Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

15-октябрда Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалына арналган эки күндүк жыйыны башталды.

11-ирет өтүп жаткан чоң жыйында журналисттердин билимин өркүндөтүү, жаңы технологиялар маселеси чөлкөм журналисттеринин катышуусунда талкууга алынууда.

Жыйынды ачып жатып Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун жетекчиси Эндрю Тесорьер (Andrew Tesoriere) журналистика мурунку салттуу формалардан чыгып, стандарттары кыйла жакшырып баратканын белгиледи. Анын айтуусунда, ушу тапта Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги борбору 4 багытта иш алып барууда. Элчи борбордун негизги иши катары Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакталышына көмөк көрсөтүү милдетин белгиледи, соңку кездери кооптонтчу жагдайлар арбып бара жатканына токтолду.

- Чөлкөмдө кийинки кездери кооптуу жагдайлар үзгүлтүксүз кайталанып жатышына кабатырланган кеп-сөздөр көп айтылууда. Иштеп жаткан журналисттерге кысым көрсөтүү, уруп-сабоолор, атып салган учурлары кездешүүдө.

Эндрю Тесорьер Кыргызстандагы телекөрсөтүү жана радиоуктуруулар жөнүндөгү мыйзам боюнча бүтүмүн берип, ал кайрадан каралышы керектигин билдирди. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун сөз эркиндигине байланышкан маселелер боюнча өкүлү Миклош Харасти (Miclos Haraszti) кийинки жылдары Кыргызстанда пикирлердин ар түрдүүлүк мейкини тарыгандан тарып бара жатканын белгилеп, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму жагдайга кылдат баам таштай тургандыгын билдирди.

- Бизди Алмаз Ташиевдин өлүмү боюнча кыргыз милициясынын бул кылмыш иштин тезирээк ачылышына аракет кылышы ыраазы кылды. Биз бул жерде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орунбасары менен сүйлөштүк. Ал А.Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишти иликтөө кылдаттык жана тездик менен жүргүзүлөт деп ишендирди. Биз ага ишендик, бирок да А.Ташиевдин өлүмү журналистке карата зордук-зомбулук гана эмес, өлкөдөгү ММКны көзөмөлдөөнүн белгиси. Бул жөн эле адам өмүрүн кыйган иш эмес, демократияга каршы аракетти билдирет.

Маданият жана маалымат министрлигинин маалымат саясаты департаментинин жетекчиси Мелис Айдаркулов журналисттердин коопсуздугун камсыз кылган мыйзам Борбор Азияда жалгыз Кыргызстанда гана кабыл алынганын айтып, анткен менен бул жаатта деле биртоп маселелер бар экенин ырастады.

- Журналисттерге кол салган, журналисттерди сабап кеткен окуялар бар. Анан чектен чыккан окуялар бирин-серин болсо да бар. Эми бул маселелердин тегерегинде бардыгыбыз чогуу-чаран иштешибиз керек.

Көз карандысыз журналист Александр Кулинский кесиптик ишмердикке байланышкан коопсуздук маселелери студенттерге окутулбастыгын, ошол себептен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кысталыш кырдаалда кандай аракет кылышты билишпестигин айтты.

- Журналист өзүн-өзү коргой билиши керек. Кысталыш кырдаалда эмне кылышты билиши зарыл. Анан да укуктук жоопкерчиликке түшүп калбоону ойлоно жүрүшү абзел. Журналист деле мыйзам боюнча, кылмыш-жаза, административдик кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушуларды билиши керек. Тилекке каршы, жогорку окуу жайларында журналисттерге муну окутушпайт. Биздеги айрым университеттерде “Эларалык укук жана журналистика” деген сабак бар. Бирок “Кыргыз мыйзамдары жана журналистика” деген сабак жок. Муну үйрөтүшпөйт.

Эки күндүк чоң жыйында эларалык уюмдардын өкүлдөрү менен Борбор Азия республикаларынын журналисттери кесиптик маселелерине байланышкан орчун проблемалардын тегерегинде пикир алышмакчы. Европа коопсуздук жана кызматташу уюмунун чөлкөмдүк жыйынына бул ирет Түркмөнстандын маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
XS
SM
MD
LG