Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Оңунан терс сабагы көп ыңкылап


2005-жылдын 24-мартында эл үй бүлөлүк бийликтен арылууну көздөп чыккан эле.

2005-жылдын 24-мартында эл үй бүлөлүк бийликтен арылууну көздөп чыккан эле.

Коомчулук жыйынтыгы менен сабактарын баалоого келгенде экиге бөлүнүп калган 24-марттын беш жылдыгында аймактык эксперттер ал окуядан кийинки жараяндар негизги суроолорго жооп бере албаганын, Кыргызстан андан бери коңшуларына жакшы үлгү көрсөтпөстөн, жаман үйүттү үйрөнгөнүн, эркиндиктин желаргысы Борбор Азияга да тарайт деген үмүттөр таш капканын белгилешүүдө.

Кыргызстанда бийликтин элдик толкундоо аркылуу алмашуусу беш жыл мурун Борбор Азия өлкөлөрүнүн демократиялык чөйрөлөрүн шыктандандырса, аймактын бийликтери аны терс кабыл алышканы белгилүү. Мунун себеби абдан жөнөкөй эле. Борбор Азия өлкөлөрүнүн мекенинде куугунтукка алынып келинген же четке кетүүгө аргасыз болуп келген демократиялык жана оппозициялык күчтөрү аймакта он беш жылга жакын убакыттан кийин президенттин биринчи ирет алмашуусу тигил же бул деңгээлде калган өлкөлөргө да таасир тийгизет деп эсептешсе, аймактын 2005-жылга чейин бир эмес, бир нече саясий кризистен өткөн авторитардык лидерлери кыргыз президенти Аскар Акаевдин кейин кийип калуудан коркушпаса да, бери дегенде Кыргызстандагы жараяндар аларды кубандырган эмес.

Эстеп көрсөк, казак президенти Нурсултан Назарбаев 2005-жылдын 31-март күнү Кыргызстандагы окуяга төмөнкүдөй баа берген эле:

-Болуп өткөн нерсени ыңкылап деп атоого жарабайт. Азыркы жетекчилердин өзүлөрүнүн сөзүнө караганда, бул бандитизм жана талап-тоноочулук.

Нурсултан Назарбаев андагы сөздөрүндө ошондой эле “козголоңчуларга” ойлогонун жасоого Кыргызстандагы бийликтин алсыздыгы да түрткү бергенин кошумчалап, коңшу өлкөнүн мисалы Казакстандын карманган багыты туура экенин далилдегенине, ага катар Астана мындан ары Кыргызстан эли шайлаган бийлик менен иштеше берерине да токтолгон. Ошол эле учурда казак демократтары кыргыз ыңкылапчыларына куттуктоо жибергени да маалым.

Эми беш жылдан кийин 24-мартты ыңкылап эмес “төңкөрүш” деп мүнөздөгөн сөздөр ага катышып, колдогондор арасынан да айтылып жаткан шартта ошол окуядан Кыргызстандын өзү жана аймак үчүн кандай оң жана терс сабактар болду?

Өзү бар, бирок жообу жок “ыңкылап”

Борбор Азияга адистешкен орусиялык журналист жана саясат тануучу Санабар Шерматова 24-марттын оң сабактары катары төмөнкү жагдайды атайт:

- Мен оң сабакты кыргыз оппозициясы эле эмес, кыргыз коому да биринчи адамды алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөсүн, анын ордуна системаны өзгөртүү, коомду, саясий системаны модернизациялоо, мамлекеттик институттарды курууну аягына чыгаруу зарылдыгын түшүнө баштаганынан көрүп турам. Менимче, коомдо мына ушундай көз караш калыптанып калды, бирок муну кантип жасоо, кантип ишке ашыруу керек? Бул суроонун үстүнөн азырынча эч ким ойлоно электей.

Санабар Шерматованын көз карашында, жаңылануу үчүн деген жүйөө менен бийлик жана оппозиция тараптан 2005-жылдан кийин эле мурда бир нече ирээт жамаачыланган Конституцияны өзгөртүү аракети кайта-кайта жасалды. Бирок бул деле жаңылыш түшүнүктөн улам көрүлгөн аракет болду жана андан жалпы коом уткан жок:

- Билесизби, ат менен арабаны алмаштырып, арабаны аттын алдына коюп салышты. Коомдо мамлекетти кайсыл жол менен модернизациялоо, демократиялаштыруу боюнча консенсус издегендин ордуна Конституция үчүн күрөшүштү. Эмне үчүн? Бул да символикалуу. Анткени Конститутция номенкулатуралык жана оппозициялык топтордун бийлик, ресурс үчүн күрөшкөн майданга айланды. Ресурс болсо Кыргызстанда аз эле.

24-марттын терс өңүтү катары журналист жана саясат таануучу Шерматова төмөнкү жагдайды белгилейт:

-Терс өңүтү – кыргыз ыңкылабы суроолорго жооп бере албаганында. Ошондогу (2005-жылкы) кризис уланып жатат. Кыргызстан саясий кризистин экинчи айлампасына кирди. Анда да кайра эле мурдагы ураандар айтылып жатат. Бакиев кетиши, үй бүлөлүк башкаруунун ордуна демократиялык башкаруу келиши керек деген ураандар азыр да чыгууда. Бул - маселенин көрүнгөн жагы. Бирок мунун артында эмне жатат, эмне үчүн ушундай болууда, эмне үчүн Кыргызстан бул айлампадан чыга албай, бир орунду эле тебелөөдө? Менимче, эң башкы суроо ушул.

Ал эми 2005-жылдын 24-мартынан берки талаштуу суроо – ал окуялар ыңкылапбы же төңкөрүшпү деген маселеге келгенде, Санабар Шерматова “төңкөрүш” дегендердин катарына кошулат:

-Мен иш жүзүндө Кыргызстанда сарай төңкөрүшү эле болгон деп эсептейм. Акаевдин ошол кезде ким өйдөгө чыгарын кылдат байкап турган кызматташтары бурулуш учурда оппозиция тарапка өтүп кетишкен. Албетте мындай рецеп менен мисалы Түркмөнстанда, Өзбекстанда аракеттенүүгө болбойт. Мындай “ыңкылапчыл” учкундардын тутанышы Кыргызстандын мисалы көргөзгөндөй, кезектеги гана кризиске алып келет. Кокус, ушундай кырдаалга калкы көбүрөөк башка өлкө кабылса, ал жерде талап-тоноочулук жана дестабилизация кыйла масштабдуу болмок.

Жакшы үлгүнүн ордуна жаман үйүт

Казакстандык саясат тануучу Досым Сатпаев, Кыргызстандын акыркы беш жылдагы багытын аныктаган 24-мартта жана аны коштогон окуяларда ойдо жоктон эле пайда болгон факторлордун да салымы бар деп эсептейт. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү үчүн көңүл буруучу сабагы катары, элдик толкундоонун аркасында алмашкан президенттин аймак үчүн үлгү көрсөтпөй эле ага чейин калыптанган жаман үйүттү жакшылап үйрөнгөнүн атайт:

- Тилекке каршы Борбор Азия өлкөлөрүндө саясий режимдер бири- бирин кайталайт. Бакиев бийликке келгенден кийин биринчи жылы демократтын ролун ойноого аракеттенди. Бирок аны менен катар маселен Казакстанда же Орусияда ишке ашырылган тажрыйбаны кылдат байкоо салып келди жана бекем президенттик вертикалды түзүү боюнча бул тажрыйбаны жигердүүлүк менен үйрөнө баштады. Бул ал өзүнүн Казакстандагы “Нур Отан” же Орусиядагы “Бирдиктүү Орусия” сыяктууу президентчил партиясын түзгөндө, өзүнө лоялдуу парламент кура баштаганда көрүндү. Бакиев аз эмес нерсени Акаевден да үйрөндү, атүгүл белгилүү бир чечүүчү кызматтарды өз туугандарына берүү аркылуу андан ашып да кетти. Бакиевдин үй-бүлөсү Акаевдикинен чоң, бир туугандары көп экенин эске алганда, кыргыздарды түйшөлтүп жатканы түшүнүктүү. Алар өлкөнүн экономикасы биротоло жана артка кайткыс болуп азыркы президенттин туугандары арасында бөлүнүп кетет деп тынчызданышат. Бул көрүнүш да Борбор Азиянын мындай жараян мурда эле башталган башка өлкөлөрүн эске салат.

Экономика демекчи, орусиялык журналист жана саясат таануучу Санабар Шерматованын көз карашында, Кыргызстанда менчиктештирүүнүн экинчи бирок ири толкуну да экинчи президенттин үлүшүнө туура келди. Мына ошол учурда оппозициянын жана элдин үн катып чыгышы, Кыргызстанды эски совет аймагынын башка өлкөлөрүнөн айрымалап турат:

- Постсоветтик элиталардын көбү СССРдин мурасын коомчулук таптакыр унчукпай турган шартта бөлүп алышты. Коомчулук СССРден калган ири мурасты-мүлктү бөлүштүрүүгө такыр эле катышкан жок. Кыргызстанда менчиктештирүүнүн башкы бөлүгүнө киришкенде, андай бөлүштүрүүгө каршы коом, күчтөр, оппозиция бар экени аныкталды. Ушул учурду мен уникалдуу деп эсептээр элем жана ал Кыргызстанды постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнөн бөлүп турат.

Казакстандык саясат тануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, Борбор Азиянын эки өлкөсү эки башка жол аркылуу жана жыйынтыгы эл күткөндөй чыкпаганы менен бийлик алмашуунун кандайдыр бир тажрыйбасына ээ болду. Бирок Кыргызстандын тажрыйбасы, аймактын башка чоңураак өлкөлөрү үчүн ылайыксыз:

- Казакстан менен Өзбекстанда каржы, өнөр жай гана эмес, аймактык топтор да көбүрөөктүгүн жана ал топтор акча ресурстары жагынан кубаттуу экенин эске алганда, Кыргызстандын тажрыйбасы Казакстан үчүн кызыктуу эмес. Кудай сактасын, кокус Казакстанда да, Кыргызстанда беш жыл мурдагыдай сценарий кайталанып, козголоң чыгып, ал бийлик алмашуусуна чейин жетсе, кесепети Кыргызстандыкынан да кыйла терс болот. Анткени эч ким бийликти чыга калган эле бирөөгө бере койбойт. Оппозиция лидерлеринин бирине берүүгө макул болушары андан да күмөндүү. Андыктан, менимче, бийликти өткөрүү жагынан Кыргызстандын тажрыйбасы коңшу өлкөлөр үчүн колдонууга ылайыксыз.

Борбор Азияга тарай албаган толкун

Ал эми өзбекстандык укук коргоочу, “Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясы” деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева 24-март окуяларын ыңкылап дегендердин катарында. Ал ошол окуянын кесепеттерин жана бийликке туура же туура эмес адам келдиби деген маселени эске албаганда, кыргызстандыктар аймакта алгачкылардан болуп эркиндиктин генин жана толкунун көргөзө алган деп эсептейт:

- Менимче жоогазын ыңкылабы эл көтөрүлүп, өз эркин билдирүүсүнө алардын эркин духу импульс бергенин көргөздү. Бул өлкөнүн жарандарынын тандоосу туура же туура эмес болдубу деген башка маселе. Кыргызстандыктар эркин адамдар экенин аймакта биринчилердин болуп сезишти. Муну коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын элестетүүсү кыйын. Андыктан беш жыл мурунку жоогазын ыңкылабы бүткүл Борбор Азия аймагы үчүн олуттуу окуя болгон. Мен бул окуяга чоң урмат менен мамиле кылам. Мен азыр анын кесепеттери жөнүндө эмес, эркиндиктин бул өлкөнүн жарандары сезген толкуну жөнүндө айтып жатам. Бул абдан маанилүү.

Надежда Атаева белгилегендей, эркиндиктин 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандан чыккан толкуну аймактын башка өлкөлөрүнө да жайылат деген ой болгону чын. Бирок ал тилекке каршы иллюзия болуп чыкты жана ошондогу үмүт коңшу өлкөлөрдөн уруп турган авторитардык шамалдын чаңында калды. Бул дагы - кыргыз ыңкылабынын бир сабагы:

- Беш жыл мурун жоогазын ыңкылабы болгондо, биз эркиндиктин толкуну бүткүл Борбор Азияга жайылат деп үмүттөнгөнбүз. Тилекке каршы, коңшу өлкөлөрдүн саясий климаты ал толкунду муунтуп салды. Ыңкылаптын башкы сабактарынын бири учурунда биз демократиянын аралчасы деп сыймыктанган, бизге үмүт тартуулаган Кыргызстан коңшу өлкөлөрдө репрессиянын толкуну күчөй берген шартта, алардын жолоюн жолдоп калгандыгында болду. Эми биз Кыргызстандагыдай учур Түркмөнстанда, Казакстанда орун алат деп үмүттөнө албайбыз. Кыргызстан жөн гана коңшу өлкөлөрдүн саясий климатын туураган шартта калганын түшүнөбүз.

Көпчүлүк жана бир ууч топ үчүн эки башка жыйынтык

Тажикстандык журналист Марат Мамадшаев, 2005-жылдын 24-мартында үй-бүлөлүк башкарууну уратуу боюнча ураан-чакырыктардын көтөрүлгөнү туура эле болгон деп эсептейт. Бирок ошол окуянын кыргызстандыктардын көпчүлүгү жана бир ууч топ үчүн жыйынтыгы эки башка чыкты:

- Бул окуя өлкө мурдагы президентсиз деле жашай аларын көргөздү. Менимче ушул нерсе - 2005-жылы башталган жараяндын негизги жетишкендиги. Анткени бизде, аймакта көптөр стабилдүүлүктү, өнүгүүнү жана башканы ушул президент гана камсыздай алат деп айтып жүрүшөт эмеспи. Биз көрүп жаткандай, тилекке каршы, Кыргызстанда демократиялык институттарды демонтаждоо жараяны уланып жатат. Ушул жагынан алганда тырмакча ичиндеги ыңкылап, өзүн актаган жок. Ал эми негизги көйгөй - ошол окуялардын жыйынтыгын жалпы эл эмес, адамдардын бир уучу тобу эле пайдаланып кеткендигинде.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG