өкмөтү үчүн саясий качкындар, саясий айыпкерлер алар өлкөгө инвестиция алып келүүгө, өлкө үчүн жагымдуу имидж түзүүдө алмаштырууга аракеттенген товар экенин байкайбыз. Андыктан мен бүгүн өлкөнүн ичинде биздин кесиптештер, сыртта биз жүргүзүп жаткан иш калктын абалына оң таасирин тийгизип жатат деп айта албайм. Иш жүзүндө адам укуктарын массалык түрдө бузуу сакталууда, кээ бир учурларда курчуп да жатат. Менимче, өлкөнүн ичинде сөз эркиндиги жок кезде, укук коргоочулар коомдук көзөмөлдү ачык жүргүзө албаган кезде, бирок бул тууралуу альтернативалуу маалымат кызматтарда ачык айткандардын баарына кысым көргөзүлүп жаткан кезде, кырдаалга оң баа берүү азырынча эртелик кылат.

Аяктаган жыл ичи Өзбекстан Батыш менен мамилесин оңдоо мүдөөсүндө айрым укук коргоочуларды, активисттерди абактан чыгарганы менен кайра бир нечесин түрмөгө салды. Алардын белгилүүлөрү: журналист Салижон Абдурахманов он жылга түрмөгө кесилди, ушундай эле жаза мөөнөтүн Каракалпакстандан укук коргоочу Азам Тургунов да алды.

Түркмөнстан: тышкы саясатта өзгөрүү, ички саясат менен адам укуктарында жылыш аз

Бул өлкөнүн негизги саясий окуясы жыл соңуна туура келди. 14-декабрда өлкөдө парламенттик шайлоо өттү, анын алдында сентябрда өлкө жаңы Конституциясын кабыл алган. Муну менен Түркмөнстан дүйнөгө мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязовдун мурастарынан арылып жаткандай түр көрсөттү. Жаңы Конституцяга ылайык өлкөдө Ниязовдун доорундагыдай "Халк маслахаты" өңдүү орган болбойт. Мамлекеттик атрибуттар да акырындык менен Ниязовдун эн тамгаларынан арылууда. Мамлекеттик гимнден аны эскерген сөздөр алынып салынды, өлкөдө салттуу календар калыбына келтирилди. "Азаттыкттын" Борбор Азия боюнча аналитиги Брюс Панниер аяктаган жыл ичи Түркмөнстанда орун алган жараяндарды төмөнкүчө баалайт:

-Биринчи бөлүк - Түркмөнстандын тышкы саясатына келгенде, биз түркмөн өкмөтү Ниязовдун тышкы саясатынын элементтерин өзгөртүү, алардан арылуу боюнча колгондон келгенин жасады деп айта алабыз. Түркмөнстан азыр дүйнө үчүн жете аларлык, алар менен иштешүүгө болот. Ал эми ички өзгөрүүлөргө, ички саясатка келгенде, алар Конституциясын өзгөртүштү, бирок шайлоо мурдагылардан кыйла айрымаланды деп айтуу мүмкүн эмес. Андыктан менен тышкы саясатта көп реформа болду, бирок ички саясатта анчалык өзгөрүү орун алган жок деп айтаар элем.

Тышкы саясат демекчи 2008-жылы расмий Ашхабад Каспий боюнча коңшусу – Азербайжан менен мамилесин оңдоду. Президент Гурбангулу Бердымухаммедовдун май айында Азербайжанга жасаган сапары тырыхый визит катары бааланды. Бул түркмөн мамлекет башчысынын Азербайжанга 12 жылдан соң биринчи ирээт барышы болду. Мунун алдында март айында Ашхабадга азери элчиси кайтып келди. Жыл ичи АКШ-Түркмөнстан алакалары да жакшыргансыды. АКШ президентти Жорж Буш түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен апрель айынын башында НАТОнун Бухаресттеги саммитинде жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Мамлекетик катчынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер май айынын соңунда Ашхабадда болгон учурунда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркөн кызматына берген интервьюсунда, эки өлкөнүн алакалары жакшырганын айткан:

-Менимче, алакалар жакшырды. Менимче, биз бул жерде түркмөн өкмөтү, Түркмөнстандын калкы менен иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн таптык, экономикалык долбоорлордо, билим алууну кеңейтүүдө, адамдарга адам укуктарын өнүктүрүүдө, коомго толук кандуу катышуусуна жардам көргөзүүдө.

Ошондой эле жыл ичи Бердымухаммедов Батыш өлкөлөрүнө да иш сапары менен барып келди. Еврошаркет менен маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде адам укуктары да талкууланган сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ал эми аяктаган жыл ичи Түркмөнстандын адам укуктары жаатындагы бедели кантти? Жыл соңуна карата же декабрь айында Борбор Азиядан Өзбекстан менен катар Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы да Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жалпы Жалпы мезгилдүү байкоо деген сессиясынын алкагында каралды. Жалпы мезгилдүү байкоо БУУнун адам укуктары кеңешинин жаңы механизми. "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Фарид Тохбатулиндин айтымында, ал жердеги угуулардын соңунда айтылган 19 сунуштун 13үн түркмөн бийликтери карап көрүүгө макул болду:

-Түркмөнстандын делегациясы өлкөдө адам укуктары боюнча көйгөйлөр бар экенин моюнга алууга жана 13 маселени иликтөө үчүн эске алууга аргасыз болушту. Бул бийликтер өлкөдө адам укуктары боюнча көйгөйлөр такыр эле жок деп билдиришкени менен өлкөдө андай көйгөйлөр бар жана олутуу экенин айтып турат. Бул - эл аралык коомчулукта берилген баанын бири. Экиничиси – Чек арасыз кабарчылар уюмунун баасы. Алар аяктаган жылы Түркмөнстанды сөз эркиндиги жагынан дүйнөлүк рейтингде кайра эле акырынан үчүнчү орунга жайгаштырышты. Бул сөз эркиндиги такыр эле жок дегенди билдирет. Мындан сырткары Эл аралык мунапыс, Хьюман Райтс Уочт уюмунун, түркмөн бийликтеринин көз карашында, өтө негативдүү отчеттору болду. Аларда Түркмөнстанда адам укуктарын бузуу баардык багытта уланып жатканы, оң өзгөрүштөр иш жүзүндө жок экени ачык айтылган. Эл аралык бул абройлуу уюмдардын отчетторуна макул болбой коюу кыйын.

БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде жыл соңунда өткөн талкуудан кийин Түркмөнстанга берилген сунуштардын арасында эркин маалымат каражаттарынын жаралышы үчүн зарыл чараларды көрүү, журналисттерди куугунтуктоону токтотуу, адам укугун коргоочулардын, оппозициячыл партиялардын эркин иштөөсүнө, абак жайларына Эл аралык Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү кирүүсүнө уруксат берүү өңдүү маселелер бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG